Кыргызстандын Тышкы иштер жана Миграция министрликтери банк карталарына байланыштуу кайрылуу көбөйгөнүн ырастап, мигранттар менен жеринде ишти күчөтүп жатканын билдирүүдө. Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгаруу боюнча жаңы талаптар 5-февралда күчүнө кирди.
"Кор болдук, үнүбүз жетер бекен?"
"Бизге абдан катаал мамиле кылып, мигранттарды жөн эле кор кылып жатат. Эми болсо толук акчабыз менен банк карталарыбызды бөгөттөп койду. Мигранттарга жардам берген, күйгөн адам бар бекен бийликте?. Жардам берип, келип бетме-бет сүйлөшө турган, чече турган инсан бар бекен, үнүбүз ошол жакка жетет бекен?"- деди өзүн Мырзагүл деп тааныштырган Кыргызстандын жараны.
Ал Орусияда миграциялык мыйзамдар күчүнө киргенден баштап банк карталары күтүүсүз бөгөттөлүп, акчасын ала албай жаткан мигранттардын катары калыңдаганын айтып "Азаттыкка" кайрылды.
Мырзагүл кыргыз бийлигине кайрылып, мигранттар кабылган көйгөйдү чечүүгө жардам берүүнү сурады. Өзү Москвада иштей турганын айткан маектешибиз ага кайрылгандардын көбү такси кызматындагылар экенин билдирди:
"Яндекс такси бир гана Тинькофф банкы менен иштешебиз дегенинен карта алып, ошого уланганбыз. Азыр бүт эле таксисттердин күн сайын банк карталары бөгөттөлүп жатат. Сбербанк, БТБ дагы, башкалар дагы таксисттерди бөгөттөп жатат. Тинькоффко чалып сурасак, ИИМге кайрылгыла деп бизди милицияга жөнөтүп, ошолорго салып берип жатышат. Ал жакка барсаң каттооң базада жок экен деп беш миң рубль айып пул салат. Каттооңду көрсөтүп берсең эмгек келишимин сурайт. Яндекс таксиден берген келишимди көрсөтсөң бул өтпөйт дейт. Биз ошол менен салык төлөп жатабыз го десең, ал алган айлыгыңдын салыгы дейт. Дагы башка келишим дейт, дагы кандай салык экенин билбейм. Айтор мигранттарды Орусияда абдан кыйнап, түрдүү жактан кысым жасап жатат. Сахароводо кезек күтүп тургандарды аял-эркегине карабай сөгүп, түртүп, желим таяк менен урат, колго чабат, кемсинтет. Бир нерсе деп сөз кайтарсаң эле канча убактыңды, акчаңды кетирип чогулткан колуңдагы кагазды алып тытып таштайт. Ушундай ызы-чуу болуп жатат. Биз колубуз тытылып, суукта тоңуп, ак эмгегибиз менен тапкан акчабызды банкка салбаганга кайда салабыз? Жаныбызда алып жүрө албайбыз, сумкага салсаң жоготосуң, бир жерге катып коё албайсың. Эми минтип бөгөттөп жатат".
Мырзагүлдүн айтымында, мигранттар арасында кыйладан бери ичпей-жебей чогултуп жүргөн каражатын ала албай калгандар бар.
"Биздин өкүлдөр келип, биз Бажы биримдигиндебиз го, элди кыйнабагыла, мындай кысымга албагыла деп сүйлөшүп, бир жаңсыл кылып кете алышат бекен? Трибуна, микрофон талашып эле жүрүшөт. Мамлекетте жумуш жок болгон үчүн ушинтип талаалап жүрөбүз. Кыргызстанга барсаң жер тилкеси берилбейт, көп балалууларга үй берилбейт. Үй алып алалы деп аргасыз ушинтип жүрөбүз, бул жакта мындай көргүлүктү көрөсүң. Үч-төрт күндөн бери бөгөттөлүп, иштегенге жол бербей жатат. Биздин ушул маселебизди чечип бере алар бекен, үнүбүз жетет бекен, ушуну жеткизгилечи, суранам! Бирөөнүн 1,3 млн рубль акчасы банкта, дагы бирөө 800 миң, 400 миң ала албай жатат. Ал акчанын айтылышы оңой, бирок табылышы кыйын. Аны табыш үчүн күнүнө 16 сааттап, тытынып иштешет", - дейт ал.
Такси кызматында иштеген дагы бир кыргызстандык картасы 5-6-февраль күндөрү иштебей калганын айтып жатат:
"Тинькофф, 45 миң 600дөй рубль бар болчу".
