Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:48

Орусияда "тобокел топко" кирген мигранттар көбөйдү


Орусиядагы мигранттар. Иллюстрация сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстрация сүрөт.

Орусиянын Ички иштер министрлиги 700 миңге жакын чет элдик жаран "көзөмөлгө алынгандардын" реестрине киргизилгенин билдирди. Реестрден чыгуу үчүн мигранттар 30-апрелге чейин полиция бөлүмүнө барып, мыйзамдуу жүргөнүн ырастаган керектүү документтерди тапшырышы керек.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү маалымдагандай, Орусияда миграция мыйзамдарын, эрежелерин бузган деп шек саналып "тобокел тобуна" киргизилген кыргызстандыктардын саны өсүп, 83 миңге жетти. Буга чейин реестрге кирип калган миңдеген кыргызстандыктын банк карталары иштебей калганы маалымдалып, айрымдары даттанышкан.

"Эмгек келишими жасалма болуп, реестрге түштү"

Москвадагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын бири Сайрагүл жолдошу эмгек келишими жок болгондуктан Орусияда миграция мыйзамдарын бузган деп шек саналып чет элдиктердин “тобокел тобуна” же "көзөмөлгө алынгандардын" реестрине кирип калганын айтып берүүдө:

"Яндекс эмгек келишим бербегендиктен биз аны сатып алганбыз. Бирок ал базадан чыкпай калса мыйзам бузуу катары реестрге кирип калат экен. Келишимдин мөөнөтү бүткөндө документ толук эмес болуп реестрге кошула берет окшойт. Биз аны бир айга деп эле алганбыз да. Жолдошум өзү деле тизмеде барбызбы, жокпузбу деп улам текшерип жаткан, анан чыгып калды. Мыйзамдуу кылыш үчүн бир жерге пол жуугуч кылып орношуп, эмгек келишимин алды. Анын ордуна мен 1-2 саат иштеп, 15 миң сом алам. Келишим базага киргенден кийин эле жолдошум реестрден чыгарылды. Калган документибиз туура эле болчу".

Орусия баш калаасында эмгектенген дагы бир кыргызстандык Темирбек текшерүү күчөп, полиция мигранттардын жашаган үйүнө чейин кирип барып, рейддер өтүп жатканын айтты.

"Реестр боюнча катуу текшерип жатышат азыр. Көчөдө, жашаган жерлерге чейин келип, текшерип жатат. Биздин үйгө келе элек, бирок көчөдөн кармап жатат. "Сбербанк" менен "Тинькофф" карталарды бөгөттөп жатат. "Сахарово" борборуна барыш керек экен, ал жакка барса ИИМге баргыла дейт. Алар биз чечпейбиз дешет экен. Ошентип эле жүрүшөт".

Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев мамлекеттик телеканалдардын бирине курган маегинде 685 миңге жакын чет элдик жаран "көзөмөлгө алынгандардын" реестрине киргизилгенин билдирди. Анын айтымында, реестрден чыгуу үчүн мигранттар 30-апрелге чейин полиция бөлүмүнө барып, мыйзамдуу жүргөнүн ырастаган керектүү документтерди тапшырышы керек.

"Бул реестрдин негизги максаты – өлкөбүздө мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин санын чектөө. Башкача айтканда, биздин өлкөдө мыйзамдуу жүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоо", – деп түшүндүрдү министр.

Буга чейин реестерге кирип калган миңдеген кыргызстандыктын банк карталары иштебей калып, "Азаттыкка" даттангандар да көп болгон. Айрымдардын айтымында, көбү эч кандай миграциялык эреже бузбаса да кирип алган.

“Тобокел топко” киргизилген кыргызстандыктар 83 миңге жетти

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Орусияда миграция мыйзамдарын, эрежелерин бузган деп шек саналып “тобокел топко” киргизилген кыргызстандыктардын саны өсүп, 83 миңге жетти. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) алардын саны 72 миңдей деп билдирген болчу.

Москвадагы өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары Майрам Мамбетованын "Азаттыкка" айтымында, 2025-жылдын башынан бери тийиштүү документтерин мыйзамдаштырып, аталган тизмеден чыгып кеткен кыргызстандыктар да болду. Ошол эле учурда түрдүү себептер менен тизмеге кирген жарандар да көбөйүүдө:

Майрам Мамбетова.
Майрам Мамбетова.

"Азыр реестрге кирген кыргызстандыктардын саны 83 миңге жетип калды. Учурда Орусиянын 30-апрелге чейин документтерди тууралап алгыла деген мунапысынын негизинде жарандарга маалымат жеткирүү жагынан иштеп, аракет кылып жатабыз. Реестрден чыккандар деле бар, бирок негизинен көбөйүп жатат. Биздин кызматкерлер коштоп барып, жакшы түшүнө албай калгандар менен миграция маселелери боюнча бөлүмгө чогуу барып жатышат. Көптөрүнүн банк карталары бөгөттөлүп калып жатпайбы, ошону чыгарганга жардам берип жатышат. Бизге кайрылгандар көбөйдү. Күнүнө жок дегенде 60тай киши телефон чалат. Акыркы жумада Москванын четиндеги чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу "Сахарово" борборунан чалып, кайрылгандар дагы көбөйдү. Ал жакка түшүп калгандар дагы көбөйдү. Документтерин мыйзамдаштырабыз деп барып, ошол жерден кармалып калган учурлар дагы болууда".

Өкүлчүлүктүн маалымдашынча, учурда Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайда ("Сахарово") 57 кыргызстандык кармалып турат. Алардын ичинен бешөө - аялдар.

Москвадагы "Кыргыз биримдиги" коомунун вице-президенти Чынарбек Базарбаев Орусия миграция мыйзамдарын толугу менен иштетип, анын негизинде текшерүү дагы күч алганын белгиледи. Анын айтымында, майда-барат мыйзам бузуу менен, мисалы, троллейбуска жол кире төлөбөгөнү үчүн "көзөмөлгө алынгандардын" реестрине кирип калгандар бар:

Чынарбек Базарбаев, юрист.
Чынарбек Базарбаев, юрист.

"Азыр текшерүү мурдагыдан дагы күч алган. Убактылуу реестрге түшкөндөрдүн саны көбөйүүдө. Буга чейин билинбеген кемчиликтердин баары азыр ачыкка чыгып жатат. Чет элдиктер "Сахароводон" манжа издерин жана медициналык кароодон өтүшү керек болсо, биздин мекендештердин көпчүлүгү аны башка клиникалардан алып келишкен да. Эми ал базадан чыкпай, Москва шаары, Москва облусу боюнча "Сахароводон" гана алуу сунушталып жатат. Биздин мекендештердин арасында буга чейин аты-жөнүн өзгөртүп келгендер, эки же андан көп айыппул алгандар, документин өз убагында узартпагандар жана ар үч ай сайын чек арадан кирди-чыкты кылып келгендер ушул реестрге түшүп калууда. Метродо, башка шаарга каттаган поезддерде, автобуста жол кире төлөбөй, айыппул алып, "тобокел тизмеге" кирип калгандар өтө көп. Алар реестрге кирип калганы үчүн каттоого турууга дагы мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат. Документтери толук эмес болуп калган учурда ал тизмеден айыппул менен же анысы жок дагы тизмеден чыгарылып жатат. Ал жакка мекендештер бардык документтеринин көчүрмөсүн алып барыш керек. Эмгек келишими, жашаганын тастыктаган миграциялык карта жана каттоосу, манжа издерин, медициналык кароодон өткөн кагазын алып барса бир жуманын ичинде реестрден чыкса болот".

Чет элдик жарандар үчүн "көзөмөлгө алынгандардын" реестри 5-февралдан тартып иштей баштаган. Бул тизмеге түшкөндөрдүн укуктары кескин чектелет. Ошондой эле мындай мигранттар көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, банк кызматтарынан пайдаланууга, кыймылсыз мүлктү каттоого, транспорт каражаттарын башкарууга, никеге турууга укуксуз болору жана башка укуктары чектелери кабарланган.

Ушундан кийин бир нече кыргызстандык мекендеш банк картасы иштебей калганын, ири суммадагы каражатын ала албай жатканын айтып "Азаттыкка" даттанышкан. Алар Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө экенин белгилеп, кыргыз бийлигин мигранттар кабылган көйгөйдү чечүүгө көңүл бурууга чакырышкан.

Февралдын соңунда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев орус Мамлекеттик Думасынын Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештиги, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасы Леонид Калашников менен жолугушуп, мигранттар үчүн ЕАЭБде каралган шарттарды сактоого чакырган.

Орусияда эмгектенген Мырзагүлдүн дагы банк картасы эч кандай эскертүүсүз бөгөттөлүп калган.

"Биримдикке кирбеген өлкөнүн жарандарына кандай мамиле кылса, ошондой эле болуп жатат. Өзгөчө Москвада кыргыздарды да кошуп мазактап жатат, өтө өкүнүчтүүсү ушул. Эгер Бажы биримдигинин (ЕАЭБ ушул биримдиктин негизинде түптөлгөн - ред.) пайдасы тийбесе, эмнеге кошулдук деп жиним келет. Бул жакта Орусиянын органдары реестрге түшкөндөрдү "кирди-чыкты кылгыла 1-апрелге чейин, эч ким тийишпейт" деп айтып, Казакстанга барса андан ары кетирип, кайра киргизбей жатат", - деди Москвада иштеген мекендешибиз.

Юрист Чынарбек Базарбаевдин 30-апрелге чейин документтерин тууралабагандар жаңы чектөөлөргө дагы кабылышы ыктымал экенин эскертти.

"Азыр карта иштебей калгандан башка дагы чектөөлөр көп. Нике тууралуу күбөлүк ала албайт. Жакында метрого, автобуска, учакка дагы билет сатылбай турган чектөөлөр киргизилет деп күтүлүп жатат. 30-апрель документтерди легалдаштыруу мунапысынын акыркы күнү. Ошого чейин үлгүрбөсө биздин мекендештердин көбү жаңы чектөөлөргө дагы кабылышы ыктымал. Мисалы, азыр билет алып, учуп баратканда дагы кармалып, артка кайтарылган, полиция бөлүмдөрүнө алып келинген жарандардын саны акыркы 10 күндө өтө көбөйдү. Мурда билетим бар деп көрсөтсө коё берчү".

ТИМдин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 088 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 907 жаран Орусияда миграциялык каттоого алынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG