Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:16

Бышыкчылыкта баасы асмандаган жашылча-жемиш


Бишкек шаарындагы "Ош" базары.
Бишкек шаарындагы "Ош" базары.

Жайдын күнү бышыкчылыкка карабай базарда азык-түлүк баасы түшкөн жок. Өзгөчө жаңы бышып жаткан жер-жемиштер керектөөчүлөр үчүн кол жеткис болуп турат. Дыйкандар жагдайды түшүмдүн аздыгы жана анын экспортко көп кетип жатышы менен түшүндүрүүдө. Расмий органдар базар баасына кийлигишүү өндүрүүчүнүн кирешесине кол салууга тете болорун, ал жаатта ыйгарым укуктары чектелүү экенин билдирүүдө.

Август - бышыкчылык өкүм сүрүп турган маал. Базарда дүр-дүйүм жайнап, көз кубандырат. Бирок быйыл азык-түлүктүн, өзгөчө жашылча-жемиштин баалары асман чапчып, кардардын капчыгына оор келип турат.

Бишкек шаарынын тургуну Анархан Алтымышева адатта азык-түлүктү “Аламүдүн” базарынан сатып алат. Ал быйыл базардагы баалар былтыркыга караганда өтө эле кымбат болуп жатканын айтат.

“Бадыраңды былтыр бул маалда 15-20 сомдон алчу элек, азыр эң арзаны 45 сомдон болуп жатат. Помидор 80 сомдон 130 сомго чейин сатылууда. Эң өкүнүчтүүсү, базарга барып талаада бышкан бадыраң, помидор таппай келдим, жокко эсе болуп жатат. Талаада бышкан помидорду издесем, эки-үч жерде бар экен, бирок алардын баары эле бүрүшүп-чүрүшкөн экен. Сатуучулардан сурасам, алар “быйыл суу тартыш болуп ушундай сапаты начар болуп атат” деп айтышты. Ошентип, жайдын күнү күнөсканада бышкан бадыраң менен помидор алып жеп атабыз. Ушундай бышыкчылыкка карабай дарбыз деле аябай кымбат болууда. Сапатын айтпай эле коёюн, көпчүлүгүнүн ичи кызыл эмес, күлгүн түстө чыгат. Аны 30 сомдон жогорку баада алып атабыз, бир дарбыз алсаң 400 сомдон ашып кетет. Былтыр ошондой эле дарбызды 150-200 сомго алчубуз. Бул эми азыр бышыкчылык учурунда күнүмдүк эң көп колдонулган азыктар да”.

Анархан сыяктуу азык-түлүк баасынын кымбаттыгын талкуулап жаткандар оголе көп. Социалдык тармактарда дээрлик күн сайын жашылча-жемиштин баасы бышыкчылык мезгилде деле түшпөй жатканын айтып, бийликке суроо салып турушат.

Чүй: какшыган талаа, муңайган дыйкан
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00

"Баанын кымбаттыгы дыйканга жакшы"

Шамалдысайлык дыйкан Жоламан быйыл помидор, калемпир, жүгөрү жана дарбыз эккен. Катаал климаттан улам түшүмү жылдагыдан азыраак болуп калган. Баанын кымбаттыгы мээнетин акыбетин кайтарып жатат деди ал.

“Быйыл дыйкандарга жакшы эле болду. Түшүм аздыгынан улам баа түшкөн жок. Бизде Шамалды-Сайда го суу тартыш эмес, бирок көп жерде суу тартыштыгынан улам эки жолудан түшүм бербей калды. Түшүмдү көбүнчө Бишкектеги Сары-Өзөн базарына сатып атабыз. Ал жактан Алматы, Орусияга экспорт болуп жатат. Таттуу жүгөрү менен калемпирдин баары Орусияга экспорт болду. Дарбыз өзүбүздүн базардан ашкан жок, баасы да кымбат болду. Маалында жапырт чыкканда 10 сомго чейин түштү. Андан кийин көбүнчө 18-19 сомдо турду. Алып-сатарлар жеринен сатып алып, “Сары-Өзөнгө” алып кирет, дыйкандар ал жакка чанда алып барат. Алып-сатарлар базарда баа көтөрүлүп кетсе, үстүнө 5-10 сомго чейин коюшат. Базар түшүп кетсе, 5-10 сом артка да кетишет”.

Жалал-Абаддын Достук айылынын тургуну Акылбек Эркебаев дагы болгар калемпири менен дарбыз эккен.

“Жазында эгиндерибиз өсүп жатканда аба-ырайы бир аз кыйнап койду. Күн суук келип, анан барып ысып кетпедиби. Башында үшүк жүрүп, кыйла суук болуп атты го. Ошондо эккен эгинибиз токтоп калды да. Помидорлор эң ылдый түшкөнү 15 сомго чейин эле түштү, жылда 6-7 сомго чейин түшүп кетчү. Быйыл эң ылдыйы 15 сомго түштү, дарбызыбыз дагы эң арзаны 15 сомдон өйдө болду. Азыркы кезде помидордун килограммы 25 сомдон 40 сомго чейин, дарбыздар 25-30 сомдон болуп атат. Кирешебиз былтыркыга караганда жакшы эле болду”.

Соодагерлер быйыл бышыкчылык эми башталган кезде Чүйдүн талааларында дыйканчылык кылгандар кымбат сатып калуу үчүн толук быша элек дарбыздарын базарга чыгарып алып, кардарлардын көңүлүн кайт кылып алышканын айтат. Бишкек шаарындагы “Сары-Өзөн” базарында жашылча-жемиш сатып соода кылган Кубан Рысалиев алып-сатар катары товардын үстүнө көп деле үстөк койбойм дейт.

“Сезон башталганда жана бүтөрүндө баа кымбат болот. Азыр орто чени, ошондуктан дарбыз арзандап калды. Шамалды-Сайдын дарбызы келип 30-40 сомдон сатылып жатканда жергиликтүү (Чүй талааларынын - ред.) дарбызды да үзүп алып чыгып койду бул жакка. Жергиликтүү дарбыз анда быша элек болчу. Көп дыйкандар дарбызды кымбат маалында сатып калалы деп, бышырбай эле үзүп сатып жатты. Анан бүт бардыгы жергиликтүү дарбызды көрдү, күлгүн, чийки деп эле качып калды. Мына азыр жергиликтүү дарбыз таза бышты. Бирок азыр деле кардар “мен алганда күлгүн, чийки чыккан эле” деп чочуйт. Көпчүлүк “эмнеге мынча кымбат” деп айтат. Мен деле алып сатармын да, өзүм эгип өстүрбөйм. Коон Казакстандан келет, биз сатып алабыз да, кайра эле үстүнө 3-4 сом коюп сатабыз. Ошол эле. Мисалы, мен 40 сомдон коон алсам, 45 сомдон сатамын. Кээде өзү менен өзү болуп калат, кээде тескерисинен кетип калат. Кудайга шүгүр, жаман эмес, соодада береке бар”.

Базар бааларын жөнгө салуу мүмкүнбү?

Тургундар мамлекет базардагы бааны жөнгө салбай жатканын айтып, көп нааразы болушууда. Жарандардын айлык-маянасы менен кирешелери тыңгылыктуу өспөй, аны да инфляция жеп жаткан чакта Кыргызстандын өзүндө бышкан жер-жемиштердин баасы асман чапчып кеткенине даттанышууда.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөдөгү ун, буудай, нан азыктары, өсүмдүк майы, кумшекер, жумуртка, эт, жумуртка жана сүт азыгы өңдүү социалдык жактан маанилүү азык-түлүктүн бааларын көзөмөлдөп турат. Мекеме алардын баалары туруктуу экенин, ал эми жашылча-жемиштин баасына кийлигишүүгө ыйгарым укугу жок экенин билдирүүдө.

Бирок базардагы бааларды да мониторинг кылып, сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын директору Кеңешбай Тайлаков базардагы баалардын өсүшү негиздүү экенин, аны жасалма жол менен түшүрүү рынокко зыянын тийгизерин айтат.

“Бүгүнкү күндө негизсиз баа көтөрүү жок, баары негиздүү. Мисалы, этти карасак, малды мурдагыдай 30-40 миңге ала албайсың. Картошканын дүң баасы бүгүнкү күндө 28-30 сом, аны фермерлерге барып “түшүр” десең, ал да “чыгымым кетти, мен да бала багып жатам, мен да пайда табайын” деп айтат да. Ошондуктан эки жактуу карашыбыз керек. Бүгүнкү күндө дыйкандар кызылчанын килограммын 63 сомдон өткөрүп жатат. Кумшекердин баасын түшүрүш үчүн фермерлердин өткөргөн кызылчасынын баасын ылдыйлатыш керек. Ошол керекпи бизге? Анын бардыгын 63 сомдон алгандан кийин кайра иштетет, тазалайт, маяна берет, соцфонду бар, салык төлөйт – ошонун баары эсептелет да. Анан, коон-дарбыз, помидор, бадыраңдын баасын, ачыгын айтканда, биз көзөмөлдөбөйбүз. Рыноктогу суроо-талапка жараша кайсы ишкер болбосун өздөрү алып келип сата берет. Суроо-талап көбөйгөндө баа жогорулайт, азайганда түшөт. Бизде “помидор, бадыраңдын, коон-дарбыздын баасын ушунчадан сат” деп арзандатууга ыйгарым укугубуз жок”.

Антимонополия кызматы “Глобус”, “Азия”, “Народный” соода түйүндөрүндө кумшекердин чекене баасын 78 сомдон белгилеп берген. Базарларда болсо 85 сомдон 100 сомго чейин сатылууда.