"Бүгүнкү жасап жаткан иштери достукка жатпайт"
Жакында эле Кыргызстандын парламентинин айрым депутаттары Орусияда мигранттар менен жолугуп келген эле. Алардын бири, эл өкүлү Бактыяр Калпаев банк карталарына байланыштуу маселе боюнча диалог менен, тең ата талаптарды коюп сүйлөшүү жүргүзүү зарылдыгын айтууда:
"Орусия Бажы биримдигинде биздин өнөктөшүбүз, андан сырткары ЖККУда мүчөбүз, стратегиялык өнөктөшпүз деп айтабыз. Доспуз деп айтышат, бирок бүгүнкү жасап жаткан иштери достукка жатпайт. Өткөндө премьер-министри Мишустин кайсы бир фирманын кызыкчылыгын коргоп доомат койду. Ошол сыяктуу иштерди биздин өкмөт дагы алып барышы керек. Диалог аркылуу, чын эле союздаш экенибизди далилдеп, биз дагы талаптарды коюп, алдын алышыбыз керек. Биздин өнөктөштүгүбүз кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө болушу керек деп ойлойм".
Тышкы иштер министрлиги буга чейин билдиргендей, Кыргызстандын 76 974 жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган, башкача айтканда алар “кара тизмеде” турат. Булардан тышкары Орусияда миграция мыйзамдарын, эрежелерин бузган деп шектелип “тобокел тобуна” 72 миң жаран киргизилген. Бул топтогу тизмени тактоо, аларды реестрден чыгаруу, кеп-кеңеш берүү боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш алып барууда.
2025-жылдын 5-февралында Орусияда жүргөн 67 миңге чукул кыргызстандык көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилген жана алардын көпчүлүгүнүн банк карталары бөгөттөлгөн. Бул жарандар аталган реестрден чыгып, банк карталарын бөгөттөн чыгаруу жана башка чектөөлөрдү алып салуу үчүн өздөрүнүн укуктук макамын жөнгө салууга - Орусияда жүрүү укугун мыйзамдаштырууга же Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш. Бул тууралуу 11-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 5-февралдан тарта Орусияда миграция мыйзамдарына ылайык, өлкөдөн чыгаруу деген жаңы укуктук режим киргизилген, бул Орусияда жүргөн, бирок анда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери жок чет өлкөлүк жарандарга карата колдонулат.
Министрлик ошондой эле мындай мигранттар көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, банк кызматтарынан пайдаланууга, кыймылсыз мүлктү каттоого, транспорт каражаттарын башкарууга, никеге турууга укуксуз болору жана башка укуктары чектелери мурда эле кабарланганын эскертти.
"Өзүнүн укуктук абалын жөнгө салууну каалаган кыргызстандык жарандар Орусиянын аймагында убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз менен Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына (Москва шаарында жашаган жарандар үчүн "Сахарово" миграциялык борборуна) кайрылууга жана иш берүүчү 2025-жылдын 30-апрелине чейин күбөлөндүргөн эмгек же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү", - деп жазылган маалыматта.
Кыргызстандын жарандары мындан тышкары биометрикалык маалыматтарын тапшырып, медициналык текшерүүдөн өтүүгө, Орусиянын мыйзамдарына ылайык төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздарын жоюуга милдеттүү.
Ошондой эле убактылуу жашоого уруксаты, эмгек же жарандык-укуктук келишими бар жана бул жол-жоболордон өткөн жарандар көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестрине киргизилген болсо, андан чыгуу үчүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына кайрылуусу керек.
ТИМ кыргызстандык жарандарды көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине кирип калбоо үчүн тез аралыкта бардык документтерин иретке келтирип, Орусияда мыйзамдуу жүрүүсүнө байланышкан бардык маселелерин чечип алууга чакырды.
"Тобокел тизмеден" 30 миңдей киши чыгарылды"
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров күчүнө кирген миграциялык мыйзамдарга байланыштуу кайрылуулар көбөйгөнүн ырастап, тобокел тобундагылар 42 миңге кыскарганын "Азаттыкка" билдирди:
"Азыр ошол тизмедегилерди толугу менен легалдаштырууга биздин Орусиядагы өкүлчүлүк жана элчилик жардам берип жатат. Бүгүнкү күндө 30 миңдейи "тобокел тизмеден" чыгарылды. Биздин өкүлчүлүк 7-февралга чейин 1700дөн ашуун кишиге кеп-кеңеш берди, полиция менен маселеси бар 41 жарандын көйгөйүн чечүүгө жардамдашты. Мындан сырткары жаштар менен иштеп, маалымат таратып жатабыз. Ички иштер министрлиги менен бирге дагы иштеп жатышат. Мындан сырткары мен бүгүн (10-февралда) Министрлер кабинетинин кеңешмесинде дагы ушул багытта саясий чечимге барышыбыз керек деген оюмду айттым".
Мигранттарга укуктук жардам берип келаткан Кыргызстандагы "Инсан Лейлек" уюму Орусия кабыл алган жаңы мыйзамдардын чет өлкөлүк жумушчуларга тийгизген таасирин же кесепетин анализдеп чыккан.
