Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:56

Кыргыз-тажик чек арасынын 116 чакырымына зым тартылды


Кыргыз-тажик чек арасы.
Кыргыз-тажик чек арасы.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына зым тартуу иши ушул тапта Баткендин Лейлек районунун Максат айылынын аймагында жүрүүдө. Облустук бийликтин маалыматына караганда, азыркы күнгө чейин кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик 116 чакырымына зым тартылды.

12-ноябрга карата Баткен облусу боюнча 115 км 958 метр аралыкка зым тартылды. Анын ичинен Баткен районунда 84 км 806 метр, Лейлек районунда 31 км 152,5 метр чек ара тосулду. Мындан сырткары чек ара тосмосун бойлой 176 чакырым жол салынды.

Быйыл 13-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.

31-мартта эки президент Тажикстандын Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндөгү протоколго кол коюшкан. Ратификацияланган үч документтин бири кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу болгон.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. Ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат. Мамлекеттик чек араны тактоо иши 2002-жылы башталган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG