Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Азербайжандагы элди толкуткан кризис


Азербайжандагы толкундоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:11 0:00

Азербайжандагы нааразылык

Азербайжандын бир катар аймактарында жергиликтүү тургундар бийликке каршы нааразылык акциясына чыгышты.

Буга калктын аялуу катмарынын кризиске байланыштуу каржалып кетиши, жумушсуздуктун кескин көбөйүшү менен катар эле базар баасынын чукул көтөрүлүшү себеп болгон. Расмий Баку нааразылыкты басуу үчүн жер-жерлерге аскер күчтөрүн жөнөтүп, чогулгандарды кууп таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана ок атуучу куралдарды колдонгону маалымдалууда. Нааразылык акцияларына катышкандарды башаламандык уюштурду деген кине менен массалык түрдө камакка алуулар башталганы дагы жарыяланды.

Жумушсуздук менен кымбатчылыкка чыдабаган эл

Шаршемби күнү 13-январда Азербайжандын Физули, Аксу, Агджабеди, Сиязан жана Ленкоран аймактарында жергиликтүү калк нааразылык акциясына чыгып, нан баштаган күнүмдүккө керектүү товарлардын баасы кескин өсүп кеткенине нааразылык билдиришкен. Буга кошумча акциянын катышуучулары Азербайжандын улуттук валютасы манат кунун жоготуп, карапайым элдин турмушу кескин начарлаганы да көчөгө чыгууга түркү болгонун белгилешти.

Сиязан аймагында административдик борборго бараткан демонстранттардын жолун полиция күчтөрү бөгөдү. Азербайжандын күч түзүмдөрү бул мыйзамсыз нааразылык акциясына чыккандардын арасынан учурда элүү беш адам аянттан кармалганы тууралуу билдирүү таратты. Бирок Сиязандын тургуну Зейнаб Агасиева анын уулу Рашадды полиция үйдөн кармап кеткенин мындайча белгиледи:

- Менин уулум бүгүн эч кайда чыккан эмес. Ал аянттагы нааразылык акциясы жүрүп жаткан тарапка басып да барган эмес. Кечке жуук полиция кызматкерлери үйгө кирип келип эле баламды отурган жеринен кармап, аны экстремист деп атап, митинг уюштурдуң деген айып коюп, үйдү тинтип бир нерселерди издешти. Эч нерсе таппаган соң биздин суранганыбызга карабай, уулубузду үйдөн алып чыгып кетишти. Азыркыга чейин жолуга албай жатабыз. Ага эмне айып коюп жатканын дагы билбейбиз.

Физулин районундагы нааразылык акциясы

Полиция оппозициялык партияларды айыптады

Азербайжандын Ички иштер министрлиги каршылык акциясын “Азербайжандын элдик фронту” жана “Мусават” оппозициялык партиялары радикалдык-экстремисттик топтор менен биргеликте уюштурган” деп билдирүү таратты. Полиция кызматы Ленкоран аймагындагы нааразылык акциясына чыккандардын дагы бир нечесин кармаганы белгилүү болду. Кармалгандардын арасында “Элдик фронт” партиясынын жергиликтүү жетекчиси Назим Хасанлы жана “Мусават” партиясынын башкы өкүлү Иман Алиев бар. Аларга “мыйзамсыз митинг уюштурган” деген айып тагылып, бир айга камакка алынышты. Мындан сырткары башка демонстранттарга карата акчалай айып пул салынган.

Аксунун жашоочулары

Аксу аймактык мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Расим Новрузов андагы эл топтолгон жыйынды нааразылык акциясы деп атоого болбой турганын айткан. Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү бул жыйында ага катышкандар менен ундун баасын арзандатуу тууралуу сүйлөшкөн. Азербайжандын улуттук банкы болсо, мунайдын дүйнөлүк баасы арзандап жаткан чакта улуттук валюта –манаттын курсун эркин койо берүүгө аргасыз болгонун жарыялаган болчу. Мунун натыйжасында манаттын наркы долларга карата кескин кунсузданып, эл керектөөчү товарлардын баасы кымбаттап кеткен.

XS
SM
MD
LG