Аталган уюмдун өкүлү Нурсултан Карабаев бул тууралуу мындай дейт:
"2024-жылы эле биз мыйзамдарга анализ кылып, ошондо эле мигранттарга банк карталары бөгөттөлө турганын айтканбыз. Бирок анда мыйзам долбоорунда реестрге киргендерге 30 миң рублга чейин лимит, чектөө коюлат деп белгиленген. Бирок азыр анысы жок эле толугу менен бөгөттөлүп, бардыгын эле лимит жок бөгөттөп жатат. Орусияда жүргөн мигранттар дарыканага барабы, тамак-аш алабы, карта менен төлөй албай жатышат. Ошондо эле акчаңызды банкоматтан чыгарып, накталай кылып алгыла деп эскерткен элек. Ошондой эле болуп, реестрге киргендер дагы, айрым ага кирбегендердин дагы карталары иштебей жатат. Бул Орусиянын банктарындагы мүчүлүштүк десек болот. Ал качан оңдолорун айтуу азырынча кыйын".
Орусияда 5-февралдан тарта өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды чыгаруу режими күчүнө кирди. Ал мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулары үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.
Өлкөдөн чыгарыла турган чет өлкөлүктөргө банк эсептерин ачууга, автоунаа айдоого, никесин каттатууга, башка аймакка көчүүгө тыюу салынат. Алар жашаган жерге полиция ордерсиз бара алат, артынан соттун уруксаты жок деле техникалык каражат менен аңдып жүрүүгө уруксат берилет. Мындан тышкары мыйзамсыз мигранттарга тыюу салынган кызматтарды көрсөткөн адамдар айыпка жыгылат.
Банк картаңыз бөгөттөлсө, кайда кайрыласыз?
Миграция өкүлчүлүгү банк карталарга бөгөт коюлган болсо Орусиянын Ички иштер министрлигинин mvd.ru (мвд.рф) расмий сайтынан көзөмөлдөөчү реестрдеги жарандардын(реестр контролируемых лиц), ошондой эле migrant.kg сайтынан мыйзамсыз жүргөн жарандардын тизмесинен өзүн текшерүүнү сунуштоодо. Тизмелердин биринен аты-жөнү чыккан болсо өз абалын мыйзамдаштыруу үчүн 2025-жылдын 30-апрелине чейин Орусияда убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө тиешелүү арыз менен Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө, Ички иштер министрлигине караштуу Паспорттук-визалык кызматтарына (ПВС МВД РФ) жана Москвада Көп функционалдуу миграциялык борборуна (ММЦ Сахарово) эмгек/жарандык-укуктук келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркеп кайрылуусу керек. Мындан сырткары манжалардын издерин тапшыруу жана сүрөткө тартуу процедураларынан өтүүсү зарыл (мурда өтпөгөн болсо). Медициналык кароодон өтүү (өтпөгөн болсо же жарактуу мөөнөтү 12 ай бүткөн болсо), милдеттүү төлөмдөрдү төлөшү керек. Карыздарды Орусиянын сот приставдар кызматынын расмий сайтынан текшерсе болот. (https://fssp.gov.ru/iss/ip) Өкүлчүлүк белгилегендей, арыз менен кайрылган учурда жарандарга административдик штраф белгиленет, бирок “кара тизмеге” киргизилбейт жана аларга карата административдик чыгаруу жөнүндө (депортация, выдоврение) чечимдери кабыл алынбайт.
Ушул багытта кандайдыр бир суроо жаралса, кеп-кеңеш алуу үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнө кайрылса болот. Москва ш., Малая Полянка көч., 7-үй, корп. 5, (метро Полянка). тел. +7 996 968 98 97 (күнү-түнү иштейт); +7 925 030 26 27 (дүйшөмбү-жума 9.00-18.00 МСК).
Өткөн аптада Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев миграциялык мыйзамдар саясатташып кетпеши керектигин айткан. Элчи бул тууралуу 5-февралда Орусиянын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой катышкан жыйында билдирген.
Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк Телеграм-каналына реестр иштей баштагандан берки бир суткада 60 миңдей мигрант текшерилип, 7 миң киши "кара тизмеге" киргизилгенин билдирген.
Орусиянын ИИМи буга чейин 600 миңден ашуун мигрант мыйзамсыз жүргөнүн айткан.
2024-жылы Орусиядагы кыргызстандыктардын саны дээрлик эки эсе кыскарып, 350 миңге чейин азайган. Бирок бул өлкөдөн түшкөн акча көбөйгөн. Январь-ноябрь айларында 2 млрд 565 млн доллар келип түшкөн. Бул 2023-жылга салыштырганда көбүрөөк (2 млрд 531 млн).
Шерине