Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:43

"Үч күн ойлонгула". Ташиев Нарындын жетекчилерине талап койду


Президенттин Нарын облусундагы мурдагы өкүлү Алтынбек Эргешов, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев. Нарын шаары. 25-июнь, 2025.
Президенттин Нарын облусундагы мурдагы өкүлү Алтынбек Эргешов, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев. Нарын шаары. 25-июнь, 2025.

Кыргыз бийлиги интернеттеги нааразылык айтылган аймактардын жетекчилерине чара көрүлөрүн убада кылууда. Бул ишти УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев моюнуна алып, жергиликтүүлөр нааразылык айткан аймактарды кыдырып жатат.

Президент Садыр Жапаров 25-июнда бир күн мурун камалган Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев кызматтан алып, ордуна мамлекет башчынын Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешовду дайындады.

Мындай кадрдык өзгөрүүлөр Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Нарын облусуна жана Токмок шаарына барып, жергиликтүү бийликтин ишин сындагандан кийин кабыл алынды.

Ташиевдин 25-июнда Нарынга барышына социалдык тармактарда облустагы көйгөйлөрдү тизмектеген ырдын тарашы да бир себеп болгондой. Бул ырдын арты менен интернетте Нарындын каралбай калганы, социалдык объектилер, жолдор жана башка көйгөйлөр чечилбей турганы жазылып, флешмобго айланды.

Дал ушул кайрылуудан кийин Ташиев жетекчилерге эми талап катуу болорун эскертип, иштей албагандарды арызын жазып кетүүгө чакырды.

“Үч күндөн кийин ойлонуп туруп, мындан ары иштеймин же арызымды жазып кызматтан кетем деп айтасыңар. Себеби же иштешиңер керек, же кетишиңер керек. Жөн жүргөнгө болбойт. Мындай мамлекеттик чоң кызматты аркалап, жөн эле ары-бери басып, акиммин деп жүргөн же болбосо ар кимдин убактысын кетирип жүргөн болбойт".

Ал Нарын облусун өнүктүрүү үчүн буга чейин бюджеттен 9,4 миллиард сом бөлүнгөнүн, эми дагы президент өз фондунан Нарын шаары үчүн 807 миллион сом бөлгөнүн эске салды.

Жыйындан соң президенттин Нарындагы өкүлү Алтынбек Эргешов кызматтан алынып, Токмокко мэрликке дайындалганы белгилүү болду.

Нарында көптөгөн көйгөйлөр чечилбей жатат деген сын пикирлер көп айтылган маалда президенттин бул облустагы өкүлүнүн Токмокко мэр болуп дайындалышына түшүндүрмө берилген жок.

Мындай жол менен кыргыз бийлиги нааразылык айтылган аймактардагы абалга реакция кыларын ишарат кылгандай болду.

Мындан бир күн мурда шаар тургундардын арызы менен Ташиев Токмокто болгон. Бул шаарды өнүктүрүүгө бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөнү менен чеке жылытарлык иштер аткарылбаганын айтып, сынга алган. Жергиликтүү бийлик менен жыйындын жүрүшүндө шаар мэри Максат Нусувалиев, муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы жана эс алуу багын курууга жооптуу “Ал-Кадыр-Сантехсервис” компаниясынын жетекчиси мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргени үчүн кармалган.

“Былтыр президентибиз өзү башында туруп, бөлүп бергиле дегенинен бөлгөнбүз. 1 миллиард сом берилген. Ошол акчадан эч кандай натыйжа чыкпаптыр. УКМК, ошол 1 миллиард сом акча каякка бөлүнгөн, кайсы объектилерге берилген, иштеген иши, натыйжалуулугу, пайда-зыянын толук изилдеп чыккыла”, - деген Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы жер-жерлердеги жетекчилерди текшерип чыгуу боюнча ага президент Садыр Жапаров тапшырма бергенин айтууда. Соңку учурдагы бул окуялар жергиликтүү бийликтин өз алдынча иш алып барышы, элдин көйгөйлөрүн жеринен угуп, чечпей жатканы боюнча талкууларга жем таштады.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров мындай деди:

“Жергиликтүү бийликке ошол жердеги эл баа бериши керек. Жергиликтүүлөр дегеним, ал жердеги депутаттар баа бергени туура болот. Алар жогорку бийликке “бул жетекчи жакшы иштеп жатат, аны калтыргыла” же тескерисинче “бул кетсин” деген сунуштарды берип турушу керек. Ташиев аймакты кыдырып, катуу чечимдерди кабыл алып жатат. Балким, бул дагы керек. Бирок бул акыркы чара. Мындайга жергиликтүү депутаттар жеткирбей, баа берип турганы жакшы.

Дагы бир депутат Мирлан Самыйкожо аймактагы маселелерди жергиликтүү бийлик чече албай жатканы үчүн тургундар жогору жакка кайрылганын айтып, аларды катуу көзөмөлгө алууну жактады.

“Жергиликтүү бийликтин ыкшоолугу, бюрократиялык мамилесинен жергиликтүү эл кыйналып келет. Ошонун айынан социалдык маселелер чечилбей келет. Бүгүнкү күндө аларды сөзсүз камчылап туруш керек болуп калган окшойт". Ошондо иш жүрөт”.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев бул окуялар мамлекеттик жана муниципалдык башкарууда системанын толук орной электигин көрсөттү деген пикирде.

“Мамлекеттик башкаруу күчтөнүп, туруктуулук пайда болду деген менен бул өзгөрүүлөр бир-эки мамлекеттик жетекчинин дымагы менен болуп жатат. Башкаруунун жеке кишилердин күчүнө, мүнөзүнө байланыштуу болгону мамлекеттик башкарууга туура эмес принцип десек болот. Система эч бир жеке кишиге көз каранды болбой, өзүн-өзү түздөп кетмейинче, ушундай абал улана берет”.

Токмоктун мурдагы мэри 41 жаштагы Максат Нусувалиев бул кызматка 2023-жылы май айында дайындалган. Ал ага чейин Бишкек мэриясына караштуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментин башкарган эле. 53 жаштагы Алтынбек Эргешов 2022-жылы июль айынан бери президенттин Нарындагы өкүлү болуп иштеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG