Ош облусунун Чоң-Алай районунда дыйкандар картөшкөсүн сата албай, чирип атат. Аймактагылар картөшкөнү жыл сайын Өзбекстан, Казакстан, Орусияга чейин экспорттоп келген. Быйыл суроо-талап жок болуп, баа түшүп кеткендиктен, картөшкө малга тоют болууда.
"Картөшкө сатылбай чирип, мээнет акталбады"
Чоң-Алайда дээрлик ар бир үй-бүлө картөшкө айдап жан багат.