Кытай менен товар жүгүртүү 22 млрд доллардан ашты
Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барар алдында Бээжиндин “Синьхуа” маалымат агенттигине маек курду. Маектин текстин президенттик администрация жарыялады.
Жапаров Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы мамлекеттер ортосунда саясий ишеним жогорку деңгээлде экенин ырастап турарын айтып, кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт”, “Эркечтам” жана “Бедел” өткөрмө бекеттеринин ишин жакшыртуу тууралуу пикирин билдирди. Ошондой эле эки өлкөнүн соода алакасы боюнча суроого да жооп берди.
“Кытай Кыргызстан үчүн узак жылдардан бери башкы соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп келген жана болуп кала берет. Саясий диалогдун эң жогорку деңгээли бизге өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык күн тартибин ийгиликтүү илгерилетүү үчүн өтө жакшы мүмкүнчүлүк берерин белгилей кетким келет. Өлкөлөрүбүздүн биргелешкен аракеттери рекорддук ийгиликке жеткирди. 2024-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү бажы органдарынын маалыматы боюнча 22,71 млрд АКШ долларына жеткен”, - деди президент.
Президент Жапаров Кытайдын лидери Си Цзинпиндин чакыруусу менен 4-7-февраль күндөрү Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган декларацияга жана бир катар документтерге кол коюлары кабарланды.
Кыргыз-кытай алакасы
Эксперттер өткөн жыл кыргыз-кытай алакасындагы динамикалуу жылдардан болгонун белгилөөдө. Жыл ичинде Кытайдын инвестициясына негизденген бир катар өндүрүштүк долбоорлор ишке аша баштады.
2024-жылдын башынан бери кыргыз-кытай унаа чогултуучу завод, катуу таштандыдан электр энергиясын өндүрүүчү завод, Ысык-Көлдө 400 МВттык күн электр станциясынын курулушунун биринчи фазасы, Ысык-Көл айланма жолунун реконструкциясы жана “Орто-Токой” кичи ГЭСинин курулушуна старт берилди. 30-августта “Жунда” заводунун ишин баштоо аземи өттү.
Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы алты ири көмүр кени кытайлык компанияларга иштетүүгө берилди. "Эркечтам" чек ара бекетине жакын жерде көмүрдү чогултуп, андан ары Кытайга жөнөтө турган соода-логистикалык аянтча курулуп баштады.
Саясат талдоочу Чынара Эсенгул Кыргызстан Бээжиндин таасирине барган сайын тартылып баратканын, Кытай бийлиги Борбор Азиядагы коопсуздук маселесин да колуна алууга дилгирленип жатканын белгилейт:
“Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан да Кытай менен аябай жакындап жатат. Себеби Орусиянын согушунан, экономикасынын алсыздыгынан улам андан алыстап, башка вариант издеш керек болду. Айткым келгени, ошол жагдай бизди Кытай жакка көбүрөөк түрттү. Анын ичинде, Кытай менен жакындоодо коопсуздукта да бир топ маселе бар. Бизде мындай тажрыйба мурда сейрек болчу. Көбүнчө Орусия менен макулдашып келгенбиз. Азыр “Кытай–Борбор Азия” деген өзүнчө саммиттер өтүп жатат. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кирген коопсуздук уюмунда деле, керек болсо, Кытай “бирдеме болуп кетсе Борбор Азиянын коопсуздугун биз камсыз кылабыз” деген сөздөр болду быйыл. Бул Кытайдын дымагын көрсөтүп жатат. Ал экономикалык жактан эле негизги өнөктөш болбой, коопсуздук жагынан дагы “эгерде силерге жардам керек болсо мен силерге кепилдик бере аламын” деген белгилерди берди”.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын май айында Кытайдын Сиан шаарында “Кытай–Борбор Азия” саммитинде, андан бир айдан кийин Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ)Астанадагы саммитинде Си Цзинпин менен жолугушкан. Ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаров жыл ичинде үч жолу Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автоном районуна иш сапары менен барган. Андан тышкары, бир нече жолу “Кытай–Евразия” көргөзмө иш-чараларына барып катышкан. Ошол эле жылы октябрда Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ли Цян Бишкекке келип кеткен.
Кызматташтыктын динамикасы 2024-жылы да өсүп отурду. Май айында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун Бишкекте болду. Вице-премьер Кытай бийлиги ири компаниялардын Кыргызстандын экономикасына инвестиция салышына колдоо кыларын билдирди.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку соттун төрагасы кызматын аркалап турган кезинде Замирбек Базарбеков жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары өңдүү жогорку жана жергиликтүү деңгээлдеги аткаминерлер да Кытайга ат тезегин кургатпай каттап турушту.
Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автоном районунун, Шэнси жана Шандун провинцияларынын партиялык комитеттеринин катчылары менен өкмөт башчылары да Бишкекке келип, ар кандай тармактар боюнча кызматташтыкка жол салып жатышты. Шиңжаң-Уйгур автоном районунун өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз менен Бишкекте жолугушуп жатып президент Садыр Жапаров кыргыз-кытай кызматташтыгы тууралуу буларды айтты:
“Кыргызстан Кытай менен Шанхай кызматташтык уюмунун, “Бир алкак, бир жол” демилгесинин жана “Борбор Азия–Кытай” форматынын алкагында кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө ар дайым даяр. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы салттуу достук жана ынак коңшулук байланыштар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү, чөлкөмдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту мындан ары да бекемдөгө өбөлгө түзөт. Албетте, бул биздин жалпы кызыкчылыктарыбызга толук жооп берет”.
Соода-сатык
Кыргызстандын Кытай менен экономикалык жана саясий алакасы буга чейин көбүнчө соода-сатыкка байланып келген. Кыргызстан тышкы соодасынын үчтөн бирин (36,6%) Кытай менен жүргүзөт.
Бээжиндин эсебине таянсак, 2024-жылы Кыргызстан менен Кытайдын соода алакасы 22,7 млрд долларга жетти. Бул мурунку жылга караганда 15% көп. Анын 91% импорт, 9% экспорт түзөт.
Албетте, эки өлкөнүн мындан башка да бир катар олуттуу мамилелери бар. Бээжиндин берген карыздары, тоо-кен, энергетика жана инфратүзүмдүк долбоорлорго салып жаткан инвестициялары Кыргызстандын экономикасында орчундуу орунду ээлейт.
Кытайдын Кыргызстанга салган инвестициялык каражатынын көлөмү да жыл сайын өсүп келет. 2024-жылдын тогуз айында өлкөгө 747 млн доллар түз инвестиция келген болсо, анын 30% же 221,5 млн долларын Кытай салган.
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу
Ондогон жылдар бою создугуп келген Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоору акыры чечилип, 2024-жылы 27-декабрда расмий старт берилди. Темир жол курулуп, ишке кирсе эки өлкөнү бири-биринен ажырагыс кылып ширелткен дагы бир тигиш болуп калмакчы.
Темир жолдун курулушуна старт берип жатып президент Садыр Жапаров мындай сөз сүйлөдү:
“Кыргызстан үчүн бул долбоор көп кырдуу мааниге ээ. Биринчиден, аталган темир жолдун курулушу өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүн ыкчамдатат. Долбоорду ишке ашыруу менен Евразия континентиндеги транзиттик түйүн катары биздин ролубуз бекемделет. Жүк ташуулардын көлөмү олуттуу өсөт. Экинчиден, аталган долбоор өлкөбүздүн аймактарынын өнүгүшүн камсыздайт. Жаңы инфратүзүм аркылуу соода, туризм жана өнөр жай тармактарынын өнүгүшү ыкчамдап, жетүүгө кыйын райондорго транспорттун жеткиликтүүлүгү жакшырат. Бул жол бүтүндөй региондун өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, экономиканы чыңдап, миллиондогон адамдардын жашоосун жакшыртат”.
Темир жолду биргелешип куруу боюнча үч тараптуу макулдашууга 2024-жылдын 6-июнда Бээжинде кол коюлган. Кытайдын 51%, Кыргызстан менен Өзбекстандын ар биринин 24,5% үлүшү менен “Кыргызстан–Кытай–Өзбекстан темир жол компаниясы” түзүлгөн.
Долбоордун суммасы 4,7 млрд доллар деп бааланды. Анын жарымына насыя алып, калганын үчөө тең чыгармай болушту. Кыргыз өкмөтү долбоорду каржылоо үчүн алдыдагы үч жылда 11 млрд сом каражат бөлөрүн жарыя кылды. Биргелешкен компания 21-декабрда кыргыз өкмөтү менен инвестициялык макулдашуу түздү.
Бишкектин карызы
Кыргызстандын Кытайдан алган насыясы 4,5 млрд долларлык тышкы карыздын үчтөн бирин (36,4%) түзөт. Эксперттер тышкы карыздын ири бөлүгүнүн бир мамлекеттин колунда болушу экономиканын туруктуулугуна олуттуу тобокелдик жаратат деп эсептешет.
Инвестициялар боюнча эксперт Шумкарбек Адилбек уулу Кытайдан келип жаткан каражатка Бишкек күнкор болуп калбашы керек деп эсептейт.
“Эки адамдын ортосундагы алакага эле окшош. Эгерде бир адам келип эле сага жөн эле жардам бере берсе, кайтарымсыз жардам берген күндө дагы, ошондой окуянын өнүгүшүнүн эки эле багыты болот да. Биринчи багыты – күнкордук маанай. “Ии, бул киши мага жардам берет” деп ишенип, күтүп каласың. Ошондой күнкордук жүрүм-турум болуп калат. Экинчиси – эгерде сенин түшүнүгүң жакшы болсо, ичиңде билинбей милдеттенме чогула берет. “Кой, ушул киши мага жардам берип жатты эле, мен кайтарышым керек же болбосо башка маселе менен кайтарсам, кыйла башкачараак көз караш” деп, психологиялык жактан милдеттенме пайда болуп калат. Мамлекеттики деле ошондой сыяктуу. Албетте, Кытайдын биздин мамлекетке берип жаткан жардамы абдан чоң, финансылык жактан дагы, башка жактан дагы. Бирок, ошого экономикалык же саясий деңгээлде татыктуу жооп бере алсак, жакшы болот. Анан, таптакыр эле “мына, жардам берилип, мындай болуп жатат” деп өлкөнүн, элибиздин кызыкчылыгын дагы таптакыр садага чаап койгондон алыс болуш керек”.
Биргелешкен долбоорлор
Кытайдын Кыргызстандагы түрдүү багыттагы жана ар кандай көлөмдөгү долбоорлорго берген насыялары мурдагыдан алда канча көбөйүп жатат. Болгону, алар тышкы карыздын расмий статистикасына илинбей, насыялоонун башкача форматына өткөн.
AidData ресурсунун изилдөөсү боюнча, Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстандын аймагында Кытайдын мамлекеттик институттарынын же аларга тийиштиги бар компаниялардын катышуусундагы биргелешкен ишканалар түзүлүп, алар жеке каражатын же кытайлык банктардын насыясын инвестициялап жатышат. Биргелешкен ишканаларда кытайлык компаниялардын үлүшү көзөмөл пакетке ээлик кылып, чыгымын жаап жана белгилүү бир пайда тапканга чейин долбоорду башкарууга укук алышат. Кыргыз өкмөтү мындай кызматташууну “мамлекеттик-жеке өнөктөштүк” деп атаганы менен иш жүзүндө аларда кытайлыктардын стратегиялык кызыкчылыктары үстөмдүк кылат.
Маселен, Кытай компаниялары катышкан жана көзөмөл пакетти колуна алган биргелешкен ишканалар түзүлүп, алар “Манас” шаары, “Атбашы” эл аралык соода-логистикалык борбору өңдүү ири долбоорлорду тикелей баштады.
Бишкек шаарынын жака белинде курулат деп жарыяланган “Манас” соода-логистикалык шаары темир жолдун экосистемасынын бир бөлүгү катары эсептелет. Каражатты Кытай компаниялары салып, биргелешип түзүлгөн ишкананын көзөмөл пакети алардын колунда болмокчу. Шаардын курулушун баштап жатып Кытай элчиси Ду Дэвэн анын маанисин мындайча чечмелеген:
“Логистика азыркы дүйнөдөгү кызматташуунун абдан маанилүү тармагы болуп саналат. Өзгөчө Кытай менен Кыргызстан үчүн. Анткени биз коңшубуз. Коңшулар ортосунда соода жүргүзүүдө логистика өзгөчө орунду ээлейт. Кыргызстандын Борбор Азияда эле эмес, жалпы Азия менен Европа үчүн маанилүү орду бар. Кыргызстан – бириктирүүчү өлкө. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун курууда дагы бул өзүнчө бир мааниге ээ болгон. Темир жолду куруп жаткандан кийин жакшы базарларды, кампаларды жана логистикалык борборлорду да курушубуз керек. Анткени товарлар кетип жатат, аларды кайсы бир жерде сатыш керек да”.
Нарын облусунда кыргыз-кытай чек арасынан 100 чакырымдай аралыкта курулуп жаткан “Атбашы” эл аралык соода-логистикалык борбору да темир жолду утурлай салынууда. Борборго формалдуу түрдө “Нарын Сухой Порт” деп аталган ишкана ээлик кылат. Ал ишкананы Кыргызстандан “Кара-Булак” фирмасы менен “Кыргызпочтасы” акционердик коому, ал эми Кытай тараптан Shaanxi Lingyun Logistics деп аталган компания түзгөн. “Нарын Сухой Порттун” жетекчиси Эркинбек Сансызбайдын айтымында, көзөмөл пакет кытайлык компаниянын колунда турат:
“Өткөн жылы майда президент Садыр Жапаров Сианга барган. Кытайдын президентине “чек арада соода-логистикалык борбор иштетели” деп өзү сунуш жасаган. Жалпысынан, “Атбашы” логистикалык борборунда үч компания бар. “Нарын Сухой Портто” башкы негиздөөчү Shaanxi Lingyun (Шанши Лингвин) деген кытайлык инвестор. “Атбашы” логистикалык борборунун ичинде “Кыргызпочтанын” 20% үлүшү бар. Кытайлык компаниянын үлүшү 50-52% болсо керек”.
Эксперт Шумкарбек Адилбек уулу курулуп жаткан логистикалык долбоорлордон Кыргызстан көбүрөөк пайда көрө тургандай болсо деп үмүт кылат.
“Кытай абдан сарамжалдуу иш жүргүзөт. Сиз ушунча акча, убакыт, энергия коротуп, ушундай долбоорду баштагандан кийин ал долбоор токтоп калбасын дейсиз да. Ал долбоор иштесин, ага байланыштуу кошумча киреше булактар түшсүн дейсиз. Албетте, темир жолго байланыштуу өлкөдөгү ишке ашып баштаган ар кандай логистикалык долбоорлор бири-бири менен байланышы бар жана ушул темир жолдун иштешине шарт түзөт. Бул долбоорлордун ишке ашышына эң биринчи биз кызыкдар болушубуз керек. Себеби, элестетсеңиз, өлкө боюнча биздин тоо-ташты, экосистеманы өзгөртүп, темир жол курулуп, анан иштебей туруп калса, биздин өлкөбүз үчүн иштебесе, жөн эле поезддер вагондор менен ары-бери өтө берсе, анда муну натыйжасы абдан төмөн ой жүгүртүү деп койсок болот. Ошондуктан ушуга окшош логистикалык долбоорлорду ишке ашыруу бизге абдан маанилүү. Болгону, максималдуу түрдө биздин өлкөгө, элге, өсүп келе жаткан жаштарга пайдасы тийе турган шарттар менен жасалышы керек”, - деди ал.
