Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Аялдын өмүрү үчүн 15 жыл. Айжандын иши, сот өкүмүнө нааразылык


Маркум Айжан Алыкулованын апасы Роза Жекшенова кызынын сүрөтүн кармап турат. 28-февраль, 2025, Бишкек
Маркум Айжан Алыкулованын апасы Роза Жекшенова кызынын сүрөтүн кармап турат. 28-февраль, 2025, Бишкек

Бир жыл мурун Бишкекте киши колдуу болгон 39 жаштагы Айжан Алыкулованын өлүмү боюнча соттун өкүмү чыкты. 13-март күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту бул боюнча Кирилл Дамировду Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен айыптуу деп таап, 15 жылга эркиндигинен ажыратты.

Мындан тышкары маркумдун жакындарына моралдык жана материалдык кенемте катары айыпкер тарапты 1,1 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Маркум Айжандын жакындары кыздын өлүмүнө айыпталып жаткан жаранды өмүр бою эркиндигинен ажыратууну соттон сураган. Эми алар шаардык сотко даттана турганын айтып жатышат.

39 жаштагы Айжан Алыкулова бир жыл мурда өзү жашаган батиринде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү деп жарандык никеде турган 34 жаштагы Кирилл Дамиров кармалган. Бүгүн, 13-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Айжандын өлүмүнө байланыштуу ишти карап, өкүм чыгарды. Судья Чолпонай Үмөталиева Дамировду Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен айыптуу деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркиндигинен ажыратты.

"Сот Дамиров Кирилл Камрановичти Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту ("Адамды мыкаачылык менен өлтүрүү") боюнча айыптуу деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 15 жыл жалпы режимдеги абакка эркинен ажыратууну өкүм кылат. Кирилл Дамировдун абактагы мөонөтү 2024-жылдын 24-февралынан баштап эсептелет. Анын бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылсын. Кирилл Дамиров, сот сизди ушул берене боюнча айыптуу деп таап, жашыңызды, биринчи сот жообуна тартылып жатканын эске алып 15 жылга кести", - деди судья.

Мындан тышкары сот Дамировду маркумдун жакындарына моралдык жана материалдык кенемте катары айыпкер тарапты 1,1 миллиондон ашык сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Мунун алдында айыпталуучу Кирилл Дамиров акыркы сөзүн сүйлөп, маркум Айжан Алыкулованын жакындарынан кечирим сурады.

"Мен туугандарынын алдында кечирим сурайм. Айжан экөөбүздүн мамилебиз олуттуу болчу. Ал баалуу жана маанилүү. Мен чындыгында ага эч жамандык каалачу эмесмин", - деди айыпталуучу Дамиров.

Айжан Алыкулованын өлүмүнө байланыштуу соттук отурум. 13-март, 2025, Бишкек
Айжан Алыкулованын өлүмүнө байланыштуу соттук отурум. 13-март, 2025, Бишкек

Жабыркаган тарап сот өкүмүнө нааразы экенин билдирди. Алар соттон Айжанды өлтүрүүгө айыпталган Дамировду өмүр бою эркиндигинен ажыратууну жана моралдык-материалдык чыгым катары 10 млн 748 миң сом төлөп берүүнү суранышкан. Мамлекеттик айыптоо да ушундай жаза сураган.

Адвокат Индира Саутова жабыркагандар менен кеңешип, жогорку инстанцияга кайрыларын "Азаттыкка" билдирди.

Индира Саутова.
Индира Саутова.

"Сот отурумунда ушул кылмыш иши боюнча өмүр бою жаза берет го деп үмүттү үзгөн эмесмин. Себеби далилдердин бардыгы келтирилген. Зөөкүрлүк менен адам өмүрүн кыйган адамдын жазасы мындай жеңил болот деп ойлогон эмесмин. Азыр сот 15 жыл деп жатат, анын тергөө абагында отурган 1 жылы эки жыл деп эсептелет. Ошондо 13 жыл болуп калат. Биз юристтер билебиз, 15 жыл деп айтылган менен ошол мөөнөтү толук жабык жайда өткөрбөйт. Анткени, андан чыгуунун жолу бар, мисалы мөөнөтүнөн мурда шарттуу же мунапыс деген. Сот моралдык жана материалдык чыгымды 1 миллион сомдон ашыгыраак деп берди. Бул менин тажрыйбамда биринчи жолу болуп жатат, көп учурда 100 миңдин тегереги чектелип калчу эле. Бир чети сот 15 жылга кесейин, бирок моралдык жагын көбөйтүп берейин деген шылтоодой болуп калды. Өкүнүчтүү болуп калды".

Жабыркаган тараптын адвокаты Такен Молдокулов буга чейин Дамиров сот процесси учурунда эле көрсөтмөсүн төрт жолу өзгөрткөнүн буга чейин белгилеген. Ал тергөө ачык-айкын жүрбөгөнүн айтып, сот ишти кайра тергөөгө жиберүүгө тийиш болчу деп эсептейт.

Такен молдокулов.
Такен молдокулов.

"Кыргызстанда канчалаган кыз-келиндер ушинтип киши колдуу болуп, өлүм көбөйүп кетти. Мен буга чейин дагы 12-13-15 жыл абакка кескен менен токтоп калып жатабыз, бул көз карашты, стеоротипти сындыруу керек экенин белгилегем. Мындай иштерде өмүр бою абакка кесүүгө өтүшүбүз керек. Себеби өлтүрүлгөнү күбөлөрдүн айткандары, материалдар менен далилденди", - деди адвокат.

Айжандын апасы Роза Жекшенова кызынын өлүмүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен гана кылмыш иши козголуп, бирок кызын токмоктоп, кыйнаганы, үй-мүлкүнүн уурдалганы тууралуу кошулбаганын, тергөө буга да көңүл бурбаганын айтып, нааразылыгын билдирүүдө.

Роза Жекшенова, маркум Айжан Алыкулованын апасы.
Роза Жекшенова, маркум Айжан Алыкулованын апасы.

"Кыргызстанда эң арзан адамдын өмүрү экенин соттун бүгүнкү чечиминен кийин ишендим. Биздин үмүтүбүз бар эле, бир жыл чуркадык, укугубузду талаштык. Үйдүн талкаланганы, үйдөгу чоң суммадагы уурулук, кызды 1-2 саат эмес, 5-6 саат кыйнаганы боюнча бүт далилдер турганына карабай сот 15 жыл берди. Азыр эмнеге өлүм көбөйүп, зордук-зомбулук, кордоо өсүп жатат? Бул биздин мамлекетте аялдардын баасы, укугу тебеленип калганын көрсөтөт. Биз 10 млн сом моралдык зыян деп талап кылганбыз. Бул деле формалдуу түрдө, кызыңды өлтүргөн адамдын акчасы кимге керек!?", - деди маркумдун апасы.

28-февралда сот Айжан Алыкулованын өлүмү боюнча кылмыш ишинин чоо-жайы менен тааныштырган. Андагы соттук-медициналык экспертиза Айжандын кабыргалары сегиз жеринен сынып, баш сөөгү сынганын, өпкөсүнө жарым литр кан толгонун аныктаган. Өлүмгө башынан алган оор жарааты себеп болгону тастыкталган.

Аягы өлүм менен ар кандай жаракаттар менен аяктаган үй-бүлөлүк зомбулук фактылары Кыргызстанда көп катталууда. Укук коргоочулар жана жарандык активисттер соңку кезде аялдарга зомбулук күчөгөнүн кескин сындап, коңгуроо кагууда.

Былтыр жыл соңунда Бишкектин Биринчи май райондук соту киши колдуу болгон Рахима Айкымбаева боюнча өкүм чыгарып, күйөөсү Калыбек Байсаловду 15 жылга кескен. Үч баланын энеси, 34 жаштагы Айкымбаева былтыр апрелде өзү жашаган үйүндө, 27 жерине бычак жеп, наристесинин көзүнчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Муркумдун жакындарынын укугун "Сезим" кризистик борборунун юристтери коргогон. Аталган борбордун эксперти Сүйүн Курманова сот өкүмү тууралуу мындай пикирде:

"Бул биринчи эле болгон жок. Бизде ушундай болуп жатат азыр. Бул зомбулукка көнүмүш турмуштук адат катары көз караштын калыптанып баратканы деп түшүндүрсө болот. Же көнүмүшкө айландыруунун мисалы. Аялдардын укугу, кызыкчылыгы жөнүндө эмес, өмүрү жөнүндө сөз болуп жатса деле аягы ушундай мамиле болуп жатат. Бул гендердик саясаттын канчалык артка чегингенинин көрсоткүчү. Мынчалык жырткычтык, ашынган агрессия, коркунучтуу зомбулук боло элек болчу".

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) эсебинде, Кыргызстанда 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп.

Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен каза болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын 6 айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы 7 аял зомбулуктун курмандыгы болгон.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана гендердик теңчилик принциптерин бекем карманарын 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда белгилеген.

Мамлекет башчы 20-декабрда үчүнчү Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда балдарга, аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукту сынга алган.

Мамлекет башчы мындай көрүнүштөр үй-бүлө институтун бузуп, жарандардын адилеттикке болгон ишенимин жоготорун айтып, алсыз адамдарга күч колдонуу актоого жатпай турганын кошумчалаган.

“Коомубузда ар бир аялзат, ар бири бала өзүн коопсуз сезиш үчүн болгон күч-аракетти жумшоо биздин негизги милдет болушу керек. Бул милдетти так аткарганда гана адам деген бийик атты сактап, бири-бирин урматтаган, адилеттүүлүккө негизделген коомду кура алабыз”, - деген президент.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) эл аралык уюмунун отчетунда акыркы жылдары катары менен Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде келе жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG