Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткен облусунда “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 12 мүчөсү кармалганын билдирди. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо” беренеси менен айып коюлду.
Атайын кызматтын маалыматында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургундары тыюу салынган экстремисттик адабияттарды изилдеп, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” диний уюмунун жабык Telegram каналдарына катталып, Кыргызстанда халифат түзүү маселесин талкуулап, экстремисттик уюмдун идеологиясын таратканы аныкталган. Алардын айрымдары мурда экстремисттик ишмердүүлүк үчүн сот жообуна тартылган.
Шектүүлөрдүн жашаган жерлерин тинткенде “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун тыюу салынган адабияты, көптөгөн диний адабияттар, ноутбуктар, уюлдук телефондор табылган.
Атайын кызмат жарандарды Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террордук уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертип келет.
Ушул тапта Кыргызстанда соттун чечими менен террорчул жана экстремисттик уюм катары ишине тыюу салынган диний бирикмелер: “Ал-Каида”, “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы”, “Күрт элдик конгресси” (Конгра-Эл), “Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” (Ислам боштондук партиясы), “Жихад тобу” (Ислам жихадынын бирикмеси), “Түркстан Ислам партиясы” (Өзбекстан Ислам кыймылы), “Мун чиркөөсү”, “Жайшүл-Махди” (Махдинин аскери), “Жунд-Ал халифат”, “Ансаруллох” (Алланын жардамчлары), “Ат-Такфирвал-хижра”, “Акромия”, “Саид Бурятскийдин (А. Тихомировдун) пропагандалык-үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү”, “Ишим – Ирак, Шам Ислам мамлекети” (ИГИЛ), “Жабхат Ан-Нусра” (Жеңиш фронту), “Катибат Ал-Имам Ал-Бухари” (Имам бухарий батальону), “Жаннат Ошиклари” (Бейишке умтулгандар), “Жамаат Ат-Таухид валь-жихад”, “Йакын инкар”. (BTo)
Шерине