Жумуртканын базар баасы он даанасына 110-120 сомдон, ал эми койдун эти 565-570 сомдон болууда. Антимонополия кызматы өлкөдөгү 32 ун чыгаруучу заводдор менен макулдашуу түзүп, ундун орточо баасын килограммына 42 сомдон 37 сомго чейин түшүрүп, кармап турганын билдирди.

Саясий чечимдердин бааларга таасири

Жашылча-жемиштин бааларынын быйылкы бышыкчылык мезгилиндеги кымбаттыгы негизинен эки жагдай менен түшүндүрүлөт. Биринчиси, жазгы эгин-тигин маалындагы климаттын туруксуздугу жана сугат маалындагы кургакчылык түшүмдүн азыраак болушуна себеп болду. Экинчиси, экономиканын бардык тармактарындагы баалардын өсүшү чынжырча боюнча айыл чарба түшүмдөрүнүн кымбатташына алып келди.

Сырттан импорттолгон күйүүчү май, жер семирткич, дары-дармек өңдүү продукциялардын баасынын жогору болушу айыл чарбасында да кымбатчылыкты жаратууда. Мындан тышкары, өкмөттүн калкка жеткирген кызматтары менен товарларынын тарифтери да улам кымбаттап барат. Алардын айрымдарын айта кетели.

Өкмөт 1-майдан тарта электр энергиясынын калкка болгон тарифин 30% көтөрдү. Керектөөчүлөрдүн 12 тобу пайда болуп, тарифтер 2,16 сомдон 5 сомго чейин жеткирилген. Бийлик электр баасы жылдык инфляциянын деңгээлине жараша улам көтөрүлүп барарын эскерткен.

2023-жылдын башынан бери Бишкекте таза суу менен саркынды суунун жана таштандынын тарифтери да биринин артынан бири көтөрүлүп келет. Таштандыны чыгаруунун тарифи 1-фералдан 82% өскөн. 1-июндан тарта ичүүчү суунун тарифи калк үчүн 29% көтөрүлдү. Таза суу менен кошо саркынды суунун тарифи да 48% жогорулады. Шаардагы коомдук транспорттун жол киресин 40% чейин көтөрүү чечими коомдук талкууда турат.

Президент электр тарифин көтөрүү планын жарыялагандан көп өтпөй Улуттук банктын өкүлдөрү 31-январда маалымат жыйын куруп, тарифтердин кымбатташын алдыда инфляциянын дагы өсүшүнө түрткү бере турган тобокелдиктер катары атаган.

“2023-жылдын 20-январына карата баалардын деңгээли 1,2 пайызга жогорулаган. Энергия продукциялары жана азык-түлүк дүйнөлүк рынокторунда кырдаалдын турукташуусу 2023-жылдын экинчи жарымында инфляциянын басаңдашына таасирин тийгизиши күтүлүүдө. Ошондой эле бир катар баалардын, тарифтердин жогорулашы тууралуу алдын ала айтылган маалыматтар инфляцияга кошумча түрткү болушу мүмкүн”, - деп билдирген Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева.

Ал эми өкмөттүн жүргүзүп жаткан салык реформалары салыктын ставкасын кескин өстүрбөгөнү менен, базар баасынын өсүшүнө кыйыр таасир этип жатканын ишкер ассоциациялардын өкүлдөрү айтып келет. Жыл башында Жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Ускенбаева бизнеске артылган жүк акыры барып карапайым керектөөчүнүн капчыгына оордук келтирерин эскерткен.

“Тескери таасир кылган экономикалык факторлор аз келгенсип, мыйзамдарды башкаруудагы өзгөрүүлөр дагы бизнеске кесепетин тийгизди. Бул административдик жол-жоболор. Ачыгын айтканда, бул бюджетке каражат алып келбеген, бирок бизнеске артылган жүк. Бул салыктын өзү эмес, салыкты жыйноо боюнча кошумча жүк. Көрдүңөрбү, бул жүк алгач бизнеске артылат, андан ары барып калктын мойнуна түшөт. Анткени бизнес кошумча тартып жаткан бардык чыгымдарын баага кошот. Ишкерлер өз чөнтөгүнөн чыгым тартып иштей албайт, антсе иши токтойт жана мындан эч ким утпайт”.

Ассоциация дүйнөдөгү кризистин айынан өлкөгө кирген импорттук товарлардын баалары да өсүп жатканын, ал ички рыноктогу кырдаалга түз таасир этерин билдирүүдө. Уюмдун маалыматына ылайык, учурда базардагы баалар өндүрүмдүн өздүк наркы өскөндөн улам көтөрүлүп жатат. 2022-жылы баа дээрлик эки эсе өскөн. Быйылкы жылдын башынан бери дагы 20-25% көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG