Ал мамлекеттик казынадан социалдык жана башка курулуш иштерге деп бөлүнгөн каражаттар уурдалган учурлар бар экенин айтып, Токмок шаарын мисалга тартты. Мындан эки күн мурун Токмок шаарынын мэри жана эки киши атайын кызматтын төрагасы катышкан жыйын учурунда камакка алынган.
"Сентябрдан тарта текшерилет"
Cоңку күндөрү аймактардагы абал боюнча талкуулар күчөп, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Токмок менен Нарынды текшерип жаткан шартта бул маселеге президент Садыр Жапаров реакция кылды. Ушул күндөрү Беларуста сапарда жүргөн Жапаров Фейсбуктагы баракчасындагы кайрылуусунда казынадан бөлүнгөн акча илгеркидей болуп кымырылып кетип жатканын айтты.
“Токмок менен Кара-Балта шаарларына быйыл бир миллиард сомдон акча каражатын бөлүп бергенбиз. Эки миллиард акча менен Токмок жана Кара-Балта шаарларын гүлдөтүп салсаңар болот эле. Эмдиги жылы дагы бир миллиарддан бөлүп берип, эки шаарды гүлдөтөлү деген аруу тилегибиз бар эле. Тилекке каршы жергиликтүү жетекчилер «подрядчылар» менен биргеликте коррупцияга барганыңар көрүнүп турат. Сентябрь айынан баштап бүткүл өлкө боюнча казынадан акча бөлүнүпжасалып жаткан иштер, курулуп жаткан курулуштар, асфальтталып жаткан жолдор боюнча адистерден топтолгон комиссия түзүлүп, канча акча колуңарга тийди, кандай жумуштар аткарылды, канчага аткарылды, канчасы уурдалды, жалпы өлкө боюнча текшерүү жүргүзөбүз”.
Президент казынага кол салган аткаминерлер жеген акчасын он эселеп кайтарып, андан сырткары камалып кетерин эскертти. Өлкө азыр пайдасын көрүп жаткан кен байлыктардын мүмкүнчүлүгү убактылуу экенин, алардын үзүрүн көрүп жаткан кыска убакытта бардык тармактарды оңдоп алууга жан үрөш керектигин белгиледи.
Токмокко бөлүнгөн акча, мэрдин камалышы
Эки миллиард сом Токмок менен Кара-Балта шаарларында асфальт-бетон заводун, таш майдалоочу цехти куруу, жол куруучу атайын техника сатып алуу, муниципалдык базарларды реконструкциялоо, сейил бактарды жакшыртуу, жолдорду оңдоо, бала бакча куруу, туристтик комплекс, логистикалык борбор жана стадиондорду куруу сыяктуу иш-чараларга каралган.
Жапаров мисал келтирген Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев апта башында камалды. Мэр менен дагы эки муниципалдык кызматкердин кармалышына шардагы 44 млн сом жумшалган парктагы иштин начар жасалганы себеп болду. Ал жакка атайын текшерип барган УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев мамлекеттен бөлүнгөн каражаттар максатсыз пайдаланып жатканын, жергиликтүү бийлик берилген тапшырмаларга шалаакы мамиле кылганын айткан.
“Токмок шаарына качан 1 млрд сом бөлүнүп берилди эле, айткылачы? Эч качан болгон эмес! Тарыхта болгон эмес ушул Токмок шаарына 1 млрд бөлүнүп берилгени! Былтыр урматтуу президентибиз өзү башында туруп “бөлүп бергиле Токмокко” деп, бөлүп бергенбиз. Ошол акчадан эч кандай натыйжа чыкпаптыр”.
Он шаарга 4,6 млрд сом бөлүнгөн
Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы 10 шаардагы өнүктүрүү программаларына жалпысынан 4 млрд 642 млн сом берилген. Алардын ичинен Жалал-Абад шаарына 1 млрд 91 млн сом, Токмок менен Кара-Балтага 1 млрд сомдон бөлүнгөн.
Экономика жана коммерция министрлигинин аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Искандарбек Маматов ага чейин 2022-2023-жылдары Каракол менен Жалал-Абад шаарларын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 2 млрд сомдон берилгенин билдирген болчу.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев шаарларга берилип жаткан трансферттик каражаттар парламенттин бюджет комитети аркылуу өтүп келатканын айтат.
