Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Курск: Украина жана Орусия контрчабуул боюнча эки башка маалымат берүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Киев жана Москва 19-сентябрга карата фронттогу жана Орусиянын Курск облусундагы абал боюнча эки башка маалымат берип жатышат. Орусия өз аймагын украин аскерлеринен тазалоодо алдыга жылганын айтса, Украина орусиялыктардын контрчабуулуна бөгөт коюлганын кабарлоодо.

Орусиянын Коргоо министрлигинин Башкы аскердик-саясий башкармалыгынын башчысынын орун басары, чеченстандык «Ахмат» атайын бөлүгүнүн командири Апти Алаудинов орус аскерлери Курск облусундагы эки айылды бошотконун жарыялады.

Ал тапта Курскиде украиндер ачкан аскердик комендатуранын өкүлү Алексей Дмитрашковский Орусиянын «фланг маневру» токтотулганын AFP маалымат агенттигине билдирди:

"Кырдаал турукташты жана бүгүн баары көзөмөлдө, алар ийгиликке жете алган жок".

Украин аскерлери 6-августта Орусиянын Курск облусуна кирип барып, бир нече айыл-кыштагын ээлеген, соңку маалыматында жалпысынан 1300 чарчы чакырымдык жерди көзөмөлдөп турганын маалымдаган. Өлкө президенти Владимир Зеленский Украинада Орусиянын жерин ээлеп алуу ниети жок экенин, бирок сүйлөшүүлөрдө, туткун айырбаштоодо көбүрөөк мүмкүнчүлүк алууга жол ачыларын айткан.

Алаудинов орус аскерлери Курскинин Николаево-Дарьино жана Дарьино калктуу пункттарын өз карамагына кайтарып алганын, Украинанын чыгышында да алга жылуу бар экенин белгилеп: "Биздин бүт фронтубуз алдыга жылды",— деп кошумчалады.

Курскинин жанындагы Белгород облусу бүгүн 19-сентябрда да украиндердин артиллерия жана дрон чабуулуна кабылганын, жабыркагандар жок экенин аймактын башчысы Вячеслав Гладков маалымдады.

Украина Орусиянын кечээтен берки соккуларынан бир нече киши каза болуп, жараат алганын, кээ бир аймактарда электр тармагынын иши үзгүлтүккө учураганын билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG