Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

"Кыргыз тилин колдойлу деген мыйзамга кантип каршы чыгабыз?"


АКШда жашаган Бермет жана Адам Абдишовдор китепканада отурушат.
АКШда жашаган Бермет жана Адам Абдишовдор китепканада отурушат.

21-майда парламентте “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери жөнүндө” мыйзамынын концепциясы биринчи окууда кабыл алынды. Айрым депутаттар тилге келгенде “жарма патриоттор көбөйүп кетерин” айтып, “жазалоого ашыкпай, тилди үйрөтүүгө, өнүктүрүүгө” көңүл бурууга чакырууда.

Парламенттеги талкууда “мектептерде класстан-класска көчүрүү үчүн кыргыз тилинен милдеттүү экзамен тапшыруу” деген талапты дагы сындашты. Эки жыл мурун “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзам кабыл алынган. Анда иш кагаздарын милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүү, расмий иш-чараларды кыргызча өткөрүү, мамлекеттик кызматкерлердин кыргызча билүүсүн милдеттендирген беренелер бар. Бирок коомдо мыйзам аткарылбай, кыргыз тили орус тилинин "басымында калды" деген кабатырлануу көп.

2023-жылы кабыл алынган “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамдын талабы боюнча 7 конституциялык мыйзамга, 11 мыйзамга жана бир кодекске тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн мыйзам долбоорунун эки топтому сунушталды.

Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил мыйзам боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев кайсы конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатканын санап өттү:

“КР президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “КР прокуратурасы жөнүндө”, “КР Министрлер кабинети жөнүндө”, “ КР Конституциялык соту жөнүндө”, “КР Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө”, “КР Улуттук банкы жөнүндө” жана КР Мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдарынын тиешелүү беренелери”.

Андан ары кайсы мыйзамдын кайсы талаптары кантип өзгөрүп жатканын чечмеледи.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттардын алдында мамлекеттик тилге астейдил көңүл буруу зарылдыгы турганын билдирди. Буга чейин ар кайсы себептерге кылчактап отуруп, мамлекеттик тилдин тагдыры кейиштүү абалга келип турганын белгиледи.

“Биз башкаларга жакшы көрүнөбүз деп, популист болуп, убактылуу бир упай топтойбуз деп жүрүп мына ушуга келдик. Ошон үчүн кыргыз мамлекетинде жашап атабы, кыргыз мамлекетинде иштеп атабы – мамлекеттик тилди билсин, сүйлөсүн. Бул жерде эч кандай кошоматтын кереги жок. Биз бул мыйзамды толугу менен колдошубуз керек. Керек болсо күчөтүшүбүз керек. Талаптар болушу керек. Эмне үчүн башка элдер өзүнүн тилин коргоп атат, керек болсо бала бакчага чейин билсин деп атат. А эмне үчүн биз башкаларга жакшы көрүнүп отурушубуз керек бул жерде?”

Арийне, сунушталып жаткан мыйзам долбоорлоруна депутаттардын бир бөлүгү караманча каршы чыгышты. Аларды төраганын чакырыгы да токтото алган жок, кескин сын-пикирлер айтылды.

Депутат Исхак Масалиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн тыюу салуу же жазалоо аркылуу эмес, аны эл арасына кеңири жайылтуу жолу менен алдыга жылууну сунуштады. Ал мамлекеттик тил боюнча класстан класска көчүрүү экзамени мектептерде чиеленишкен жагдайды жаратарын айтты.

“Ойлоп көрсөңөр, мына мектептерде ар бир класста кыргыз тилден экзамен тапшырыш керек. Тапшыра албаса эмне болот? "Көчөгө кет" деп айтабы? Же экинчи жылга калабы? Каалайбызбы-каалабайбызбы, бизде ар кандай улуттар бар. Ошондуктан, мамлекеттик тилге көңүлдү бурушубуз, иштетишибиз керек. Бирок анүчүн мугалимдерди даярдашыбыз керек, аларды окутуш керек. 20-30 орус тилдүү мектептер бар, эмне алар жабылабы?” - деди Масалиев.

Депутат Бакыт Сыдыков мамлекеттик тилди коргоодо чаржайыт кадамдарды жасай бербей, ишке системалуу мамиле кылууга үндөдү. Ал да жогорку окуу жайларында билим берүү 80% орус тилинде жүрүп жатканын, ишти ошол жакта жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.

Депутат Гуля Кожокулова кайсы мыйзам болбосун, кабыл алып жатканда ал Баш мыйзамга шайкеш келеби-жокпу деген маселе турарына токтолду. Эл өкүлү талапкерлерди мамлекеттик тилди билүүгө милдеттендирүү Баш мыйзамга каршы келип, улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнүн парламентке келишин чектейт деп буга чейин сындаган.

