Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:13

Грузия-Азербайжан чек арасында кулаган учактагы 18 түрк аскеринин сөөгү табылды


 С-130 аскердик жүк ташуучу учак
С-130 аскердик жүк ташуучу учак

11-ноябрда Азербайжан менен Грузиянын чек арасына жакын жерде кырсыкка кабылган Түркиянын аскердик жүк ташуучу учагындагы 20 аскердин 18инин сөөгү табылды. Бул тууралуу Грузиянын ички иштер министри Гела Геладзе 12-ноябрда билдирди. Анын айтымында дагы эки аскердин сөөгүн издөөуланып жатат.

Маалыматка ылайык, кырсыкка учураган C-130 учагында аскердик техникалык адистер бараткан. Алар Азербайжандын Гянжа шаарынан F-16 согуштук учактарынын механикалык тетиктерин алып баратышкан.

Грузиянын ички иштер министрлиги билдиргендей, учак Азербайжан менен чек арадан болжол менен беш чакырым алыста, Грузиянын Сигнаги муниципалитетинин аймагына кулап түшкөн.

Haber Global телеканалы кырсыктын бир нече ыктымал себебин жарыялады. Алардын арасында учактагы басымдын өзгөрүшү, жүктүн туура эмес бекитилиши сыяктуу себептер каралууда.

F-16 истребителдери 8-ноябрда Азербайжандын Карабактагы жеңишинин урматына өткөрүлгөн аскердик парадда көрсөтүлгөн. Ал иш-чарага Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Азербайжандын лидери Ильхам Алиев да катышкан.

Социалдык тармактарда тараган видеодо учак асмандан улам ылдыйлап, тумшугу менен жерге кулап баратканы көрүнөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG