Кыргызстандагы 16 кризистик борбордун экөө гана муниципалдык.
"Беш баламды жетелеп качтым"
29 жаштагы Гүлбарчын (аты өзгөртүлдү) чиедей беш баласын кучактап, кызыл камчы күйөөсүнөн качууга аргасыз болгон. Азыр келин кризистик борборлордун биринде убактылуу баш калкалап жашап жатат. Ал зомбулуктан качып, Бишкектеги борборго келгенине эки жума болгон.
"Ишенесизби, мен өз укугумду билчү эмес экем. Бир жолу күйөөм аябай катуу сабады. Бетим көгала болуп, милицияга бардым. Формачан балдар "күйөөңүз акмак экен, сөзсүз жазалайбыз, кантип ушу кишиге чыдап жашап жүрдүңүз?" деп жатышкан. Бир кезде күйөөм менен кайнатам келип, алар менен сүйлөшүү үчүн башка бөлмөгө кирип кетишкен. Чыккандан кийин эле милиция кызматкерлеринин сүйлөгөн сөзү өзгөрүп калды. "Беш балаңыз менен кайда бармак элеңиз, күйөөңүздү кечириңиз. Эми башка кайталабайт" деп күйөөмө кошуп узатып коюшту. Үйгө келгенде күйөөм "сенин айыңдан бирөөгө жөн жерден 5 миң сом бердим" деп дагы сабады. Башка аргам калбаганда, беш баламды жетелеп качтым", - деди Гүлбарчын.
Ал эми Айседептин (аты өзгөртүлдү) кош бойлуу экенин уккан жигити баланы бойдон алдырууну сунаштаган. Кошуна-колоң кеп кылат деген ата-энеси Айседепти үйүнө кабыл алуудан баш тарткан. Ал айласыздан Балыкчыдагы кризистик борборго келгенин айтып берди.
"Мага бала керек эмес, алдырып сал деп кордук көрсөтө баштады. Мен анын сунушуна макул болбой баланы жарык дүйнөгө алып келгенге аракет кылдым".
Учурда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы "Бактылуу эне" кризистик борборунда үй-бүлөсүндө зомбулукка кабылган үч эне балдары менен жашап жатат. Жалпысынан түрдүү курактагы 12 бала энеси менен ушул жайга келген.
"150дөй аялга убактылуу баш калка бердик"
"Бактылуу эне" коронавирус пандемиясы маалында мэриянын жардамы менен ачылып, эки жылдан бери кризистик борбор катары иштеп келе жатат. Анын жетекчиси Чынара Сыдыгалиеванын айтымында, борбор бир жылда ушул эле аймактагы 150дөй аялга убактылуу баш калка берип жардам берсе, 300дөйү кеп-кеңеш, укуктук жардам алган.
"Эң негизгиси кризистик борборлор коопсуз жай деп аталып жатпайбы. Аялдар балдары менен зомбулукка кабылган учурда милицияга кайрылса, алар ошол аялдын коопсуздугу сакталышы үчүн түз эле бизге алып келишет. Мындайча айтканда аялдардын өмүрүн сактап калууга дагы себепкер болобуз. Анткени зомбулук көргөн аял арыз жазса деле милиция дароо камап же үйдөн чыгарып койо албайт. Соттун чечими менен 3-7 сутка камап же 40 сааттык жумуш берип койот. Коргоо ордери берилген учурда деле зомбулук жасаган адам жабыркаган адамдан алыс болушу керек, экөөнү бөлүш керек. Ошондуктан милиция же жергиликтүү бийлик кайра эле кризистик борборлорго алып келишет. Ковид учурунда зордук-зомбулук кескин көбөйүп, 2020-жылы мэриянын колдоосу менен ушул борборду ачканбыз. Алгач демөөрчүлөрдү издеп, зарыл болгондорго батир таап ижарага чыгарып жүрчүбүз. 2023-жылы мэрия, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун жардамы менен кризистик борбор болуп иштей баштаганбыз. Убактылуу баш калкалоочу жай дагы бар. Ошол жылы мамлекеттик буюртма алганбыз, кайра 2024-жылы биздин сунуш өтпөй калды. Азыр эми ишкер, кайрымдуулук кылгандар, меценаттардан каражат алып иштеп келебиз. Бардык шарты, тамак-ашы бар. Бирок кээде ошол жерде иштегендер айлык жок иштеп калабыз".
Бул борбордо социалдык кызматкер, юрист болуп төрт киши эмгектенет. Аялдарга жардам берчү психолог жок болгондуктан, убак-убагы менен борбор калаадан адис чакырып турушат.
Кризистик борборлордун ойго салган келечеги
Кризистик борборлорго байланыштуу маселе 17-февралда Жогорку Кеңеште форумда талкууланды. Анда айрым кризистик борборлор каржылык колдоого муктаж экени, өз имараттары жок жабылуу алдында тургандары бар экени айтылган.
Депутат Айсулуу Мамашова 19-февралдагы парламенттин жыйында өкмөттү зордук-зомбулуктан качкан кыз-келиндер убактылуу баш калкалоочу кризистик борборлорду каржылоого чакырды.
Ал кризистик борборлор негизинен АКШнын донорлору аркылуу каржыланып келгендигин, аталган өлкөдө каржылык саясат өзгөрүп жатканын, ошондуктан каржылоосуз калганын белгиледи.
"Эми өкмөт өзү каржылашы керек, мамлекеттик кризистик борборлорду иштетүү зарыл. Аларды иштетүүгө да каражат керек. Аялдар үй-бүлөлүк зомбулуктан качып, балдары менен баш калкалап келишкен кризистик борборлор баары ижарада, ал жерде баш калкалоого бош орун жок. Анткени зордук-зомбулук аябай көбөйүп, кризистик борборлорго кыз-келиндер батпай кетти. Анткени алардын башка бара турган жери жок".
Мамашова Бишкекте ачылган мамлекеттик кризистик борбор каражаттын жоктугунан иштебей турганын эскертип, бюджеттен каржы бөлүүнү талап кылды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча 16 кризистик борбор үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтөт. Алардын экөө муниципалдык, бири Бишкекте, экинчиси Нарын шаарында. Былтыр кризистик борборлордун саны 18 болчу.
Аталган министрликтин Гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону координациялоо боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жазгүл Эгемназарованын "Азаттыкка" билдиришинче, соңку эки жылда социалдык буюртманын алкагында кризистик борборлорду тейлөөгө кетчү каражат 12 млн сомдон 28 млн сомго чейин көбөйгөн.
"Министрлик "Мамлекеттик социалдык буйрутма" мыйзамынын негизинде жыл сайын кризистик борборлорго колдоо көрсөтөт. Ага бардык борборлор катыша алышат. 2024-жылы зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана убактылуу баш калкалоочу жайларды камсыздоого багытталган 13 долбоор ишке ашырылган".
Былтыр Бишкек шаарында Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин алдында зомбулукка кабылган кыз-келиндерге сапаттуу жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү терезе принцибиндеги борбор ачылган.
Зомбулук көбөйүүдө. Аялдардын үнүн ким угат?
Бул жерде оор кырдаалга туш болгон аялдар укуктук, медициналык, психологиялык жардам алары жана зарыл болсо соттук-медициналык кароодон өткөрүлөрү айтылган. Бирок кызматкерлердин айлык акысына байланыштуу маселе чечиле элек болгондуктан бул борбор азыркыга чейин иштебей турат.
Кризистик борборлордун мамлекетке жардамы тууралуу Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова айтып берди.
"Сөзсүз түрдө кризистик борборлордун иштеп турганы жакшы. Анткени биз түздөн-түз мамлекеттик органдарга жардам берип жатабыз. Зомбулукка кабылган, кыйналган аялдар социалдык тармакты тейлеген кызматкерлерге келип арыз-арманын айтышат. Айрымдары талаада калганын, эс алуу багында отурганын билдиришсе, аларды каякка жайгаштырат. Ошол учурда турмуштук оор кырдалга туш болгон кыз-келиндерди кайра эле бизге алып келишет. Биз өзүбүз издеп таппайбыз аларды, өздөрү издеп келишет. Аларды убактылуу карап, муктаждыгын камсыз кылууга каражат керек. Социалдык өнүктүрүү министрлиги бөлгөн акча ушул айда токтоп жатат, эмне кылабыз деп коңгуроо кагып жатабыз. Жылына жок дегенде 100дөн ашуун аял кайрылат. Бул абдан көп көрсөткүч. Эки, беш баласы менен келгендер бар. Жөн эле кеп-кеңеш алып кайрылгандардын саны эки миңге чейин жетет".
Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.
Мурдагы акыйкатчы жана юрист Атыр Абдрахматова кризистик борборлор калктын санына жараша ар бир аймакта болушу керек деген пикирин билдирди.
Министрлер Кабинети кризистик борборлордун 2022-жылга каржылоосун үч эсеге жогорулаткан.
Кыргызстанда аялдарга карата жасалган зомбулук көрсөткүчү жогору болуп жатканын, мындай кылмыштардын көбү ачылбай кала берерин буга чейин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирген. Ал өлкөдө мамлекеттик кризистик борборлор да, аялдар менен балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат да жетишсиз болуп жатканын айткан.
Шерине