Мунун алдында 2005-2009-жылдары Ошто мэр болуп иштеген Жумадыл Исаков кармалганы белгилүү болгон. Аны дагы коррупцияга жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шек санашкан.
Кыргызстанда күн алыс жемкорлук боюнча жаңы фактылар аныкталып, жер тилкелери, мүлктөр мамлекетке кайтарылганы тууралуу кабарлар чыгууда. Бийликтин коррупция менен күрөшү азыркы аткаминер, мамлекеттик кызматкерлерге кандай таасир этүүдө? Алар жемкорлуктан өзүн тыйып жатабы? Коррупция менен күрөштүн кийинки этабы мурдагы жергиликтүү бийлик башчыларына багытталабы?
Талас шаардык соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кенжебек Бокоевди 9-июлга чейин камакта калтырды. Анын баш коргоо чарасы сотто 10-июнь күнү каралды.
Укук коргоо органдары экс-депутат Кенжебек Бокоевдин кармалышынын аки-чүкүсүн жарыялаган жок. Коррупцияга шек саналып кармалганы тууралуу кыскача жана туюк гана маалымат берилди.
“2025-жылдын 9-июнунда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты Б.К.С. Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”, – деп айтылат мекеменин маалыматында.
Экс-депутат, анын жакындары жана адвокаты милициянын айыптоосу жөнүндө комментарий бере элек.
Улуттук телерадиокомпаниянын сайтына жарыяланган маалыматка таянсак, Бокоев Чыңгыз Айтматов районунун (мурунку Кара-Буура району) “Аманбаев айыл өкмөтүндөгү жер маселесине байланыштуу кармалган”.
Соңку ыкчам маалыматтарга байкоо салсак, февралдын соңунда атайын кызмат Аманбаев айылдык кеңешинин төрагасы менен атайын администраторун жер тилкелерин менчиктөөдөгү коррупцияга шек санап кармаган. Бирок, ал иште Кенжебек Бокоевдин тиешеси бар-жогу белгисиз.
Кенжебек Бокоев Кыргызстан эгемендик алган жылдары ишкерлик менен алектенген. 2005-2010-жылдары Талас облусундагы Аманбаев айыл аймагын башкарган. Ал 2010-жылы “Республика” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына депутат болуп шайланган. 2015-2021-жылдары “Республика-Ата Журт” партиясынын катарында парламенттин алтынчы чакырылышында депутат болгон.
Андан мурдараак Ички иштер министрлиги Ош шаарынын мурдагы мэринин кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана коррупцияга шек саналып кармалганын кабарлаган.
Жергиликтүү медиалар кармалган адам 2005-жылдан 2009-жылдын башына чейин Ош шаарын башкарып турган Жумадыл Исаков экенин жазган. Тергөө органдары анын аракеттеринен өлкө казынасы 72 миллион сомдон ашык зыян тартканын, анын орду толугу менен толтурулганын маалымдады.
Исаковдун жакындары менен жактоочулары да эч жерде комментарий берген жок.
"Эки жылда коррупциянын тамырын биротоло кыркабыз"
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 2-январдагы элге кайрылуусунда 2025-2026-жылдары коррупциянын тамыры толугу менен кыркыла турганын билдирген. 2024-жылдын этегинде кол коюлган “Коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына” киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык кармалган "коррупционерлерге" көрүлө турган чаралар өтө катаалдашканын айтты:
“Бизде эми мурдагыдай коррупционерлер кармалган болсо, мыйзам чегинде штраф менен бошонуп кете албайт, штраф дегенди алып салдык. Мындан ары коррупцияга байланыштуу кылмыштар менен кармалган адамдар сөзсүз түрдө түрмө мөөнөтүн алышат. Бул бир. Экинчиден, ошол адамдардын жакын туугандары – ата-энеси, жакын туугандары же өмүрлүк жарлары мамлекеттик кызматтарда иштеген болсо, мамлекеттик кызматтан четтетилет. Ал эми өздөрү жазага тартылгандан кийин өмүр бою мамлекеттик, муниципалдык же укук коргоо органдарын жумушка тура албайт. Мына, мыйзамдын катаалдыгы ушунда болду”.
"Күрөш тандалма жүрүүдө"..., "Тартип жолуна түшүүдөбүз"...
Жыл башынан бери “Кыргызиндустриянын” башчысы Жарасул Абдраимов баштаган катар мамлекеттик мекемелердин чоң-кичине жетекчилери коррупцияга шектелип кармалганы жарыяланып келет. Алардын тергөө иштери, соттук жараяндар тууралуу маалыматтар дээрлик жокко эсе. Мурунку жылдын этегинде Салык кызматынын төрагасы менен орун басары баштаган бир катар аткаминерлер коррупцияга шектелип кармалган. Ал иште мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү башында 3 млрд сом деп бааланса, Камчыбек Ташиев кийин 30 млрд сомго жеткенин билдирген. Ошол тушта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күтүүсүздөн кызматтан кетип, Ташиев анын отставкасын салыкчылардын ишине байланыштырган. Бул иштердин аягы эмне болгону коомчулукка беймаалым.
Саясат талдоочу Айбек Теңизбай коррупция менен күрөшүү системдүү жана адилеттүү жүрүшү зарыл деп эсептейт. Мында бардыгына бирдей, тандалма эмес, акча берип чыгып кетпегидей иш жүрүшү зарыл экенин айтууда. Кайсы бир мекеменин коррупционерди өзү кармап, тергеп, соттолушуна таасир кылып, моюнуна илинген акчаны кустуруп алууга жол берилбеши керектигин белгилейт. Эксперт бийликтин коррупция менен күрөшүндө тандалма иш-аракеттер байкалып жатканын айтты:
“Тилекке каршы, азыр бийликтин тегерегинде жүргөн бир топ элдин арасында ысымдары аталып жүргөн, коррупцияга малынган адамдар дагы бар. Эмнегедир алар жоопкерчиликке тартылбай, кээ бирөөлөрү аз көлөмдөгү акчаны мамлекетке “кайтарымыш” болуп, жоопкерчиликтен качып жатат. Анын бардыгын эл, жарандык активисттер көрүп жатат. Ошол окуяларды, ошондой кадамдарды көргөндөн кийин кантип бардыгы сонун, адилеттүү жүрүп жатат деп айта алабыз?”.
Айбек Теңизбай мындай иштер эл арасында “уурда, бирок кармалып калсаң 1% кайтарып туруп, куткарылып кетесиң” дегендей сезим жаратып жатканын белгилейт.
Ошол эле маалда, коомдо бийликтин коррупцияга каршы күрөшү натыйжалуу жүрүп жатат деген пикирлер да айтылып келет.
Жарандык активист Мукай Керимбаев коррупция менен күрөштүн натыйжасы жарандардын жашоосунда көз көрүнөө сезилип жатканын айтты.
Мамлекеттик курулуштардын активдешүүсү, бюджеттин толукталышы, айлык, социалдык жөлөк пулдардын эселеп көбөйүшү сыяктуу мисалдарды келтирди.
“Буга чейин ушуга окшогон объектилерге бөлүнгөн акча коррупциянын гүлдөп кеткенине байланыштуу натыйжалуулугуна жеткен эмес. Орто звенодогу чиновниктер туура эмес пайдаланып, жетпей келген. Акыркы учурларда коррупция менен күрөштүн негизинде натыйжасын берип атат. Көптөгөн объектилерибиз курулду, бюджетте акча жетиштүү. Биз жакында эле Жапонияда болуп келдик. Байкап көрсөк, алардын өнүгүүсүнүн эң негизгиси тартип экен. Ал жерде сен чоң болосуңбу, кичүү болосуңбу – мыйзам бардыгы үчүн бирдей. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Жапония сыяктуу болуп, ошондой жолго түшүп бараткандай сезилет”.
Эл аралык баа: Кыргызстанда коррупциялык абал начарлап барат
Арийне, бийликтин жасаган кардиналдуу аракеттери менен көрсөтүп жаткан натыйжаларына карабай эл аралык уюмдар Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн абалы начарлап баратканын билдирип жатат.
Transparency International уюмунун "Коррупцияны кабылдоо индексине" ылайык, соңку беш жылда Кыргызстандын рейтинги төмөндөп жатат. 2020-жылга чейин өргө жылган өлкө 2024-жылга чейин 6 упайга артка сүрүлгөн. Мындай көрсөткүч менен он жыл мурдагы абалдан да начарлап кеткен.
Саясат талдоочу Айбек Теңизбай өлкө бийлигинин коррупция менен күрөшүүдөгү шардана кылып жаткан иш-аракеттерине караганда эл аралык уюмдардын кесипкөй баалары ишенимдүүрөөк деген пикирди карманат.
“Эл аралык уюмдардын изилдөө ыкмалары жеке мен үчүн дагы да ишенимдүүрөөк. Анткени, алар бейтарап позициядан карашат. Мисалы, мен уурдап туруп же болбосо менин чөйрөмдөгүлөр уурдап, анан кайра мен өзүмдү “ууру” деп атабайм да. Биз ар дайым өзүбүз берген баага эмес, эл аралык коомчулук, эл аралык уюмдар берип жаткан бааларга түздөнүп жана сөзсүз ошолорду угуп, алардын корутундуларына жараша ишмердигибизди жүргүзүшүбүз керек. Ошондо анан биз каалаган ачыктык, биз каалаган адилеттүүлүк, өнүгүү болот”.
Президент Садыр Жапаровдун айтымында, коррупцияга каршы күрөштүн алкагында өлкө казынасына 200 миллиард сомдон ашык акча, 1100дөн көп кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөн. Мындай маалыматты ал 31-майда Бишкекте Улуттук коопсуздук комитетинин борбордук аппаратынын жаңы имаратынын ачылышында айтты. Иш жүзүндө бул ал өзү президенттик кызматка киришкен төрт жылдын жыйынтыгы.
Шерине