“Шаарларга республикалык бюджеттен максаттуу трансферт аркылуу бөлүнөт. Өкмөттүн жетекчиси тескемени чыгарып, бизге жөнөтөт. Биз макулдашып, “макулбуз же каршыбыз” дейбиз. Тескеме комитеттен өтөт, комитетте биз каражат кайсы иш-чараларга кетерин карайбыз. Ачык эле сөз, көпчүлүк учурда талкуусуз эле кетип атат”.
Токмок менен Кара-Балтанын инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн миллиард сомдон бөлүнүп жатканын президент Садыр Жапаров 2023-жылдагы Элдик курултайда жарыялаган. Айтымында, ага чейин ушундай жол менен каражат алган Каракол шаары кулпуруп чыккан. Жапаров ага чейин Жалал-Абад шаарын Кыргызстандын экинчи экономикалык борбору кылуу боюнча атайын план иштелип чыгып, ага 2 млрд сом бөлүнгөнүн билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров чакан шаарлардагы инфратүзүмдүн эскилиги жетип бүткөндүктөн, бардыгына тең ири каражаттарды бөлүп, жаңыртуу керек деп эсептейт.
“Биз азыр ар кандай факторлорго тиешелүү бюджетке кенен акча түшүп атат дейбиз. Ошол акчаны мурунтан чечилбей келаткан чоң-чоң инфртүзүмдүк маселелер бүт жерде эле көп. Кошумча мектеп, бала бакча, оорукана, жолдор, коммуникация, парк – ошонун баарын жасаш керек. Шаардын баары Советтер Союзунан бери бүт эскирген да. Ошолордо иштер чоң-чоң акча менен тез, жакшы жасалса, албетте жакшы да. Элдин саны өсүп атат, ошонун баарына кошумча инфратүзүм керек. Бул чоң акчаны бөлүп, өздөштүрүш керек. Жалал-Абад шаары жаңырып атпайбы. Бүт эле шаарлар ошентип жаңырышы керек, Талас, Каракол, Нарын жана башка дегендей”.
"Бюджет мыйзамынын талаптары сакталышы керек"
Токмоктогу окуянын алдында башка аймактар кулпуруп, өнүгүп жаткан чакта Нарын облусу каралбай калды деген мааниде обондуу ыр эл арасына тарап кетти. Вице-премьер жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган өкмөттүк жетекчилер дароо Нарынга барып, президенттик фонддон облусту өнүктүрүүгө кошумча 807 млн сом бөлгөнүн айтып келди.
Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, Мамлекеттик курулуш агенттигинин экс-директору Ишенбай Кадырбеков республикалык бюджеттен жер-жерлерге трансферттик каражат бөлүп берүүнүн эрежеси “Бюджет жөнүндө” мыйзамда так жазылганын, өкмөт аны сактоого милдеттүү экенин айтат.
“Ушу республикалык бюджеттен берип атканына таң калып атам. Себеби, республикалык бюджетти Жогорку Кеңеш бекитип берет. Каякка, кайсы облуска, кайсы шаарга бериле турган болсо – Жогорку Кеңештин депутаттары бюджетти бекитип берет. Бул жөн эле Каржы министрлигинин же Министрлер кабинетинин чөнтөгүндө турган акча эмес. Бул акча – элдин каражаты. Салык катары болобу, бажы болобу – негизи бул элдик каражат. Ошондуктан, мыйзамда так жазылган, республикалык бюджет болобу, жергиликтүү бюджет болобу – эл өкүлдөрү бекитип, анан ошолор көзөмөл кылат. Мэрия болобу, айыл өкмөтү болобу, алар отчет бериши керек. Азыр ушундай сөз болуп калды “Нарынга дагы ушунча миллиард берген экен, тиякка берген экен” деген. Муну Жогорку Кеңештин депутаттары бекитип бердиби? Бекитип берген болсо, ошонун баары каякка кетирери титулдук баракчаларда карадыбы? Мунун бардыгы бюджет жөнүндө мыйзамда каралган да. Негизи, депутаттардын эң негизи иши – бюджет. Андан кийин башка мыйзамдар”.
Кыргыз өкмөтү соңку жылдары өлкөдөгү облус-шаарлардын башкы пландарын иштеп чыгып, ошол боюнча каржылоо тартибине өтүп келет.
Былтыр Нарын облусунун “Реновация” деп аталган программасы иштелип чыгып, ага 600 млн доллар керектелери маалым болгон.
Өкмөт 2025-жылы баштапкы этап катары анын 67 миллионун каржылай турганын айткан.
Шерине