Украин аскерлери колго түшүргөн Түндүк Кореянын жоокеринин жанынан Тыва Республикасынын 26 жаштагы тургуну Антонин Аранчындын атындагы аскер билети табылган. "Агентство. Новости" басылмасы маалымдагандай, аскер билети Тыванын тургуну 1998-жылы туулган Антонин Аранчынга берилген.
Украин президенти Владимир Зеленский соцтармакка жарыялаган документтеги Аранчын менен Тыванын Маалыматтар базасындагы Аранчындын аты-жөнү, туулган күнү так келет, бирок аскер билетте Аранчын "тигүүчү" деп берилген. Аскер билет менен паспорттогу маалыматтарда ээлеринин туулган жерлери гана дал келбейт. Чыныгы Аранчын бир нече жолу насыя акча алып, иштеген жерин токойчу жана кароолчу деп көрсөткөн.
Түндүк Кореянын туткунга түшкөн экинчи жоокеринин жанында документи болгон эмес.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары Орусия согушка Түндүк Кореянын аскерлери катышып жатканын жашыруу максатында жасалма документтерди, анын ичинде Монголия менен чектеш Тыва Республикасынын тургундарынын атынан документтерди берип жатканын жазышкан.
Түштүк Кореянын Улуттук Чалгын кызматы (NIS) украин аскерлери Курскидеги согушта Түндүк Кореянын эки жоокерин туткунга алганын жекшембиде ырастаган. Associated Press агенттиги Түштүк Кореянын атайын кызматтарына шилтеме кылып, туткундардын бири ноябрь айында келгенин, Орусиянын аскер бөлүгүндө атайын даярдыктан өткөнүн мойнуна алганын жазды.
"Башында ал машыгууга баратам деп ойлогон, бирок Орусияга келгенден кийин тапшырма аткарганы келгенин билген", - деген Чалгын кызматынын өкүлү туткун Түндүк Кореядан келгендер согушта көп жоготууларга учураганын айтканын кошумчалаган.
NISтин маалыматында, туткундардын бири колго түшкөнгө чейин 4-5 күн бою ачка болгон. Чалгын кызматы Украинанын Коопсуздук кызматы менен согушка тартылган түндүк кореялык жоокерлер тууралуу маалымат алмашуусун улантып жатканын билдирди.
Киев Түндүк Кореянын эки жоокери туткундалганын ырастаган. Алардын бири жыл тогошордун алдында, экинчиси 9-январда кармалганы кабарланган. Экөө тең корей тилинен башка тилди билбей турганы, алар менен NISтин котормочулары аркылуу сүйлөшүп жатышканы айтылган.
Түндүк кореялык жоокерлердин туткунга алынышы тууралуу маалыматтарга Москва да, Пхеньян да эч кандай жооп кайтара элек.
Батыштын чалгын кызматтарынын маалыматында, Орусиянын Украина менен согушуна Түндүк Кореянын 10 миңден ашуун аскери тартылган. Алардын ичинде жоготуулар көптүгү айтылганы менен, расмий тастыктоолор болгон эмес.
Украин президенти Владимир Зеленский "согуш талаасында жараат алган түндүк кореялык жоокерлер далил болбошу үчүн биротоло жок кылынарын" белгилеген.
Дагы караңыз
Шерине