Казакстанда депутат Асхат Аймагамбетов социалдык тармактарга катталууда жаш курагы боюнча чектөө киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, азыр TikTok жана Instagram тармактарына ата-эненин уруксаты жок, текшерүүсүз, алтургай 5–6 жаштагы балдар дагы катталып жатышат.
Аймагамбетов Казакстанда балдарга бул тармактарга кирүүгө тыюу салууну сунуштады.
"Мындай чектөөлөр башка өлкөлөрдө да бар. Мисалы, Дания менен Австралияда 15–16 жаштан кийин гана каттоого уруксат берилет, ал эми Америка, Англия жана Ирландияда ата-эненин атайын уруксаты жана текшерүүсү талап кылынат", — деди депутат.
Кийинчерээк Аймагамбетов Telegram каналында пикирин толуктап, социалдык тармактарга катталууга 10–12 жаштан уруксат берилиш керек экенин белгиледи.
Анын пикиринде, социалдык тармактардын алгоритмдери адамдарды "телефонго толугу менен көз каранды кылууга" багытталган. Депутат ошондой эле социалдык тармактар балдардын эске тутуу сыяктуу жөндөмдөрүнө, уйкусуна зыян келтириши ыктымал.
Депутаттын сунушуна жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү боюнча вице-министри Дмитрий Мун жооп берип, азырынча Казакстанда балдарга социалдык тармактарда катуу чектөө коюу планда жоктугун, бирок бул багытта иш жүрүп жатканын айтты.
Эске салсак, Аймагамбетов 2019–2022 жылдары Казакстандын билим жана илим министри, ал эми 2022–2023 жылдары алты айга жакын окуу-ағарту министри кызматын аркалган.
Кыргызстан 2023-жылы TikTok балдардын психикасы жана ден соолугуна терс таасир эткенин жүйө келтирип, аны чектеген.
Шерине