Аларга "кримчөйрө менен тыгыз байланышта болуп, жаш спортчуларды кылмыштуу чөйрөгө тартуу менен алектенген, ИИМде иштеп турганда К.Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн калкалап, кызматтык мүнөздөгү маалыматтарды берип, колдоо көрсөткөн" деген айыптар коюлуп жатат.
Кыргызстанда эгемендик жылдардан бери эле кримчөйрө менен милициянын айрым жетекчилеринин байланыштары, спортчуларды кылмыш дүйнөсүнө тартуу тууралуу кеп-сөздөр айтылып, бирок конкреттүү ысымдар аталчу эмес. Бул окуя эмнеден кабар берет? Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөштүн этабы укук коргоо органдарына жеттиби?
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 30-май күнү Ысык-Көлдө иш-сапары менен жүрүп укук коргоо органдары менен атайын кызматтын арасында кылмышкерлер менен жуурулушуп кеткен учурларга токтолду. Атайын кызматтын башчысы Кыргызстанда буга чейин “жеңилбес” болуп келген кылмыштуу дүйнөнү жок кылганын, алар менен аралашып кеткен укук коргоо органдарынын кызматкерлерине катуу чаралар көрүлөрүн айтты.
“Биздин Кыргызстаныбызда эч кандай уюшкан кылмыштуу топ деген болбошу керек. УКТ мүчөлөрү, бандиттер баш көтөрө турган болсо мыйзамдын катаал шарттарына жазага тартышыбыз керек. Эч кандай аёо деген болбойт. Аларга аралашып кеткен укук коргоо органдарынын, УКМКнын кайсы бир кызматкерлери болсо кошо жоопко тартабыз. Мындан ары элибиз ээн-эркин, өзүнүн каалаган максатында, мыйзамды бузбай жашоого мүмкүнчүлүк түзүлдү”.
Ташиевдин мындай эскертүүсү жөн жерден айтылган жок сыягы. Мурдараак, майдын ортосунда ИИМдин мурдагы жетекчи кызматкерлеринин бири кылмыштуу дүйнө менен тыгыз байланышта иштегенге шектелип кармалганы кабарланган. Кармалгандардын дагы бири олимпиадалык резервдин бир спорт мектебинин директору экени айтылган.
Маалыматтарга ылайык, Б.Т.К деп аталган шектүү ички иштер органдарында ар кандай кызматтарда иштеп, кылмыштуу чөйрөдө таанымал “Дөө Чыңгыз” деп аталган кримтөбөлдүн (Чыңгыз Жумагулов) өкүл атасы болгону белгиленген. УКМК ал ИИМде иштеп турганда Камчыбек Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун “калкалап”, кызматтык мүнөздөгү маалыматтарды да берип турганын билдирүүдө. Бирок бул боюнча шектүүнүн жактоочусу же жакындары эч кандай комментарий бере элек.
Бул окуя Кыргызстанда кримдүйнөнүн укук коргоо органдары жана спорт чөйрөсү менен бир кыйла аралашып кеткендиги тууралуу буга чейин болуп келген талкууну дагы күчөттү.
Милиция менен криминалдын байланышы
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери криминалдык дүйнө менен табакташ болуп кетти деген бул окуялар алгачкысы эмес. Акыркысы деп айтыш да мүмкүн эмес.
Мурунку ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев криминал менен бийликтин, анын ичинде укук коргоо органдарынын жетекчи адамдарынын ачык кызматташуусу алгачкы жолу 2005-жылы Рысбек Акматбаевден башталып, Камчыбек Көлбаев менен уланганын айтат. Ал Акматбаевдин уюшкан тобуна бир нече полковник иштеп, аларга кызмат өтөгөн учурлар болгонун, кийин аларды дагы башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү атып кеткенин белгилейт:
“Негизи, Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топто финансылык мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк болгон. Ошону бийликтегилер өздөрү жашырбай эле, уюшкан кылмыштуу топтордун чоңдору менен бардыгы эле жолугуп жүрбөдү беле. Президенттерден баштап, бардыгы эле жолугуп, резиденцияда кабыл алып жүрбөдүбү. Муну элдин бардыгы эле билет да. Ошонун арты менен алар ачык эле спорт түзүмдөрүнүн, федерацияларынын, олимпиадалык комитеттин президенттерин койдурууда чоң роль ойногон, аларды каржылап турган. Демөөрчү болуп, көбүнө батир алып берген. Бул процесс көп жылдан бери, эгемендик алгандан бери эле жүрүп келатат. 2005-жылы Рысбек Акматбаевди колдогондон кийин эң биринчи жолу билинген. Кийин мыйзамдагы ууру Көлбаевди биздин республиканын жетекчилери бардыгы колдоп жүргөнүн бардыгыбыз эле билебиз да. Кийин өзүңөр көрдүңөр, алардын кандай байлыгы бар экенин, элдин баары билет. Ошонун ичинде спорт чеберлерине ресторандарда иш-чараларды өткөрүп жүрүшпөдүбү. Жадагалса биздин спорт мектепте окуган мурунку премьер-министрлер менен министрлер дагы мыйзамдагы ууру менен өткөн ошондой чогулуштарга барып жүрүштү”.
Кылмыштуу дүйнө коолап-чайлап кетти делген Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин башкаруу мезгилдерин артка калтырып, 2020-жылдан берки жагдайга баам салсак, “милиция менен кримчөйрө жуурулушуп кетти” деген сөздүн аягы дагы деле суюлбай келет.
Массалык маалымат каражаттарында ар кандай уюшкан кылмыштар жана аларга милиция кызматкерлеринин катыштыгы тууралуу жаңылыктар байма-бай жарыяланып турат.
2022-жыл аяктап баратканда Кочкор районунда криминалдын өкүлдөрү ишкерди опузалап, ага жергиликтүү милиция кызматкерлери кийлигише албаган окуя бир кыйла чуу болгон. Кийин ал иштин алкагында Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги менен анын ыкчам иштер боюнча орун басары кармалган. УКМК аларды кылмыштуу топтун өкүлдөрүн калкалоого шектүү деп атаган.
2023-жылы УКМК ар кайсы мамлекеттик мекемелерден баш-аягы 180 кызматкер иштен бошотулганын кабарлаган. Маалыматка ылайык, алар мыйзамдагы ууру Камчыбек Асанбек менен коррупция боюнча соттолгон экс-бажычы Райымбек Матраимов менен катышы болгон. Анын ичинен бажы комитетинин 76 кызматкери жана ички иштер органдарынын 14 кызматкери бар экени айтылган.
УКМК төрагасынын мурунку орун басары, коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков соңку жылдары дагы милиция менен кримдүйнөнүн чырмалышкан мафиясынан мамлекет запкы жеп келатканын айтат.
“Акыркы 10-15 жылда бийлик, күч структураларынын кээ бир кызматкерлери менен аябай чырмалышып, өзүнчө бир мафиялык көрүнүштү түзүп койду. Укук коргоо органдарынын ичинен, өзгөчө милиция, бажы кызматкерлеринин арасынан УКТ менен чырмалышып, алар менен чогуу бир иштерди жүргүзгөн учурлар дагы көбөйүп кеткени бизге белгилүү. Баңгизаттын трафигин түзүп, ошонун негизинде түштүктөн Кыргызстанга, башка союздук республикаларга тараткан топтордун ИИМдин, прокуратуранын, УКМКнын кээ бир кызматкерлери менен бирге шугулданган учурлары да болгон. Ошонун бардыгы өнүгүп-өсүп отуруп мамлекеттин түзүлүшүнө өзүнүн катуу запкысын көргөзгөн. Үч жолку төңкөрүшкө дагы УКТнын өзгөчө таасири тийген. Алар шайлоо убагында дагы укук коргоо органдарында ыплас иштеген кээ бир кызматкерлер менен биргелешип, абдан коркунучтуу жагдайларды түзгөн учурлар пайда болгонун биз эч тана албайбыз”.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылдын соңунда жаңы жылдык кайрылуу кылып жатып, буга чейинки бийлик башындагылар кылмыштуу дүйнө менен коюн-колтук алышып кеткенин айткан.
“Бийлик менен кримчөйрө чырмалышып кетиптир, ошол себептен батыл чечимдерди кабыл алууга аргасыз болдук... Мурдагы башчылардын атын атабай эле коеюн. Баары эмес, бирок көпчүлүгү криминал менен коюн-колтук алышып кеткен. Криминал менен күрөш такыр болгон эмес. Тескерисинче, өздөрүнө жакпаган оппозициячы саясатчыларга криминалдарды жиберип, айрымдарын өлтүртүп, колдонуп жүрүшкөн. Бул эч кимге деле жашыруун эмес”.
Президент Садыр Жапаровдун командасы 2020-жылдын октябрында бийликке келгенде уюшкан кылмыштуу топторго каршы катаал күрөш жарыялаган. Андан берки төрт жарым жыл аралыгында “криматалык” Камчыбек Көлбаев баштаган бир катар ири “мыйзамдагы уурулар” өлдү. Дагы ондогону криминалдык дүйнө менен байланышты үзгөнүн жарыялашты.
Кылмыштуу чөйрө менен күрөшүүдө алар менен табакташ болгон мамлекеттик мекемелер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин “башы кетип” жаткан учурлар да бир топ.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кылмыштуу дүйнөдөн алыс болуп, так жана таза иштешин талап кылып келет. 2024-жылы 25-ноябрда Сузак РИИБнин жаңы курулган имаратын ачып жатып милиция кызматкерлерин “формага татыктуу болууга” чакырган.
“Ар бир жаран силерди көргөндө “Бул менин милициям, ал мени коргойт!” деши керек. Адамдар эгер милицияга кайрылса, мыйзамдуу жана адилет чара көрөрүнө ишениши керек”, - деген Ташиев.
Андан бир жыл мурун, 2023-жылдын ноябрында Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып криминал менен күрөш 2026-жылы уюшкан кылмыштуу топторду биротоло жок кылуу менен аяктарын билдирген.
Мурунку ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев “Эмне үчүн буга чейин укук коргоо органдарына “мыйзамдагы уурунун” үстүнөн бир дагы арыз түшкөн эмес?” деген суроону коёт. Ошол эле замат койгон суроосуна “Анткени “мыйзамдагы ууруну” бийлик өзү колдоп жатканын баары билчү, бул саясий маселе болуп калган” деп өзү жооп берди.
“Бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топ менен аябай катуу күрөш болуп жатат деп элдин арасында сөз болууда. Анткени дайым эле камоолор болуп жатат дегендей. Бирок, эгерде талдап көрсөк, “мыйзамдагы ууру” өлгөндөн кийин анын эң жакын кишилеринин (общактын мүчөлөрү) бирөө дагы бүгүнкү күндө түрмөдө отурган жок. Түрмөдө отурган “Женго” деген сыяктуунун бардыгы “мыйзамдагы уурунун” жакын кишилерине кирчү эмес. А Көлбаевдин эң жакындары бирөө дагы отурган жок. Бардыгы эле “биз уюшкан кылмыштуу топтон баш тарттык” деп тасмага сүйлөп коюшкан. Болду. Көлбаевден алынган мүлктү биз көрдүк да. Ал мүлктү Көлбаев өзү жалгыз эле чогулткан эмес да. Ага бирөөлөр чогултушкан. Ар бир жерде өзүнүн “смотрящийлери” болгон. Ошолордун бардыгы жазага тартылган жок. Алардын бардыгы подпольеге кирип кетти. Алар барбы-жокпу, азыр билинбейт. Бийлик аларды жазага тартышы керек болчу”, - дейт Өмүрбек Суваналиев.
Айрым эл аралык рейтингдерге карасак, кылмыштуулуктун деңгээли боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү алдыңкы 40 өлкөнүн, Азиядагы алдыдагы 5 өлкөнүн катарына кирет. Маселен, Numbeo ресурсунун “Кылмыштуулук индексинде” 2025-жылдын май айына карата 147 өлкөнүн ичинен 39-орунда турат.
УКМК төрагасынын мурунку орун басары, коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кылмыштуу дүйнө менен жуурулушуп кетпеши үчүн мамлекет башындагы жогорку жетекчилер өздөрү баш болуп таза жана мыйзамдуу иштеши зарыл деп эсептейт:
“Канткен менен, ушундай туура эмес көрүнүштөр, өзгөчө укук коргоо органдарынын кээ бир кызматкерлеринин ушундай туура эмес жолго барганы, мыйзамды бузганы, УКТ менен аралашып жүргөнү коомчулукта, мамлекетте иштеп жаткан органдын аброюн төмөн түшүрүп, ишенимди азайтат. Ошолордун аброюн кайра калыбына келтириш үчүн, биринчиден, жогорку деңгээлдеги мамлекет башчылары буга абдан мыйзамдуу жана туура багыт бериши керек. Экинчиден, ошол кызматта иштеген адамдар шектүү болуп калса жумуштан кубаланып, жазаланышы керек. Мыйзам бардыгына бирдей болушу керек. Үчүнчүдөн, укук коргоо органдарына жумушка аларда изилдеп, сынап жатканда тааныш же акча аркылуу эмес, позициясы туура, мыйзамды жакшы билген, таза жаштарды алганга аракет кылыш керек. Эң негизгиси, массалык маалымат каражаттарында дайыма ачык айтып, туура жана мыйзам чегинде маалымат берип туруш керек. Бул өзүнчө профилактика болуп турат”.
Спорт чөйрөсүнө криминалдын таасири
Баяндын башындагы УКМК жакында кармаган үч шектүүнүн темасына кайра кайрылсак – алардын Т.А.Т. деп аталган дагы бирөө, жергиликтүү медиалардын белгилешинче, спорт чөйрөсүндөгү аткаминер. УКМКнын ырасташынча, ал Камчыбек Көлбаевге (Камчыбек Асанбекке) жакын болуп жаш спортчуларды кылмыштуу чөйрөгө тартуу менен алектенген, Камчыбек Асанбектин спорт боюнча "куратору" болгон, олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин биринин директору кызматын ээлеген.
Мындан улам, Кыргызстандагы спорт чөйрөсү менен кримдүйнөнүн ынак мамилеси да коомдогу карт жара катары талкууланып турат.
Мындан туура бир жыл мурда парламентте спортчулардын маселеси көтөрүлгөн. Жаштайынан машыгуу менен алек болгон спортчулар көп учурда билим албай жана аскерге барбай калып, карьерасы аяктагандан кийин социалдык көйгөйгө тушугары айтылган.
“Токсонунчу жылдары спортчулардын жарымы оокат кылып, үй-бүлөсүн багабыз деп аргасыздан криминалга барышкан” деген депутат Элвира Сурабалдиева спортчулардын турак жай, билим алуу, аскерге баруу сыяктуу маселелерин чечүүнү сунуштаган.
Ага жооп берген Спорт департаментинин жетекчиси Айбек Абдымомунов “Спортчуларыбыз уюшкан кылмыштуу топтор менен токсонунчу жылдары эмес, азыркы учурда деле аралашып жүрөт” – деген сөздү айткан.
Андан 3,5 жыл мурда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгына жаңы келип, кримдүйнө менен катуу күрөш жарыялап жүргөн кездери, 2020-жылдын 24-декабрында берген маалымат жыйында спорт чөйрөсүнүн айрым бир катмары кылмышкерлерден кем калышпай, ишкерлерди коркутуп-үркүтүп жатышканын айткан:
“Биз криминалдык топторду жок кылгандан кийин, эми спортобщактар чыгышты. Мурдагы күнү биз ишкерлерден үлүш (дань) алып турган спортчуларды, күрөшчүлөрдү, өлкөнүн спорт чеберлерин, чемпиондорун жана алардын жакын ага-инилерин кармадык. Урматтуу спортчулар, мен силерге дагы кайрылам, силер кандайдыр бир криминалдык чыр-чатактарга катышып, элге басым кылбай, өлкө желегин дүйнө боюнча желбиретишиңер керек”.
Муну менен Ташиев дагы, Абдымомунов дагы жаңы нерсени айтып, коомдо жаңы көйгөй башталганын ачышкан жок, тилекке каршы. Кылмыштуу дүйнө спорт мектептери, машыгуу залдары жана федерациялар менен тыгыз кызматташып, белдүү спортчуларды өз катарына тартып кеткен учурлар кандай болуп келген болсо, дагы деле уланып жатат. Спортчулардын башы бириккен мекеме-уюмдарга өз кишилерин коюп, аларга каржылык колдоо көрсөтүп турган жана жаштардын арасында идеологиялык маанайды жайылткан көрүнүш акырындап күнүмдүк турмушка сиңип барган.
Маселен, “криматалык” Камчыбек Көлбаевдин бир тууганы Жолдошбек Көлбаев 2016-жылдан 2024-жылга чейин Кыргызстандын Дзюдо боюнча спорттук федерациясын жетектеп турду. Ошол системадан чыкканына карабай, анын жетекчиликке келишинде кримдүйнөнүн таасири болгон деген пикирлер көп. Маселе парламентке чейин жетип, бул көрүнүш расмий бийлик менен кримдүйнөнүн жуурулушуп калганынын белгиси катары сыпатталган. 2024-жылы бир тууганы Камчыбек Көлбаев УКМКнын операциясында атылып кеткенден кийин Жолдошбек Көлбаев дагы федерация жетекчилигин тапшырган. Башында “каралар” же алардын жакын адамдары отурган башка спорттук федерациялар да бир топ болгон.
Белдүү спортчулар менен спорт аткаминерлеринин кылмыштуу дүйнө менен эриш-аркак иштегенине келтирер мисалдар өтө көп. Алардын соңку учурлардагы бир-экөөнү эле атайын кызматтын маалыматтарына таянып эске салалы.
2021-жылдын башында Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаевдин айланасында чуулгандуу окуя тутанган. Ишти тергеген УКМК “Саркарбаев уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов менен жакшы алакада. Уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен тыгыз мамиледе болуп, көптөгөн криминалдык жаңжалдарга, анын ичинде белгилүү күрөшчү менен атышууга катышкан”, - деп билдирген.
Былтыр октябрда Бишкектеги спорт клубдарынын бириндеги куралдуу чырда Эл аралык бокс ассоциациясынын экстра-класстагы судьясы Мукаш Ырсалиев каза болгон. Атайын кызмат анын уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери менен мамилелеш болгонун жана алардын колдоосу менен “Береке” базарын өнөктөшү, Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мурунку тренери Жылдызбек Ниязалиевден тартып алганын кабарлаган.
Атайын кызмат буга чейин уюшкан кылмыштуу чөйрөнүн каржылык мүмкүнчүлүктөрү жогору болгонун, бирок кылмыштуу дүйнө менен күрөштө аларды миллиарддаган долларынан ажыратып, каржылык булактарын бөгөттөп салышканын билдирген.
Айрым спорт чөйрөсү менен кылмыштуу дүйнөнүн жуурулушуп кеткени тууралуу талкууларды талдап жатып, бул көйгөйдү өлкө жетекчилигине чейин көтөргөн бир окуя эске түшөт. 2014-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кылмыштуу дүйнө спортчу жаштарды колдонуп жатканына кабатырлануусун билдирген.
“Алар спорттун күрөш түрлөрү боюнча секцияларды ачып, иш жүзүндө криминалдарды даярдап жатышат. Тренерликке билими жана моралдык принциптери жок адамдарды тартышат. Жыйынтыгында бул адамдардын башында “биологиялык сынууга” (биологическая ломка) алып келип, өлкө үчүн көйгөй болуп калат”, - деген Атамбаев. Ал белгилүү спорт ишмерлери менен спортчулардын ЖМК аркылуу кайсы бир “кримтөбөлдү” колдогон кайрылуусун мисал келтирип, “бул спорт чөйрөсүнүн бир бөлүгү криминалдын таасири астында калганын айгинелеп турат” деген.
Бирок так ошол Атамбаевдин президенттигинин тушунда “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин токулган жалган шылтоолор менен абактан чыгып кеткендиги тууралуу маалыматтар маселенин тамыры андан бетер тереңде экенин айгинелейт.
Айтмакчы, 2005-жылдын күзүндө депутат жана Улуттук олимпиадалык комитеттин төрагасы Баяман Эркинбаевди атып кетишкенден кийин уюмдун жетекчилик орду бир айдан ашуун бош турган. Бул арада ал орунду ээлөөгө парламент депутаттарынан, ишкерлерден жана спорттук аткаминерлерден тартып криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрүнө чейин аракет кылышкан. Мындай көрүнүштөн улам Эл аралык олимпиадалык комитет Кыргызстанды мүчөлүктөн чыгарып сала жаздаган.
Шерине