Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:32

Энергетика министри бардык майнинг фермалар ишин токтотконун айтты


Таалайбек Ибраев жана “Соларкоин” майнинг фермасы.
Таалайбек Ибраев жана “Соларкоин” майнинг фермасы.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда бардык майнинг фермалардын иши токтотулганын билдирди. Бул тууралуу министр 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Ал коомчулукта “майнинг фермаларга электр энергиясын берип, элге болгон 5 кВт кубаттуулукту 3 кВтка чейин түшүрдү” деген сын-пикирлер айтылып жатканын мисал, кылып буларды кошумчалады.

“Бизде “Камбар-Ата-2” ГЭСинде жана “Быстровкада” (ред: көмөк чордону) эки майнинг ферма бар. Мен майнинг фермалар ишин токтотконун жоопкерчилик менен айтам. Эгерде ишенбесеңер журналисттерди да жиберсеңер болот”, - деди ал.

Энергетика министрлиги Кыргызстанда криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания – Кеминдеги “Соларкоин” жана “Камбар-Ата-2” ГЭСиндеги “МБТ Строй” компаниялары менен келишим түзүлгөнүн билдирип келет.

Кыргызстанда энергетика системасына байланыштуу талкуу президент Садыр Жапаров 9-ноябрда өлкөдөгү энергетикалык абал, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жана буга чейинки бийликтегилердин тушунда энергетикалык ири долбоорлор ишке ашпаганы тууралуу билдирүүсүнөн кийин күчөгөн.

10-ноябрда мурдагы президент, чет жакта жүргөн Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү энергетикалык кризис тууралуу Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө жооп берип, анын бийлиги тушунда жасалган иштер тууралуу айтып, аларды жокко чыгарууга болбой турганын жазган.

Ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда бир нече саат бою электр кубатын берүү чектелген. "Акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.

6-ноябрда электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да киргизилген. Ага ылайык, бул мекемелер саат 18:00дөн 06:00 аралыгында жарыкты жана электр шаймандарын иштетүүнү чектейт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG