Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:14

АКШ: Мигранттарга келген кат, Трамптын жаңы программасы


АКШ президенти Трамп мыйзамсыз жүргөн мигранттар боюнча жаңы программа ишке киргизерин билдирди. Ал мигранттардын өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетиши үчүн акча сунушталарын айтты. Буга чейин CBP One тиркемеси аркылуу киргендерге АКШдан чыгып кетүүнү талап кылган каттар келе баштаган.

Трамптын жаңы программа киргизүү ниети

АКШнын президенти Дональд Трамп мыйзамсыз жүргөн мигранттар боюнча жаңы программа ишке киргизүүнү максат кылып жатканын 15-апрелде Fox Noticia каналына берген маегинде билдирди. Ал программада мыйзамсыз мигранттардын өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетиши үчүн акча сунушталарын айтты.

Анын билдирүүсүндө, бул программа менен АКШдан чыгып кеткендерде кайра мыйзамдуу киргенге мүмкүнчүлүк болот.

"Биз аларга билет үчүн акча беребиз, андан кийин алар менен иштешебиз. Эгер өздөрүн жакшы алып жүрсө, эгерде биз алардын кайтып келишин кааласак, анын үстүндө иштейбиз", - деди Трамп.

Буга чейин CBP One тиркемеси аркылуу киргендерге АКШдан чыгып кетүүнү талап кылган каттар келип жатканы маалым болгон. АКШнын тиешелүү мекемеси мыйзамсыз жүрөт деп эсептелген мигранттарга каттар жөнөтүлүп жатканын ырастаган. Катта өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу талапты аткарбагандар сот жообуна тартылары эскертилген.

"Азаттык" кат алган кыргызстандык айрым жарандар менен байланышты. Кошмо Штаттарда үч жылдан бери жашап, иштеп жаткан кыргызстандык Азизге Американын Ички коопсуздук министрлигинен дал ушундай тариздеги кат келген экен.

"Убактыңыз бүттү. Өз ыктыярыңыз менен чыгып кетиңиз мамлекетиңерге" дептир. Документтерим бүтө элек болчу. Сот улам жылдырылып жаткан".

АКШга адеп Мексика аркылуу кирген Азиз учурда трак айдап иштейт. Ал электрондук почтасына жөнөттүлгөн катта депортация туралуу сөз бар экенин айтып берди:

"589 деген форма бар. Бул саясий башпаанек суроо. Ошол формага тапшырган адамдардын үйлөрүнө, почталарына мындай каттар келип жатыптыр. Жакында эле келе баштады. Аккаунтту сага башка адам ачып берет. Бирок ал адам дарегин өзгөртүп салса, кат келгенин билбей калат. Көбү эле билбей жатат. Анткени почтанын логин, паролу да ошол кишиде калат. Бирок мындай кат көбүнө эле келип атат менин тааныштарымдан", - деди ал.

Азиз өзү алган каттын көчүрмөсүн көрсөттү. Анда өлкөдөн чыгуу тууралуу айтылган менен бул талап качан аткарылары тууралуу так мөөнөт көрсөтүлгөн эмес.

АКШнын ички коопсуздук министрлигинин каты.
АКШнын ички коопсуздук министрлигинин каты.

"Эгер сиз Америка Кошмо Штаттарынан дароо чыгып кетпесеңиз, бул жерде калуу үчүн башка мыйзамдуу негизиңиз жок болсо, укук коргоо органдары күчтөп чыгарышы мүмкүн", - деген мааниде жазылган бул кат.

Азизге келген электрондук катта ошол эле кезде АКШ президенти киргизген CBP Home программасы менен өлкөдөн чыгып кетсе болору да жазылган.

"Бул программа көп эле адамга жагып атат. Кетем дегендерге. Менин кетебиз деген тааныштарым өтө эле көп. Кетирип салса деле коркпойбуз. Ага деле даярбыз. Кыргызстанды сагындык, кете турган деле убакыт келди".


"Азаттык" байланышкан бир нече адам кат алганын ырастады, дээрлик баары АКШга Мексика аркылуу мурунку президент Жо Байдендин учурунда кирип, башпаанек сурашкан. Арасында CBP One тиркемесин колдонгону, колдонбогону да бар.

Кыргызстандык Айзуура учурда Калифорния штатында уч жаштагы баласы менен ушул жылдын январь айынан бери баш калкалап турат. Анын жолдошу детеншн же чек арадан мыйзамсыз өткөндөр убактылуу кармалчу жайда. Кыргызстандык келин үй-бүлөсү менен Мексика аркылуу Америкага мыйзамсыз жол менен киргенин, соңку апта ичинде жогорудагыдай катты эки ирет алганын айтып берди:

"Биз 2-январда келгенбиз. Иммиграция жана чек ара кызматына барып келдим. Бүгүн кечинде саат 8дерде мага мындай [кат] эки ирет катары менен келди. Азыр түнү менен уктабай отурам. Анын жолун издеп. Мен азыр эмне кылышымды билбейм. Адвокаттар мага да жооп бере элек".

СBP One тиркемесинин ордуна CBP Home

Акыркы жылдары Мексика аркылуу АКШга барган борбор азиялыктардын саны арбыган. “Америка кыялына” жетеленгендер чытырман токойду аралап, деңизди желим кайыктар менен кесип өтүп, картелге тонолуп жатса да бул кооптуу жол менен Мексикага жетип, ал жерден CBP One тиркемеси аркылуу АКШга киргенге аракет кылышчу.

Убагында CBP One тиркемеси аркылуу чек ара жана бажы кызматтарына алдын ала катталып, АКШда эмне менен алектенери тууралуу кабар берип, күнүнө болжол менен 1450 адам чек арадан кирип турган.

Мексика аркылуу АКШга бараткан кыргызстандыктар. (архивдик сүрөт)
Мексика аркылуу АКШга бараткан кыргызстандыктар. (архивдик сүрөт)

Бул тиркемени Америка Кошмо Штаттарына Мексика аркылуу сапар алган кыргызстандыктар да активдүү колдонушкан. Тиркеме быйыл АКШ президенти Дональд Трампка кызматка киришкен 20-январдан тарта иштебей калган.

Чикагодогу "Кыргыздар биримдиги" уюмунун координатору Умар Жусупбеков өз ыктыяр менен АКШдан кеткен кыргызстандыктар бар экенин айтты:

Умар Жусупбеков, АКШ
Умар Жусупбеков, АКШ

"Үч, төрт күн болду бир мыйзам чыгарып коюшту. CBP One аркылуу чек арадан дата алып, келгендерге үйгө кайтуу программасын смс менен сунуштап башташты. Кат аркылуу да жиберип башташты. Ар бир кечиккен күнүнө 998 доллар же мындайча айтканда, күнүнө 1000 долларлык айып пул менен коркута баштады. Жарандар өзүлөрү эле кете баштаганын уктук. Аябай массалык түрдө болгон жок. Бирин-экин мекендештерибиз кат келгенден кийин адвокаттарга кайрылып, бул жакта калуунун мыйзамдуу жолун караштырып жатышат".


АКШнын Улуттук коопсуздук департаментинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын январында ишке киргизилген CBP One тиркемесин 2024-жылдын декабрына чейин бир миллионго жакын адам колдонгон.

Аларга иммиграция процедуралары жыйынтыкталганга чейин Америка Кошмо Штаттарында эки жыл жашап жана иштөөгө уруксат берилген.

Марина Соколовская.
Марина Соколовская.

"Мексика менен АКШнын чек арасын CBP One тиркемесинин жардамы менен кесип өткөн жаран бул программа аны коргоого багытталган деп ойлогон. Айрымдар жаңылыш түрдө бул программа АКШга жер которууга же жакындарына барууга жардам берет деп ойлогон. Борбор азиялыктар да ушундай эле пикирде болгон. Бирок иш жузундө сен бул тиркемеге катталып, ДНК анализдерин тапшырып, дарегиңдин баарын көрсөтүп, анан чек арадан өтүшүң керек эле. Андан кийин дароо 589 формасы же башпаанек алуу процедурасы башталмак. Ал ондогон баракка жазыла турган маалыматты камтымак. Азыр эми бул тиркемени колдонгонуна да, колдонбогонуна да, 589га тапшырганына, тапшырбаганына да кат келип жатат. Ал адамдарды табуу оңой эле. Алар катталып жатканда электрондук дарегин көрсөтүшкөн. Сага кепил болгон адамдын жашаган жери көрсөтүлгөн. Демек, мындайча айтканда "бакыт каты" ушул даректердин бирине жетет", - деди АКШдагы журналист Марина Соколовская.

"АКШдан чыгып кетүү керек". Америкадагы мигранттар алган кат
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:07 0:00



"Ассошиейтед пресс", "Би-Би-Си" сыяктуу эл аралык маалымат каражаттары жазгандай, АКШнын Ички коопсуздук департаменти бул аптада аталган тиркемени колдонгондорго жети күндүн ичинде ыктыярдуу түрдө өлкөдөн чыгып кетүү боюнча кат жиберилип жатканын ырастаган, бирок канча кишиге жөнөтүлгөнүн тактаган эмес. Ошондой эле бул талапты аткарбагандарга кайрадан АКШга кирүүгө тыюу салынары белгиленген.

АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм 8-апрелде президент Дональд Трамптын чек араны коргоо аракетинен майнап чыгып жатканын билдирди.

Кристи Ноем.
Кристи Ноем.

"Мурдагы президенттик админстрациянын тушунда көп колдонулган CBP One тиркемесин биз кайрадан иштеп чыктык.
Учурда CBP Home деп аталган колдонмо иштей баштады. Ал аркылуу федералдык өкмөт “эгерде сиз бул жерде мыйзамсыз болсоңуз, үйүңүзгө кетиңиз” деген өңдүү каттарды колдонуучуларга жибере алат. Бул тиркемеден өлкөдөн чыгуу тууралуу гана кабарлама бербестен учак билетин сатып алууга жана документтерди бүтүрүүгө жардам берет. Бизде чек арадан өтүүгө аракет кылгандардын саны февраль айында 94% кыскарды. Бул өлкөнүн тарыхындагы эң төмөнкү көрсөткүч болду. Мындай жыйынтыкка кыска убакыттын ичинде жеткенибиз сыймыктуу. Мунун баары ушул жерде отурган кызматкерлердин эмгеги".

Сөз болгон жогорудагы CBP One тиркемеси быйыл март айынан бери CBP Home деп өзгөргөн. Эми бул тиркеме мыйзамсыз мигранттарга өлкөдөн чыгуу ниетин билдирүүгө мүмкүндүк берет.

Тиркеме ошондой эле мигранттардан "АКШдан кетүүгө жетиштүү акчасы бар же жогун" жана алардын келген өлкөсү тууралуу маалыматты сурайт.

АКШдагы журналист Марина Соколовская учурда мигранттарды депортациялоо күн алыс болуп жатканын белгиледи:

"Биз жогоруда сөз кылган каттардын дагы бир максаты - бул мигранттар арасында коркуу сезимин пайда кылуу. Мисалы, трак айдап же башка иш кылып, акча табуу үчүн келген адам бул катты көргөндөн кийин эле "кеттим мекениме" деген ойго келиши мүмкүн. Мындай адамдардын саны да аз болбойт. Бул иш-аракеттин дагы бир максаты - Дональд Трамптын Байден учурунда өлкөгө кирген мигранттарды кетирем деген убадасын аткарып жатканын шайлоочуларына көргөзүү. Анткени, Трамп шайланып жатканда негизги басымды түштүктөгү чек арадагы кырдаалга жасаган. Мына эми ал ишке кириштим, силерге айткандарымды аткарып жатам дегенди билдирип жатат. Ал Байден силерге CBP One тиркемеси аркылуу киргенге уруксат берди беле, мен эми бул мүмкүнчүлуктөн силерди ажыратам деп жатат. Азыр каттар келгенине жети күн өтө элек жана биз анын кесепеттерин көрө элекпиз. Бирок депортация АКШда болуп жатат. Күн сайын мигранттарды үйунө кетирген процесс жүрүүдө".

20-январда Дональд Трамп экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкенден көп өтпөй бир топ жарлыкка кол коюп, Кошмо Штаттардын Мексика менен чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялаган жана мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын билдирген.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

“[АКШга] мыйзамсыз киргендердин баары дароо токтотулат жана биз миллиондогон, миллиондогон кылмыштуу чоочундарды келген жагына кайтаруу жараянын баштайбыз”.


Трамп иммиграция маселесине жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын Американын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети менен түшүндүрүүдө.

АКШдагы кыргызстандыктардын көбү Иллинойс штатында жашайт. Расмий маалымат боюнча алардын саны 40 миңден ашат. Бейрасмий маалыматтарда мындан көп экени айтылат.

Эл аралык уюмдар, мигранттар менен иштеген бирикмелер жана мамлекеттик мекемелер, ошондой эле Американын Бишкектеги элчилиги жарандарга эмгек миграциясына мыйзамдуу жолдор менен гана барууну такай эскертет.



  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG