Соңку эки жыл маданият тармагын тейлеген Максүтовдун кызматтан кетиши Бишкектеги тарыхый имараттарды бузуу чечимине каршы турганына байланыштуубу? Министрликке көрсөтүлгөн Мирбек Мамбеталиев ким?
"Тарыхый мурас имараттарын коргоодо катуу турган"
Алтынбек Максүтов кызматтан президенттик администрациянын жыйынынан кийин алынды. Анда бул министрликте "аткаруучулук тартип ойдогудай эмес" деген негизде ишине канааттандырарлык эмес деген баа берилген.
Кызматтык милдетин талаптагыдай аткарбаганы, негизсиз иш сапарга чыкканы жана иш аткарууда кетирген катачылыгы үчүн сөгүш жана катуу сөгүш алган аткаминерлердин катарында маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев дагы болгон.
Айрым булактардын айтымында, Максүтовдун иштен алынышына жогоруда айтылгандан башка да бир катар жагдайлар, маселелер себеп болду. Ириде Бишкектеги бир катар имараттарды тарыхый мурастар тизмесинен чыгаруу демилгесине анын ачык каршы чыкканын айтып жатышат.
Буга чейин президенттин иш башкармалыгы шаардын чок ортосундагы Өкмөт үйү, Жогорку сот жана башка мекемелер жайгашкан 15 имаратты аталган тизмеден чыгарууну сунуштаганы белгилүү болгон жана бул талаш-талкуу жараткан.
Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун билдиришинче, бул маселеге байланыштуу президенттин тапшырмасы менен 63 адамдан турган атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия көпчүлүк добуш менен тизмеден чыгарылбасын деген чечим чыгарган. Бирок ага карабай 17-февралда Ынтымак-Ордодогу жыйында башка протокол бекип калган. Ал жыйында Алтынбек Максүтов каршы экенин бир канча жолу белгилеген.
"Биздин тарыхый мурастарыбызды, имараттарыбызды коргоо тууралуу Баш мыйзамда дагы жазылган. Ошондуктан тарыхый мурастарга кирген имараттарды эч кимдин бузууга акысы жок. Соңку мезгилде Баш мыйзам менен корголгон имараттарды инвесторлорго берүү же талкалап, жаңысын куруп, инвестордон түшкөн акчага өкмөттүн жаңы имаратын курабыз деген демилге менен Бишкекте 15 имаратты тарыхый мурастар тизмесинен чыгаруу маселеси коюлду. Тарыхый мурастарды коргоо боюнча биздин Маданият жана маалымат министрлиги ошол тизмеден эч кайсы имаратты чыгарбоо, бузбоо, жанагыдай оң келди оңдоп, өңү-түсүн бузбоо боюнча катуу талаптарын койду. Ушул маселе боюнча биз президенттин дагы кабыл алуусунда болуп, ага дагы айтканбыз. Мунун демилгечиси президенттин иш башкармалыгы болуп жатат. Президент дагы муну түшүнүү менен кабыл алып, атайын комиссия түзгүлө деген. 63 адамдан турган комиссия түзүлүп, ошол 15 имараттын баарын кыдырып, баары сакталсын деген колдоо болду. Комиссия чечим кабыл алгандан кийин 17-февралда Ынтымак-Ордодо кайра жыйын болду. Ошол жерде 15 имараттын бешөөнү өзүнчө бөлдүрүп алып, "бул жаңы нерсе, өзүнчө протокол түзөлү" деп туруп башка протокол түзүп коюшту. Мен ошол жыйында деле "мунун баарын силер өкүмзордук менен жасап жатасыңар, мурунку чечимибиз кандай болсо ошону эле бекитип койгула" деп ачык айттым. Кайра кол койдура келгенде биз, имараттар тарыхый мурастар тизмесинен чыкпасын дегендер жеңилип калдык. Ошол жыйында Алтынбек мырзадан (Максүтов - ред.) пикирин өзгөртөбү деген таризде андан эки-үч жолу сурады. Ал башында дагы, ортосунда дагы, аягында дагы "бул деген мыйзамда жазылган, биз мыйзамды бузбашыбыз керек, тарыхый мурастар тизмесинен чыгарбашыбыз керек, сакташыбыз керек, сырткы көрүнүшүн дагы тийбешибиз керек, бул деген дүйнөлүк эреже, тажрыйба" деп өзүнүн пикирин айтты. Биз маданият министрлигинин ушул позициясына ыраазы болуп, коргодук", - деди Молдокасымов.