“Кызыл-Омпол”, “Жетим-Тоо”...
Кыргыз өкмөтү 2026-2030-жылдарга жаңы экономикалык программасын жазып жатат. Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматына бекип жатканда программада темир өндүрүшү боюнча чоң пландар бар экенин, ал Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолуна тыгыз байланыштуу болорун билдирген:
“Өндүрүш азыр экономиканын түзүмүндө 17,5% алкагында болуп жатат. Муну азыр 20% ашырганга планыбыз бар. Туруктуу өнүгүү үчүн өндүрүш керек. Жаңы программанын ичинде индустриялаштыруу деген эң чоң максаттардын бири. Бул – ошол темир жезин иштетүү. Азыр, өзүңүздөр билгендей, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу салынгандан кийин, анын алкагында биздин бир топ кен байлыктарыбыз бар, ошону туура багытта иштетүү жана темир чыгаруу боюнча чоң программабыз бар. Ошол биздин эң негизги программалардын бири болот”.
Стратегиялык кендерди казуу мүдөөсүнүн Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу болушу бекеринен эмес. Темир жолдун курулушуна жарыша “Жетим-Тоо” темир кени, “Кызыл-Омпол” титан кени сыяктуу бир катар стратегиялык кен байлыктар казылмакчы. Бир катар эксперттер Кыргызстандын табигый ресурстары чийки бойдон деле, кайра иштетилген түрдө деле Кытайга карай ташылып кетет деп эсептешет. Барскоондон Үч-Турпан, Ак-Сууга карай түз жол ачкан Бедел ашуусунун ачылып жатышын да ушуга байланыштырышат. Анын үстүнө жайында ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаров Кытайдагы титан иштеткен ири компания менен “Кызыл-Омполдун” титанын кайра иштетүү тууралуу сүйлөшүп келген.
Саясат талдоочу Чынара Эсенгул Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы айрым стратегиялык долбоорлор Кытай компанияларынын энчисине кетип баратат деген пикирде:
“Экономикалык жактан көзгө көрүнүктүү статистиканы камтыган, көзгө көрүнбөгөн дагы бир топ долбоорлор болуп жатат. Анткени, мисалы, Жетим-Тоо жана башка минералдар болгон маанилүү ресурстарды Кытайга кайра бере баштадык. Бул 2020-жылы бийлик өзгөргөндө солгундап кетти эле. Бирок, акырындан, 3-4 жылдын ичинде биздин тоо-кен тармагында Кытай өзүнүн позицияларын кайра күчөтүп алды деген ойдомун. Жалпысынан чыр-чатактар ошол чөйрөдө көп болчу. Кытайлардын иштеген ыкмаларын биз жергиликтүү өнүгүүгө салым кошпойт деген мааниде туура эмес деп таап жатабыз. Бирок, анын баарын расмийлештирип, элге жеткирип, керек болсо документтештиргенге аракет өзүбүздө дагы жок. Ошондуктан, менимче, Кытайдын ролу биз үчүн аябай эле жогорулады, бирок биз анын баарын камтып көргөнгө мониторингдик системаларыбыз жок”.
2024-жылы бир катар кытайлык компаниялар Казарман, Сары-Жаз, Куланак өңдүү ГЭСтер каскаддарын курууга киришип жатышканы кабарланды. Расмий маалыматтарга таянсак, энергетикалык долбоорлор боюнча макулдашуулар түзүлүп, алардын техникалык-экономикалык негиздемелери иштелип жатат.
Президент Садыр Жапаров былтыр 23-декабрда Энергетика министрлигинин 90 жылдыгына карата иш-чарадагы сөзүндө “Тамга–Каракол” жана “Кемин–Торугарт” долбоорлорунун алкагында Кытайга электр энергиясын экспорттоо үчүн жаңы, кубаттуу көмөк чордондорду курууга даярдык жүрүп жатканын билдирген.
Бээжиндин берешендиги менен эсепкөйлүгү
Кытай барган сайын Кыргызстандын берешен камкорчусу болуп барат. Бишкек Бээжиндин казынасынан каражат алып, жүздөгөн чакырымдык жолдорду, электр чубалгыларын, ирригациялык каналдарды, мектептерди, ооруканаларды курат жана ондогон-жүздөгөн ар кандай техниканы алат. Кытай компаниялары дагы толгон-токой жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдүк долбоорлорду да куруп берүүдө.
Соңку жылдары Бээжин Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагына да көбүрөөк назар бура баштады. Кытай тилин жана маданиятын жайылтуу иши активдүү жүрүп келет. Конфуций институттарынан төртөө, Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда 20дан ашуун Конфуций класстары бар. Аларда 10 миңден ашуун окуучу билим алууда. Кытайдагы жогорку окуу жайларда билим алган кыргызстандыктар бир кыйла көбөйгөн. Учурда Кытайдын ар кайсы провинцияларындагы окуу жайларда акысыз билим алууга кетип жаткан кыргызстандык студенттердин агымы болуп көрбөгөндөй өстү.
Былтыр апрель айында Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кыргыз-кытай факультети ачылды. Элчи Ду Дэвэн факультет “Бир алкак, бир жол” демилгесин биргеликте сапаттуу ишке ашыруу үчүн мыкты адистерди чыгарарына үмүт артарын билдирген. Кыргыз техникалык университетинде “Лу Бань өнөрканасы” деп аталган долбоор ишке кирди. Кытай элчилиги Кыргызстанда машина куруу, суу чарба, гидроэнергетика, жол куруу жаатында 15 лаборатория ачуу планын жарыялаган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов океандай болгон Кытай менен тыгыз кызматташуунун тобокелдигине караганда артыкчылыктары көп экенин айтат.
“Бул жерде биз кайыр сураган жерибиз жок. Биз өзүбүз өнүгөбүз. Өзүбүз улуттук мамлекет катары калабыз. Биз канча эсе андан азыраак болсок дагы тең ата сүйлөшөбүз. Өзүбүздүн эгемендигибизден, кызыкчылыгыбыздан бир сантиметр да кайтпайбыз. Биздин мамлекеттүүлүгүбүз түбөлүк. Бирок, керек болсо, ошол мамлекеттүүлүгүбүзгө дагы бир кепилдик берип турган ушундай жакшы, бекем кошуналардын болуп турганы жакшы да. Ошондуктан Кытай Эл Республикасынын таасиринен эч кандай коркпошубуз керек. Тескерисинче, мен каалайт элем, бизде он миңдеген эмес, жүз миңдеген кыргыздар кытай тилин билсек, ошончо жакшы болот эле. Биз үчүн бул дагы өтө чоң маданият, илим, техника, өтө чоң бир жакшылыктарга ачкыч болот эле”, - дейт Байсалов.
Кытайдын капиталынын келишин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү расмий жетекчилердин баары эле колдоп келет. Бирок буга чейин кытайлык инвесторлор жергиликтүү элдин каршы маанайына туш болгон дагы окуялар катталган. Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында кытайлык жарандарга каршы маанай күчөп, кытайлык ишканаларды кыдырып текшерген топтор, жергиликтүү эл кен тармагында иштеген фабрикаларды талкалаган окуялар болгон. Буга коррупцияга, экологияга байланышкан нааразылык себеп болгон.
Шерине