- Быйыл четтен негизинен Кытайдан картөшкө кирген экен. Бул азыкты импорттоого чын эле реалдуу муктаждык болдубу?
- Бул жылы картөшкө кымбат болгонун баарыбыз көрүп жатабыз. Кыргызстан базар экономикасынын алкагында иш жүргүзөт. Биздин өлкө Дүйнөлүк соода уюмунун, ЕАЭБдин мүчөсү болгондуктан эл аралык кандайдыр бир милдеттемелерибиз бар. Эгер базар баасы кымбат болуп жатса, ошол эле кыргыз ишкерлери сырттан андан арзаныраак товарларды киргизгенге кызыкдар болот. Ошол эле учурда ички товардын баасы арзандаса ага жараша сырттан кирген товар азаят. Маселен, логистикага кеткен чыгымдар, товардын өз наркы жергиликтүү бааны тарта албай калышы мүмкүн. Ошондуктан ушундай экономикалык себептерден улам картөшкө Кытайдан бир күнү келбей калышы да ыктымал.
- Ошол эле учурда кыргызстандык дыйкандар түшүмүн сата албай, убара тартканын айтып жатышты. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр быйылкыдай абалда калбашы үчүн кандай чаралар көрүлүшү керек?
- Кептин баары баада да. Эгер базарда кайсы бир товар сатылбай жатса, анын наркын азайтыш керек. Бул жерде деле ушундай экономикалык принциптер иштеши зарыл. Менин оюмча, бул жагдайды базар өзү жөнгө салат. Мамлекеттик саясатта, тагыраагы, өкмөттө бул маселени иретке келтирүү үчүн жолдору ачык. Мисалы, тарифтик жана тарифтик эмес протекционизм. Тарифтик дегенди биздин өлкө киргизе албайт, себеби ага эл аралык милдеттемелер жол бербейт. Ал эми тарифтик эмес болгон башка өлкөлөр муну абдан кеңири колдонуп келишет. Өзгөчө Кытай, Орусия жана Казакстан. Кытай фитосанитардык талаптарды бийик коет. Орусиянын Россельхознадзору карантин деген маселени бетке кармап, бизден өндүрүлгөн картөшкөнү өз аймагына киргизбей койгон учурлар бар. Мындай ыкманы коңшу Казакстан да колдонуп келет. Бул аларга кирген тиги же бул продукциянын көлөмүн ооздуктоо үчүн жасаган иши. Ошентип, сырттагыларга ачык айтпастан, көмүскөдө туруп эле ички базарды жана андагы дыйкандарды коргоо жолдору. Эгер кыргыз өмөтүнүн эрки болсо ошол эле мен жогоруда айткан ыкмаларды колдонушу толук мүмкүн. Бирок анын кесепеттери чоң.
Биз Кытайдын базарына кирели деп абдан аракет кылуудабыз, ошондуктан алар алып келаткан товарларды карантин же дагы башка маселе бар деп киргизбей койсок кесепети катуу болушу мүмкүн. Экспорттук товарларыбыз чектелиши ыктымал. Ошондуктан биз кайсы бир продукцияны өндүрүүдө жаңы технологияларды колдонуу, товардын өздүк наркын азайтуу жолдорун караштырып, түшүмдүүлүктү көбөйтүү менен төмөндөтсөк болот.
Ички жана сырткы рынокто да биздин дыйкандар сапаттуу товар өндүрүүгө өткөнү жакшы болот эле. Мисалы, азыр Кыргызстанда кулпунайдын орточо түшүмдүүлүгү 10 тонна болуп жатса, ошол эле Калифорнияда орточо түшүмдүүлүк 70 тонна. Ушул өңдүү маселелерди чечүү үчүн Калифорниядан мугалим чакырдык. Алар биздин агрономдорду өз билгендерине үйрөтүп кетип жатат.
- Ошентсе дагы базарда баа турукташкан жок. Азыр картөшкөнүн баасы 60 сомдон жогору бойдон турат. Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатында эмнелерге көңүл бурушу зарыл?
- Азык-түлүк коопсуздук маселеси мыйзамдарда деле жазылган. Негизги төрт функциясы бар, эң негизгиси - товар дефицит болуп, базарда жок болуп калбашы керек. Бизде азыр картөшкө бар, бирок кеп баада эле. Ошол эле учурда бул бааны ким аныктайт? Муну базар аныктайт, баары суроо-талапка жараша да. Мындай тенденция башка мамлекеттерде деле бар.
Экинчи фактор - азык-түлүктүн баасын эл экономикалык жактан көтөрө алышы зарыл. Мисалга, керектөөчү үчүн 60 сом кымбат болушу мүмкүн, бирок дыйкан үчүн абдан жакшы баа. Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн эмгегин баалай билүүгө да биз келишибиз керек. Анткени ансыз деле акчаны башка тармактарга коротобуз, ал эми дыйкандардын эмгегин баалай албай жатабыз. Андан сырткары бааны базар өзү жөнгө салат. Себеби, быйыл картөшкө кымбат болгондуктан кийинки жылы дыйкандар аны көп айдап, түшүмдүн көптүгүнөн баа кайра эле түшүп кетет. Ал эми 3-4-фактор бул азык-түлүктүн ден соолук үчүн пайдалуулугу же зыяндуулугу. Ушул жагдайларды эске алуу Айыл чарба министрлигинин милдети.
- Быйыл картөшкөдөн тышкары Орусиядан келген жылкы, бодо мал жана үй канаттуулардын саны 5-6 эселеп көбөйгөн экен. Түркиядан ташылган жумуртка да жалпы импорттун 80% жетип жатканы айтылууда. Бул көрүнүштүн жалпы экономикага таасири кандай болот?
- Ар бир болуп жаткан окуянын себептери бар. Суроо-талап көп болуп жаткандыктан сырттан кирген товарлардын саны да өсүп жаткандыр. Мисалы, ошол эле тоок жумурткасын өндүрүү жаатында ийгиликтерди жаратышты биздин мекендештер. Жумуртканын баасы азыр арзандады, себеби бул кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттик саясаттын жыйынтыгы болушу мүмкүн. Акыркы жылдарда ушул тоок чарба же балык чарбаларга жеңилдетилген мыйзамдар кабыл алынган, алардын салык төлөгөнү да абдан ыңгайлуу шартта болуп жатат. Эгер беш жыл мурда биз өз калкыбызды жумуртка менен 40-50% гана камсыздай алсак, ал азыр 100% жетти. Импорттун келиши тууралуу маселе жакшылап дагы да изилдениши керек. Жогоруда айтылган статистика реалдуулукка дал келбей калышы ыктымал.
Шерине