Ыктымал себеп тууралуу башка да божомолдор бар
Дагы бир маалыматтарга ылайык, учурда Ынтымак-Ордодо саясий күчтөрдүн балансы өзгөрүп, мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун кадрларын четтетүү башталды. Максүтов Министрлер кабинетинин буга чейинки төрагасына жакын министр болгон жана анын тушунда түз кайрылып, маселени түз чечип келген.
Дагы бир божомолго караганда, Максүтовдун иштен кеткенине Мамлекеттик цирктин башчысы кызматына Асланайым Аширова кайра дайындалган жагдай дагы себеп болду.
Ушул жылдын башында Ашированы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору кызматынан келишимдин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу алган. Анын алдында циркте иштеген айрым кызматкерлер Ашировага байланыштуу нааразылык билдирип, өлкө жетекчилигине чейин кайрылган. Бирок көп өтпөй эле Аширова бул кызматка кайра дайындалган жана жагдайга бийликтеги таасирлүү адам аралашканы тууралуу сөздөр чыккан.
Максүтов кызматтан кеткени боюнча өзү азырынча үн ката элек.
Айрым бир маалыматтарга караганда, ал иштен кетип жатканына байланыштуу жамаат менен жолугушууда дагы тарыхый имараттарды сактоо керектиги тууралуу оюнан кайтпасын билдирген.
Министрликти эки ирет жетектеди
Максүтов маданият министрлигин эки жолу – 2014-2016 жана 2022-2025-жылдары жетектеди. Ага чейин актер, режиссер катары таанылып келген. Ал жогорку билимди Москвада алган, Щепкин атындагы театралдык окуу жайды аяктаган.
Министр болгонго чейин Бишкек шаардык театрда актер, режиссер, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда башкы режиссер болуп иштеген.
Ал Кыргыз Республикасынын эл артисти. Эл аралык “Кийиз дүйнө” фестивалынын, “Макал Арт” чыгармачыл тобунун уюштуруучусу болгон. Ошондой эле “Көчмөндөр оюнунун” башкы режиссеру катары иш алып барган.
Былтыр апрелде ал президенттик администрациянын жыйынында коюлган тапшырмаларды так аткарбаганы үчүн сөгүш алган министрлердин катарында болгон, бирок кандай кемчилик кетиргени ачык айтылган эмес.
Максүтов министр болуп турганда катуу талаш-талкуу жараткан окуяларга, сын-дооматтарга дээрлик кабылган эмес.
2023-жылы июнда "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында ошол кездеги депутат Жеңишбек Токторбаев анын ишин айрым бир маданий жайлар, имараттар оңдолуп-түзөлбөй жатканы үчүн начар деп баалаган жана өкмөт өкүлү тууралуу "толуп, байып кетти" деген сөздөр чыгып жатканын айткан.
"Алтынбек Аскарович, мен сизди абдан сыйлайм, урматтайм, сиз мыкты актерсуз, кинорежиссерсуз, сиз аткарган ролдорду көргөм. Актер, кинорежиссер катары абдан мыкты инсансыз. Бирок жетекчи катары жумушуңуз абдан начар, бир эмес эки ирет министр болдуңуз, өзүңүздүн учкан уяңызды карабай жатасыз. Бизге, депутаттарга келбейсизби, акыбал начар, акча жок, мага жардам бериңиздер деп айтпайсызбы. Плакат көтөрүп, акча деп Акылбек Үсөнбековичтен (мурдагы өкмөт башчысы - ред.) деп жатып албайсызбы. Өткөндө театралдык оюн көрсөттүңүз, жомок койдуңуз. Сиз ишти чындап көрсөтүңүзчү. Алтынбек мырза, коомдо сиз тууралуу көп сөз бар. Аябай толуп, анан бир аз байып алды деген сөздөр бар. Эгер сиз иштесеңиз, ушундай сөздөр болбойт эле".
Максүтов Токторбаевге ошол жерден жооп берип, депутаттын айтканын каралоо деп баалаган:
"Менин толуп кеткеним боюнча дагы жооп берип коёюн. Эми чай ичеби же ичпейби, ар кимдин организми ар кандай экен. Сиз мени "байып кетти" деп каралап жатасыз. Эгер менин кантип байып кеткеним боюнча далилиңиз, фактыңыз болсо, бериңиз. Кооздоп сүйлөй берген деле болбойт. Факт менен сүйлөш керек. Сиз айткан маселелердин баарын биз жатка билебиз. Баарын көргөнбүз, бул жаатта иш алып барып жатабыз".
Деген менен Максүтовду министр катары жогору баалагандар дагы бар. Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру Асылбек Насирдинов "Азаттыкка" комментарий берип жатып, буга чейинки министрдин тушунда жасалган айрым иштерге токтолду.
"Негизинен он баллдык көрсөткүч менен алганда анын ишине толугу менен 10 деген баа берсе болот. Эгемендик алгандан баштап маданият тармагында көйгөйлөр толуп калган. Ал ошол көйгөйлөрдүн көпчүлүгүн чечти. Мисалы, музыкалык аспаптар, алар өтө кымбат, баалуу товар. Сахнага кийим-кече, декорация, театрда коюлуучу спектаклдердин репертуары... Ага акча бөлүнүп, жаңы спектаклдер коюлушу керек. Ушуга окшогон көп маселелерди чечти. Өзүбүздүн оркестр жөнүндө айтсам, бизде дагы көп жылдан бери чогулуп калган маселелер бар болчу. Мисалы, ошол эле сахналык кийим. Максүтов келгенден кийин жалпысынан 60 кишиге эки сыйра кийим тигилип берилди. Музыкалык аспаптар өзүнчө чоң маселе болгон. Европадан заводдон чыккан эмес, уста жасаган, устанын колунан чыккан музыкалык аспаптар келди. Анын ичинде беш контрабас бар. Аябай кымбат кабы, кымбат концерттик кылдары менен алынды. Кымбат үйлөмө, урма аспаптар алынды. Бул өтө чоң жумуш. Менин жамаатыма кандай жардам берилсе, Филармониянын башка жамааттарына дагы ошондой жардам берилди. Максүтов филармониянын, театрлардын кандай көйгөйү бар экенин ичинен билчү, ошондуктан маселелерди жакшы чечти".
Максүтов министр болуп турганда өлкөнүн маалымат саясатын дагы тескеди жана бул жаатта бир катар мыйзамдар кабыл алынып, алымча-кошумчалар киргизилди. Айрым эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар, медиа эксперттер бул документтер сөз эркиндигинин чектелишине өбөлгө болгонун дагы айтып келишти.
Министр кызматына Мамбеталиев сунушталды
Максүтовдун ордуна президент Садыр Жапаров коомчулуктун калың катмарына дээрлик белгисиз, саясий жетекчилик кызматтарда болбогон Мирбек Мамбеталиевди көрсөттү. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып, макулдук берилиши керек.
Расмий маалыматка ылайык, ал 1980-жылы Каракол шаарында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Экономика факультетин аяктаган. Кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында дагы билим алган жана ушул кезге чейин мамлекеттик кызматтарда иштеп келген.
Мамбеталиев эмгек жолун өкмөткө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча комиссияда баштаган жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинде, Ысык-Көл облустук акимчиликте, Жогорку Кеңеште, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде, Борбордук шайлоо комиссиясында иштеген. Кийинки жылдары президенттин Иш башкармалыгына караштуу мамлекеттик резиденцияда иштеген жана министр кызматына дайындалганга чейин президенттин администрациясында Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүндө иштеп жаткан.
Президенттик администрация Максүтов катышкан, тарыхый мурастар тизмесине байланыштуу талкуу жүргөнү айтылган жыйын боюнча маалымат берген эмес. Мамлекет башчынын маалымат кызматы Максүтов ээлеген жумуш ордунан бошотулганы тууралуу маалыматты 21-февралда жарыялаган. Анда президенттин жарлыгы Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык кабыл алынганы белгиленген.
Шерине