Бразилиянын Белем шаарында глобалдык климат саммитти өтүп жаткан жерге 11-ноябрда түпкүлүктүү калктын ондогон өкүлү кирип барууга аракет кылышты. Алар менен кагылышууда коопсуздук кызматкерлеринен экөө жараат алды. Жергиликтүү уруулардын өкүлдөрү климаттын өзгөрүүсү боюнча чечкиндүү чара көрүүнү жана токойлорду коргоону талап кылышты.
Имараттын алдына жалпы 100дөй киши топтолгон. Глобалдык жыйын өтүп жаткан Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва бул саммитте түпкүлүктүү калкты негизги өнөктөш катары белгилеген.
"Алгачкы жолу тарыхта климат конференциясы Амазониянын как жүрөгүндө өтүп жатат. Дүйнөлүк аң сезимде экологияны коргоо деген Амазон тропикалык токойлорун коргоо дегенге барабар",-деген эле Лула.
Амазонка дарыясынын бассейнинде аянты боюнча дүйнөдөгү эң чоң чытырман, тропикалык токойлор жайгашкан. Андан чыккан кычкылтек Латын Америкасын гана эмес, бүтүндөй планетаны камсыздайт. Соңку жылдары адамдын таасиринен улам бул токойлордун аянты кыскарып, 20% жөн гана жок болуп кеткенин окумуштуулар белгилешет.
Быйыл Белем шаарына чогулган лидерлер, илимпоздор, эксперттер, экоактивисттер менен бейөкмөт уюмдардын, бизнестин өкүлдөрү он күн бою климаттын өзгөрүүсү дүйнөну канадй кооптуу кырдаалга кептей турганын, алардын алдын алуу жолдорун талкуулап жатышат.
Саммитке Кыргызстандын делегациясын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеп барды. Ал "Азаттыкка" курган маегинде глобалдык климаттык саясатта Кыргызстан тоо экосистемасын коргоону алдыга сүрөй турганын белгиледи.
Аталышы айтып тургандай эле бул форматтагы жыйындар (Conference of the Parties - Тараптардын конференциясы) 30 жыл мурун уюштурула баштаган. Алгачкы жыйын Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн.
Шерине