Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:45

АКШда эки тажик жараны банкоматтарга киберчабуул жасоого айыпталууда


Америкада банкоматтарга киберчабуул жасаган деп айыпталган тажик жарандары.
Америкада банкоматтарга киберчабуул жасаган деп айыпталган тажик жарандары.

Кошмо Штаттарда банкоматтарга киберчабуул жасаган деген кине менен эки тажик жараны айыпталууда. Алардын бири Нурмухаммад Рахмонзода март айында Флорида штатында кармалып, кийин Мэн штатына жеткирилген. Ал жакта ага "акча уурдады" деп айып тагылган.

Мэн штатынын соту Рахмонзоданы жабыркагандарга 38 480 доллар төлөп берүүгө милдеттендирди. Эгер ал сот чечимине макул болсо, кылмыш иши оор берене эмес, жеңил мыйзам бузуу катары кайра каралышы мүмкүн.

Ошол эле кылмыш схемасына байланыштуу дагы эки шектүү Фирдавс Раджабов менен Милод Аваздавани изделүүдө. Прокуратуранын маалыматына караганда, алар банкоматтар аркылуу мыйзамсыз акча өндүрүү схемасына аралашкан болушу ыктымал.

АКШ бийлиги операциянын чоо-жайын азырынча ачыктай элек. Алдын ала маалыматтар боюнча алар төлөм системаларын жана банкоматтарды бузуу жолу менен накталай акча уурдашкан болушу мүмкүн.

Шерине

XS
SM
MD
LG