Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Токмоктон башталып, Ошто уланган камоолор. Жетекчилерди шардана кармоо натыйжа береби?


УКМК кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлерди жыйындар залынан кармап, суракка алып кетишүүдө. Ош шаары, 9-июль, 2025-жыл.
УКМК кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлерди жыйындар залынан кармап, суракка алып кетишүүдө. Ош шаары, 9-июль, 2025-жыл.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соңку апталарда өлкө аймактарын кыдырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп келет. Жыйын учурунда жергиликтүү жетекчилер кармалып же кызматтан кеткен учурлар болууда.

Ташиев Ошто жыйын өткөрүп жаткан учурда күч органдары бир нече мамлекеттик кызматкерди суракка алып кетти. Алар “Кадастр”, сот жана Салык кызматынын кызматкерлери. Азырынча УКМК кармоолордун негизи тууралуу расмий маалымат бере элек.

Жыйында Камчыбек Ташиев Салык кызматынын Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы менен Кара-Суу райондук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басарын карматып, суракка алууну буйруду. Облустун бардык райондорунун салык жетекчилерин коррупцияга шектеп, алардын жыйнаган мал-мүлкү менен аткарган ишин тыкыр текшерүү тапшырмасын берди.

“Ош облусунун салык инспекциясынын бардык жетекчилерин текшергиле. Булардын мыйзамсыз иштерин текшергиле, ишкерлер менен катуу иштегиле. Кимиси буларга канча пара берип атат, бир сом пара берсе дагы, аныктагыла дагы жоопко тарткыла. Бүт Ош облусунун коллективинин алдында жетөө тең “биз пара албай иштейбиз” деп айтышты. Туурабы? Эми буларды аныктасаңар эле дароо алып барып отургузгула. Мени менен кеңешүүнүн кереги жок. Кимиси болсо дагы. Бүгүндөн баштап ишти баштагыла. Биз салыкчыларды тартипке келтиришибиз керек”.

Ташиев системада узак мезгил иштеген салыкчылар жемкордукка аралашпайт дегенге ишенбей турганын айтты. Мисал катары былтыр декабрда кармалган Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповду келтирип, анын чет өлкөлөрдө жана Кыргызстанда 55 млн долларлык мал-мүлкү аныкталганын билдирди. Айтымында, айрым кызматкерлер ага айына 50 миң доллардан 100 миң долларга чейин акча берип турганын айтышкан.

УКМКнын кызматкерлери салыкчылардан тышкары дагы төрт жергиликтүү жетекчини жыйын залынан суракка алып чыгып кетишти. Ноокат райондук кадастр бөлүмүнүн адиси менен Зулпуев айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы 1,3 гектар жерге документти жасалмалап берүүгө шектелип кармалды.

Өзгөн райондук сотунун канцелярия бөлүмүнүн башчысы менен райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысын да жыйын залынан кармап, суракка алып кетишти.

Ташиев алар “кылмыштуу келишимге барып, акча сыйлыгы үчүн чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында төрөлгөндүгүн тастыктаган жасалма соттун чечимдерин Өзгөн райондук сотунун атынан мыйзамсыз беришкенин” айтты.

“Силер билип атасыңарбы эмне кылганыңарды? Кыргыз Республикасынын жарандыгын силер жасалма справка менен сатып атасыңар. УКМК, алгыла дагы, тергөөнү баштагыла. Эгерде адамдардын ушул справкада көрсөтүлгөн күнөөлөрү тактала турган болсо, дароо камакка алгыла. Болду, алып кеткиле. Чыгыңыз сиз дагы”.

Мындан тышкары, Кең-Сай массивин иштетүүгө 2011-жылы 800 млн сом каралып, анын 260 млн сому максатсыз коротулуп кеткени айтылып, ага катышы бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу тапшырмасы берилди. Эсеп палатасынын облустагы аудиторлорунун ишинде паракорлук көп экенин айтып, жакында алардын айрымдары кармаларын эскертти.

Ташиев коррупция менен күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын катаалдашы өз жемишин берип жатканын, былтыркы алты айда 139 иш козголгон болсо, быйылкы жарым жылдыкта 23 гана иш козголгонун салыштырып айтты. Бул коомдо жемкорлуктун кесепети оор болорун барган сайын жакшы түшүп баратканын билдирет деп эсептейт ал.

“Ошол эле мезгилде, бизде азыр көрсөтпөй, билиндирбей коррупция кыла берсек болот деген адамдар да бар. Коррупция кылдыңбы, эртеби-кечпи колго түшөсүң. Кутулуп кетем деп ойлобогула. Жок, кутулбайсыңар. Себеби, УКМК ушул багытта ишин өтө өркүндөттү. Бизде азыр УКМКда техникалык жагынан дагы, алдыңкы технологияларды колдонуп, мамлекет тарабынан өтө чоң каражаттар бөлүнүп берилди башка өркүндөп аткан мамлекеттерден ошондой техника, технологияларды алып келгенге. Ошонун бардыгы менен камсыз кылдык азыркы күндө. Үйүңдө отуруп шыбырап, ашканаңда отуруп сүйлөшүп атканың дагы эртең чыгып, өзүңө далил болуп калышы мүмкүн”.

Токмоктон башталган кармоо

24-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев шаар тургундарынын арызы боюнча Токмок шаарына барып, анын тапшырмасы менен жыйын учурунда калаа мэри Максат Нусувалиевди жана үч кишини кармаган. Аларга калаадагы сейил бакты куруу ишинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупциялык иштерди жасаган деген айып тагылган.

Андан кийин 1-июлда Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов жана “Жол курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси кармалган. Алар өз кызыкчылыгын көздөп, Кытайдан чыгарылган 17 даана автобусту кымбат баада сатып алганын, мындан бюджетке 17 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгенин билдирген.

4-июлда Шопоков шаарынын мэри менен бир муниципалдык кызматкери кармалган. Алар коррупциялык аракеттери менен мамлекетке 9 млн сомдук зыян келтирүүгө шек саналууда. Мэрдин кармалышы муниципалдык тендерлерди өзүнүн санаалаштарына караштуу компаниялардын утуп келгенине жана тууганын айдоочулукка алганына байланыштырган.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Ташиевдин соңку кездердеги кармоолору коомдун бүйүрүн кызытып, упай топтоого көбүрөк окшоп кетип жатканын айтат. Коррупция менен күрөшүү системдүү болбой, үстүртөн жасалган иштер басымдуу болуп жатканын белгилейт.

“Күнүгө эле бирөөнү кармап шоу кылган бир аз пиар кампанияга окшоп кетип баратат. Адатта камаганда, жоопко тартканда акырын кылат. Себеби, эң негизги камалган адам жооптон качпаш керек. А бизде болсо ошондой иштер менен камалгандар кийинчерээк эркиндикке чыгып, тескерисинче дагы кызмат алган учурлар болуп атат да. Ошого, жеке пикирим боюнча, алдын ала өкүм койгон туура эмес. Салык кызматын айтып атпайбы, ал кызматка мен койдум беле аны? Мурунку өкмөттүн башчысы Акылбек Жапаров болчу. Эмне, Акылбек Жапаров анын өнөрлөрүн билген жокпу? Же ал аны менен бөлүшкөн жокпу? Кызык болуп атат да”.

Ташиев менен Масалиев мисал келтирип жаткан Мамлекеттик салык кызматынын мурунку төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычов 2024-жылдын 4-декабрында кармалган. Аларга ири алкоголдук компаниялар менен акциздик төлөмдөрдү мамлекеттик казынага төгүүдөн качкан схема түзүү айыбы тагылган. Мындан мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү башында 3 млрд сом деп аталса, кийин Камчыбек Ташиев сумма 30 млрд сом экенин билдирген. Көп өтпөй Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өз каалоосу менен кызматынан кетип, Ташиев анын отставкасынын ошол ишке байланыштуу экенин айткан.

“Кызматкерлер коркуп, иш кылбай калышы мүмкүн”

Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев коомдо мамлекеттик жетекчилер тууралуу бюрократ жана элдин канын соргон адамдар деген стереотиптик пикир орноп калгандыктан, соңку иш-аракеттер кызуу колдоого алынып жаткандай туюлушу мүмкүндүгүн айтат. Бирок, мындай ыкмалар канчалык натыйжалуу жана мамлекеттик системаны канчалык жандандырып кетет деген көз караштан караганда, анын тобокелдиктери да бир кыйла экенин белгилейт.

“Кандай тобокелдиктер бар десек, бул кандайдыр бир деңгээлде орто чиновниктердин коркуу сезимин күчөтүп, “мен эмне кылам андай жоопкерчиликти алып, эртең эле келип мени камап салса, андан көрө тынч эле, эч нерсе кылбай эле, кепилденген бир нерселерди эле жасайын" деп чоң өзгөрүүлөрдү жасаткандан коркуп калышы мүмкүн. Же ошол эле учурда ар бир кадамды борбордук аппарат менен же Бишкек менен макулдашып, ар бир кадамга кайра эле үстүнөн макулдугун алганга туура келип калат. Ошондо кайра эле чечимдерди кабыл алып атканда жайлашып калышы мүмкүн. Анткени, эгерде үстүнөн колдоо болмоюнча “эртең мени отургузуп салат” деген коркуу сезими күчөп кетиши мүмкүн”.

2025-жылдын башынан тарта коррупцияга каршы жазаларды катаалдаткан мыйзамдар күчүнө кирген. Ага ылайык жемкордукка малынган аткаминер тергөө менен кызматташканына жана кымырган каражатын ордуна койгонуна карабай, мыйзам чегерген жаза мөөнөтүнүн жок дегенде жарымын абакта өтөйт жана өзү эле эмес жакын туугандары да мамлекеттик, муниципалдык кызмат менен укук коргоо органдарынан четтетилет.

Шерине

XS
SM
MD
LG