"Айрым мыйзам долбоорлору Баш мыйзамга ачык эле каршы келет, аларды өткөрүү менен конфликттик жагдай түзүлүп жатат. Тыюу салуу менен гана көйгөйдү чече албайбыз”, - деди Кожокулова. Ал сунушталып жаткан 18 мыйзам долбоорун талдоо- талкуусуз бир пакет менен өткөрүп жиберүү чекилик болорун эскертти.

Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгүн мамлекеттик тилди билүү боюнча депутаттыкка талапкерлерге коюлган талап көбүрөөк кызыктырды. Бир катары аны "ыңгайсыз талапкерлерге жасалган жасалма тоскоолдук" катары сыпатташты.

Депутат Элмурза Сатыбалдиев шайлануучу кызматтарга мамлекеттик тилди билүү талабын коюу өтө эле ашыкча экенин, ал элдин тандоосу менен чечилерин айтты.

“Элдин тандоосу болуп аткан жерге эмне кыласыңар силер кийлигишип? Эл англис тилин сүйлөгөн адамдыбы, жогорку билимдүү адамдыбы – өзү тандайт. Ар жерге мурдуңарды тыкпагыла да. Эми Жогорку Кеңешти шайлоо мыйзамына эмне тыгылдыңар? Ал жерде бир эле негиз бар – соттолбосун, соттуулугу болбосун. Аны эл тандайт. Аны тил комиссиясы тандабайт. Керек болсо сабатсыз бир Итибайды тандап алсын, ал өздөрүнүн тандоосу”.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдогон депутаттар да бир топ. Алар өлкө эгемендигинин негизги атрибуттарынын бири катары мамлекеттик тилди эч кимге кылчактабастан коргоого үндөп жатат.

Депутат Жанар Акаев башка тилдерди чектөө каралбагандан кийин, сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдоо зарыл экенин баса белгиледи. Ал айрым өлкөлөрдө мамлекеттик тилди билмейинче бала бакчага же мектепке албай жатканын мисал катары айтып өттү.

“Бүт дүйнөдө чакан мамлекеттер өзүнүн эгемендүүлүгү үчүн, улуттук иденттүүлүк үчүн күрөшүп атат. Ушундай учурда биз дагы эле жүз жылдап кулчулук аң-сезимден кетпей, башкаларга жүгүнүп, кулдук уруп, мына ошолорго жагынып калсак экен деген саясатыбызды токтотпойлубу. Туура 100 жыл мурун өзүбүздүн тилибиз болсун, эгемендүү өлкөбүз болсун деп Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахмановдор атылып кеткен. Мына, тарыхта калды ошол адамдар. Накта саясий элита ошолор. Кыргыз тили үчүн Касым Тыныстановдой күрөшкөн киши барбы? Эми ушул кыргыз тилди колдоп коёлу деген мыйзамга кантип каршы чыгабыз? Биз биринчи кезекте өзүбүздүн Кыргызстандын элине жагынышыбыз керек. Кайсы бир өлкөгө эмес. “Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт” деп таамай айтып койгон илгери ата-бабаларыбыз”.

“Мамлекеттик тилди колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин демилгеси менен даярдалган.

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев депутаттар азыр айтып жаткан сын-пикирлер 2023-жылы эле “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамда камтылып калганын айтты. Азыр башка мыйзамдарды ошого шайкеш келтирүү боюнча техникалык процедуралар жүрүп жатканын белгиледи.

“Эгерде силер азыр ушуга каршы болуп атсаңар, анда өзүңүздөр бекитип берген конституциялык мыйзамга каршы чыгып атпайсыздарбы. Анда кантип биз мыйзамды жөнгө салабыз? Кантип биз анда мыйзамдуу мамлекетте жашайбыз? Мектептер боюнча жаңы иш-ченем кирген жок, силер кабыл алып берген берене редакциялык түзөтүү гана болду. Көчүрүү экзаменин 2023-жылы өзүңүздөр кабыл алгансыздар. Ошонун редакциялык гана түзөтүүсү болду. Себеби, кээ бир аталыштар андай эмес экен, аталышы эле өзгөрдү, маани-маңызы 2023-жылы кандай болсо, ошондой бойдон эле калды. Аны ошондо көтөрүп, өткөбөсөңүздөр болот эле”.

Кыргызстан эки тилдүү өлкө – мамлекеттик тили кыргыз тили болсо, расмий тили катары орус тили таанылган. “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам алгачкы жолу 1989-жылы кабыл алынган. Андан чейрек кылым өткөн соң, 2023-жылдын июлунда “Мамлекеттик тил жөнүндө” жаңы конституциялык мыйзам чыккан.

Шерине

XS
SM
MD
LG