Америкалык Bloomberg агенттигинин эсептөөлөрүнө караганда, орус рубли жыл башынан бери АКШ долларына карата 38% өсүп, "дүйнөдөгү эң тез өсүп жаткан валютага" айланды. Буга себеп катары Вашингтон баштаган соода согушунан улам доллардын алсыздашы, Орусиянын Борбордук банкынын катаал саясаты, жана Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр айтылды. Ошентип, рублдин куну жогорулаганы Орусияда иштеген миңдеген мигранттарга жагымдуу болду.
"Албетте, рублдин жогорулаганы биз үчүн жакшы. Анткени сенин үй-бүлөңдүн кем-карчы, дары-дармек, тамак-аш, кийим-кече, баары курстан көз каранды. Ал канчалык өссө, ошончолук көп акча алабыз. Биз бул жакка ошол үчүн келдик да", - деди Орусиянын Новосибирск шаарында иштеген тажикстандык Али. (Бул макаладагы мигранттардын аты-жөнү коопсуздуктан улам өзгөртүлдү).
60 жаштагы Али Орусиядагы мигранттар курстун өзгөрүшүнө тыкыр көз салып турарын кошумчалады.
"Айрымдар айлап үйүнө акча жибербей курстун өзгөрүшүн күтөт. Ал бир аз эле көтөрүлсө дароо банкка чуркап же тиркеме аркылуу салышат. Азыр да эл ошону менен алек".
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, мигранттардын акча которуулары Тажикстандын ИДПсынын 45%, Кыргызстанда 24%, Өзбекстанда 14% түзөт. 2024-жылы Орусиядан Өзбекстанга эле 11,5 миллиард доллар каражат жөнөтүлгөн. Бул бардык эл аралык которуулардын дээрлик 80% түзөт. Кыргызстанга Орусиядан которулган 2,7 миллиард доллар жалпы акча которуулардын 90% ашыгына барабар.
Тажикстандын Улуттук банкынын 2016-жылдан берки көрсөтмөсүнө ылайык, бардык которуулар өлкөдө ошол учурдагы сомонинин курсу менен гана жүргүзүлөт.
Дүйшөмбүлүк экономикалык серепчи Пайрав Чоршанбиев:
"Жыл башында миң рубль 110,9 сомони (10,38 доллар – ред.) болсо, азыр ал 137,3 (20-апрелдеги курс боюнча 12,8 доллар – ред.) болуп калды. Орусиядан акча алгандар үчүн олуттуу өзгөрүү", - деди ал.
Ушундан улам курстун өскөнү мигранттар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк дейт 35 жаштагы Далер. Тажикстандык мигрант Москвада иштеп, мекенинде үй куруп жатат. Далердин айтымында, анын үй-бүлөсү ал которгон 10 миң рублге тиричилик кылат.
"Мурун аялым: "Акча келди. Бирок бул жарым айга өп-чап жетет", - деп айтат эле. Азыр ал мурункуга салыштырмалуу жетип жатканын айтты. Курс төмөн кезде бир мүшөк цементке акчам жетсе, азыр эки мүшөк ала турган болдук. Азык-түлүккө, курулуш материалдарына да акчаны жеткирип калдык".
Кыргызстандык Анара Орусияда такси тармагында бир нече жылдан бери иштейт. Ал да айына үйүнө ипотекага жана дагы башка чыгымдар үчүн каражат которот.
"Дагы башка иштерге чыгып, суткасына төрт саат уктаган күндөр болгон. Ансыз насыяга, үй-бүлөмө акча жетчү эмес. Азыр эми жеткирип баштадык", - дейт мигрант аял.
Өзбекстандык Нафиса болсо, үйүнө каражатты доллар менен эмес рублдин курсуна карап, которуп калганын айтты.
"Мурун айлыктын баары тамак-аш, ижара жана башка чыгымдардан артчу эмес. Азыр Өзбекстандагы үйдө оңдоп-түзөө иштерине каражат бөлө баштадым. Рублдин курсу төмөндөбөсө экен деп отурам. Азыркы курска баарыбыз ыраазыбыз. Ушундай эле болсо экен".
Рубль болочокто кандай болот?
Эл аралык эксперттердин пикиринде, жыл аягына чейин орус рублинин куну кайрадан төмөндөшү ыктымал. Бул тууралуу Reuters агенттиги менен ой бөлүшкөн эксперттер айтышкан.
"Рублдин жогорулашынын негизги себептеринин бири - Борбордук банктын кайра каржылоо курсунун өтө жогору болушу (учурда 21 пайыз. – Ред.) Бул калкты банкка депозит салууга түртөт, бирок сөз инвестиция жана экспорт тууралуу болгон жок. Акыркы күндөрү Трамп баштаган соода согуштарынан улам доллардын алсыздаганы да буга кошумча болду. Жакынкы айларда рублдин курсу бир жагынан мунайдын баасынан, экинчи жагынан доллардын курсунан көз каранды болот. Демек, азыр рублдин гана эмес, валюта курсунун болочогун алдын ала айтуу мүмкүн эмес, - деди өзбекстандык саясат таануучу, Лондондо жайгашкан Борбор Азиядагы Due Diligence уюмунун директору Алишер Илхамов.
Бирок Орусиядагы эмгек мигранттары рублдин өскөнү убактылуу болсо да, Борбор Азиядан барган жумушчулардын агымын көбөйттү.
"Буга чейин ушул курстан улам Орусияга келбей мекенинде калгандар болгон. Алар азыр кайра Орусияга кайтып келе башташты. Жаз келгени мигранттар көбөйдү. Оор турмуш бизди бул жакка алып келип жатат", - деди тажикстандык Далер.
Орусия жарыялаган расмий маалыматтарга караганда, өткөн жылы өлкөгө Борбор Азиядан келген жарандардын саны өскөн. Росстаттын маалыматы боюнча, 2024-жылы Тажикстандан мурунку жылга салыштырмалуу (+107,6 миң), Өзбекстандан (+82,6 миң) жана Кыргызстандан (+79,3 миң) адам келген.
Жалпысынан Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылдын аягына карата өлкөдө 6,3 миллионго жакын чет элдик жаран кирген. Алардын негизги бөлүгү жогорудагы өлкөлөргө туура келет. 1,4 миллиондон ашыгы Өзбекстандан (23,3%), миллиондон ашыгы Тажикстандан (16,7%) жана Кыргызстандан 655 миңдей адам (10,4%) барган.
"Эмгек мигранттарынын саны боюнча Кыргызстан биринчи жолу экинчи орунга чыкты", - деди Орусиянын Ички иштер министри Алекстандр Горовой.
Ошол эле кезде былтыр Орусиядан чыгып кеткендер көп болду. Маалыматка караганда, 2024-жылы 190 миңден ашуун адам депортация болгон. Бул 2023-жылга караганда 31,1% аз. Тажикстандын прокуратурасынын маалыматына караганда ,былтыр Орусиядан 30 минден ашуун тажик жараны чыгарылган.
"Албетте, рублдин куну өскөнү мигранттардын көбөйүшүнө шарт түзөт. Бирок ошол эле кезде Украинадагы согушка тартуу кооптонуусу жана бийликтин басымы белгисиздик шартын түзүп жатат", - деди талдоочу Алишер Илхамов.
Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдан бери борбор азиялыктарды Украинадагы согушка ар кандай жол менен тартуу аракеттери жүрүп келет. 2024-жылы Москванын жанындагы "Крокус сити" концерттик залында болгон теракт үчүн жоопкерчилик борбор азиялыктарга жүктөлгөндөн кийин Орусияда ксенофобиялык маанай жана мигранттарга карата басым күчөгөн.
Укук коргоочулардын айтымында, мыйзамсыз камоолор, күч түзүмдөрүнүн кысымы, жапырт текшерүүлөр боюнча арыздар былтыркы жылы кескин көбөйдү. 2024-жылы орус бийлиги мигранттардын жашоосуна түздөн-түз таасир эткен бир катар мыйзамдарды да кабыл алды.
Көзөмөлдөгү адамдардын реестрин түзүлүп, мигранттардын балдарынын билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелип, тил сынагын катаалдашты.
"Рублге байланышкан маселе акча которууларды көбөйткөнү менен Орусияда мигранттар кабылган дискриминация, эч кандай себеп жок депортацияга туш болуу сыяктуу жалпы көйгөйлөрдү чечпейт", - деди «Зеркало» социологиялык изилдөө борборунун директору Гүлнара Бекназарова.
Ошол эле кезде экономикалык себептерден улам Орусияга барган мигранттар алардын өмүрүнө жаралган коркунуч жана укук бузууларга көп маани бербей турганын миграция боюнча адис Нодира Абдуллаева айтат.
"Крокустагы террактан кийин мигранттар басымдын алдында жашап жатышат. Анын кесепеттери дагы узакка созулат. Азыр борбор азиялык мигранттар Орусияны кооптуу жай катары кабылдай башташты. Буга тыкыр текшерүүлөр, депортация жана өлкөгө кирүүнү чектеген факторлор себеп. Бирок биз иш жүзүндө Орусияга иш издеп келгендер ага да көңүл бурбай жатканына күбө болуп жатабыз", - деди Абдуллоева.
Гүлнара Бекназарова мигранттарга болгон мамиле өзгөрбөсө алар башка өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болорун белгиледи:
"Алар башка багыттарга ыктай башташат", - деди ал.
Маселен, былтыр Тажикстандын өкмөтү Индия, Катар, Түркия, Түштүк Корея өңдүү 15ке чукул өлкө менен келишим түзгөн.
Нодира Абдуллоеванын айтымында, Өзбекстан менен Кыргызстан да жарандарын башка өлкөлөргө жиберүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жатышат.
"Тил жагынан тоскоолдуктар, виза, квалификациясынын жоктугу мигранттардын башка багыт тандоосуна тоскоол болууда. Айрыкча аялдар, айыл тургундары, социалдык жактан колдоосу, байланышы жок аярлуу катмарга оор".
Абдуллаева ушундан улам да Орусия дагы деле негизги багыт бойдон кала берерин божомолдоодо.
"Бир топ үй-бүлөлөрдө андан башка тандоо жок", — дейт эксперт.
Шерине