Пенсионерлер тирүү экенин тастыктоого милдеттүү
"Азаттык" радиосунун түркмөн редакциясынын Балканабад шаарындагы кабарчысынын айтымында, өзүнүн тирүү экенин тастыктоо талабы жашы 65тен ашкан пенсионерлерге тиешелүү.
"25-январга чейин пенсия бөлүмүнө тирүү жашап жүргөнү тууралуу маалымкат тапшырбаган жарандарга февраль айында пенсия берилбейт. Аны үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан, турак жай бөлүмдөрүнөн, паспорт столдорунан алуу керек. Бул мекемелерден документтерди кеминде 10 күндө алышат", - деди Балканабад шаарынын тургуну.
Мындай талапты тез арада аткарууга аракет кылган кары-картаңдар бул айда пенсиясыз калуудан чочулашууда. Ар бир айдын аягына саналуу күндөр калганы калктын социалдык аялуу катмарынын тынчсыздануусун күчөтүүдө.
"Менин 70 жаштагы таежем бул эрежени бүгүн гана укту. Ал жашаган жерде үй-бүлөлүк дарыгер жок болгондуктан, маалымкат алуу үчүн жашаган аймактагы турак-жай мекемесине барыптыр. Ага "адегенде үй-бүлөлүк дарыгер маалымкат бериши керек, анан мен берем, экөөбүз тең докумeнт бергенден кийин жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө – паспорт столуна алып барышыңыз керек" деп, андан кийин алар жарандын тирүү экенине кепилдик берерин айтышты. Эгерде ал бардык документтерди чогултса, облустук пенсиялык фондго тапшырышы керек. Ошондон кийин гана пенсиялык фонд таежемдин пенсиясын эсебине которо баштайт", - дейт Балканабад шаарынын дагы бир тургуну.
"Азаттыктын" түркмөн кызматы менен байланышкан бардык жарандар атын атабоону суранышкан. Алар улгайган кишилердин тирүү жүргөндүгү тууралуу маалымкат алуу жараяны өтө татаал, кошумча талаптар бар экенин айтышкан.
"Турак жай башкармалыгынан кагаз алуу үчүн электр энергия, газ сыяктуу коммуналдык кызматтарга "карызы жок" деген маалымкат тапшырыш керек. Болбосо керектүү документ берилбейт", - дейт Балканабад шаарынын тургуну.
"Азаттыкка" кайрылган пенсионерлердин айтымында, бардык керектүү документтерди чогултуу үчүн кеминде эки жума керек.
Белгилей кетсек, түркмөнстандык пенсионерлер 2018-жылдан бери тирүү жашап жүргөнүн тастыктоого милдеттүү. Муну далилдей албаган жарандарга пенсия чегерилбейт.
Буга чейин атын атагысы келбеген түркмөн аткаминерлер "Азаттыкка" билдиргендей, мындай чаралар пенсионерлер каза болгондон кийин алардын эсебине которулган акчаны жакындары пайдалануусуна жол бербөө үчүн көрүлүп жатканын айтышкан. Бирок бул көйгөй өлкөдө канчалык кеңири жайылганы белгисиз.
Учурда көзү тирүү жүргөнүн расмий түрдө далилдөөгө аргасыз болгон түркмөн пенсионерлер мамлекеттен акчасын алууда жылдар бою түрдүү кыйынчылыктарга туш болуп келишет.
Кабарчылар белгилегендей, расмий жобого ылайык, пенсионерлер жылына эки жолу аман жүргөнүн далилдеп бериши керек. Бирок коомчулукка мындай эрежелерге өзгөртүүлөр киргизилгени, бир нече мекемеден документтерди алуу сыяктуу талаптар кошулганы тууралуу эскертүү келген эмес. Өзгөртүлгөн эрежелерден кабарсыз, арзыбаган пенсиясын күткөн кары-картаңдардын саны аз эмес.
Банкоматтан накталай акча алуу да көйгөй
Түркмөнстанда дээрлик 7 жылдан бери пенсиялар банктагы эсебине, пластикалык карталарына которулуп турат. Пенсия төлөмдөрдүн кечиккен учурлары да катталган.
Карылардын пенсиясы өз убагында эсебине которулган күндө деле, калк эсебиндеги акчасын накталай алалбай убара. Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн катарына кирген Түркмөнстанда эл көп жылдардан бери накталай акчанын тартыштыгын баштан кечирип келет. Бийлик расмий түрдө мойнуна албаган бул көйгөй калктын, анын ичинен кары-картаңдардын банкоматтардан акча ала албай, жөнү жок кыйналып жатканына себеп болууда.
Түркмөнстанда накталай валюта алмаштырууга 2016-жылдын башынан бери тыюу салынган. Бирок улуттук валютанын жетишсиздиги соңку күндөрү утур-утуру байкалганы айтылууда.
Түркмөнабат шаарында жашаган пенсионер "Азаттыкка" берген маегинде банкоматтан алган 600 манаттын 200 манаты эски, жыртык купюралар менен берилгенин, аны көптөгөн дүкөндөр жана базардагы соодагерлер кабыл албай жатканын айтат.
Ал жыртык купюраларды эки башка банк бөлүмдөрүнө барып жаңысына алмаштырууга аракет кылганын, бирок мындан майнап чыкпаганын белгилейт. "Түркмөнстан" банкы эски манатты алган банкоматтан видео талап кылса, "Халык банктын" кызматкери түркмөн пенсионерге орой мамиле кылган.
Түркмөнстанда валюта менен соода кылуу да мыйзамсыз болуп эсептелет. 2015-жылы январда манаттын расмий курсу белгиленип, ошол бойдон өзгөрбөстөн турат. Расмий курс боюнча бир доллар 3 жарым манатка барабар. Ал эми көмүскө базарда 1 АКШ доллар 20 манатка сатылып жатканы айтылууда.
Өлкөдө минималдуу пенсиянын өлчөмү айына 550 манатты же көмүскө базардагы баа менен 27,50 долларды түзөт.
Дээрлик 7 миллионго жакын калкы бар Түркмөнстанда мунай менен газ мол экенине карабай карапайым калк арасында каржы тартыштыгы курч. Калктын жарымынан көбү жумушсуз.
Түркмөнстандагы узакка созулган экономикалык кризис жарандарды тиричилик кылуу үчүн башка өлкөлөргө кетүүгө мажбурлап жатат. Бирок барган сайын өлкөдөн чыгып кетүү кыйындап, чыгымы да өсүп баратат. Себеби түркмөн бийлиги миграцияны өлкөнүн коопсуздугу үчүн түз коркунуч деп эсептейт.
Макала "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун кабарчысы Крис Риклтондун жана “Азаттыктын” түркмөн кызматтарынын баяндарынан кыргызчага которулду.
Шерине