Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:11

Тажикстанда бүбү-бакшылар камалат


Соңку айларда Тажикстандын мамлекеттик телеканалы укук коргоо органдарына шилтеме жасап, көзү ачыктык жана бүбү-бакшылык менен алектенгендерди "шылуун молдолор" деп сыпаттап, байма-бай чагылдырууда.

Белгисиз шарттарда тартылган видеолордо орто жаштагы аялдар менен эркектер камерага көзү ачыктык менен алектенерин ачык айтышса, айрым эркектер кардар аялдарга "асылганын" моюнга алышкан.

Жаза күчөтүлдү

Тажик бийлиги дубаны тумарга ороп, бүбү-бакшылык жана төлгөчүлүк менен алектенгендерге каршы күрөштү олуттуу түрдө колго алганы байкалууда.

Эгерде буга чейин бул аракеттери үчүн айыпталуучулар 2-3 миң сомониге (250-280$) чейин айыпка жыгылса, эми өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексине күчүнө кирген өзгөртүүлөргө ылайык, көзү ачыктар менен төлгөчүлөргө 144 миң сомониге (13400$) чейин айып пул салынат же эки жыл эркинен ажыратылат.

Бирок камактагы айрым жарандардын туугандары "Азаттыктын" тажик кызматы - "Озоди" радиосуна билдиргендей, бийлик төлгөчү делгендердин баары эле мындай ишти аркалай бербейт. Алардын бири тууганы ата-бабаларына окшоп жалаң гана диний дуба окуганын, бул аракеттердин бүбү-бакшылыкка эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Айрым юристтер мындай адамдарды камакка алуу жана алардын жүзүн сыналгыдан ачык көрсөтүү мыйзамга каршы келерин баса белгилешет.

Тажикстандык адвокат Шокиржон Хакимовдун айтымында, соттолбогон адамдардын видеосун көрсөтүү күнөөсүздүк презумпциясына каршы келет.

"Компетентсиздиктен, билим деңгээлинин төмөндүгүнөн же башка себептерден уламбы, кээ бир адамдар "бир эле жерден эки башка кабар" угуп, ушундай катачылыктарды кетиришет, бул жакшы эмес", - дейт Хакимов.

"Бул башкаларга сабак болот"

Мындай видеолорду тараткан Тажикстандын Ички иштер министрлиги алардын аракетинде эч кандай күнөө жок экенин белгилейт. Министрликтин кызматкерлеринин айтымында, "абактагыларды сыналгыдан көрсөтүү менен мыйзам бузулбайт, негизги максат - коомдогу абалды жакшыртуу".

"Мыйзамда тыюу салынган эмес. Кармалган адам жашы жете элек болсо, анда анын өзүнө болгон ишеними таптакыр жоголбошу үчүн, баланын коопсуздугу үчүн анын жүзүн көрсөтпөйбүз. Бирок бул эч кимдин кадыр-баркын кемсинтүү эмес. Бул алдын алуу, башкаларга сабак болот. Негизи мындай нерсе менен эч ким алектенбеш керек", - дейт ИИМдин кызматкери "Озоди" радиосуна курган маегинде.

Мамлекеттик телеканалда кармалгандардын суракта айткандары, алардын аты-жөнү жана үй даректери ачык көрсөтүлөт. Бирок кылмышка шектүүлөрдүн көрсөтмөлөрү кайда, кандай жагдайда тартылганы белгисиз, алар видеодо кылмышты мойнуна алып, жасаган иштерине өкүнүп жатканын айтышат.

Мыйзам эмне дейт?

Юрист Хуршед Курбоншоев кылмыштуулукту алдын алуу үчүн үгүт иштерин жүргүзүүгө мыйзам жол берет дейт.

"Бийликтин бул аракеттеринин баары коомдун кызыкчылыгын эске алуу менен жасалып жатат. Мындай учурларда алар сүрөткө тарта алышат. Көпчүлүк молдолор алдамчылыкка шек саналып кармалышат. Балким, аларды коомчулукту эскертүү үчүн видеого тартып жаткандыр. Бирок камеранын алдында кечирим суроо сыяктуу чаралар мыйзамда каралган эмес жана мындай адамдарга карата бардык жазалар, административдик укук бузуулардан башкасы, соттун чечими менен гана колдонулушу мүмкүн", - деп белгиледи тажик юрист.

Тажикстандагы эң маанилүү жана резонанстуу сот жараяндары жабык өтүп жаткан учурда бүбү-бакшылардын камакка алынып, сыналгыдан кечирим суратылышы коомчулукту тынчсыздандырбай койбойт.

Тажикстанда соттордун ишмердигинде адилеттик жок экени утуру-утуру айтылып келет, журналисттер менен жарандык активисттер үчүн сот процесстерине кирүү мүмкүнчүлүгү дээрлик жок.

Ал эми төлгөчүлүк жана көзү ачыктыкка тыюу салган берене Тажикстандын Кылмыш кодексине май айында кошулду. Мурда мындай ишмердик менен алектенгендер административдик жазага гана тартылчу.

Жаңы чараларга ылайык, административдик жоопкерчиликке тартылгандан кийин дагы көзү ачыктык кылып, төлгөчүлүк жана бүбү-бакшылык менен алектенсе, кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралат. Быйыл апрелде Кыргызстанда да парламент депутаттары көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнамалоого тыюу салууну сунуштаган эле.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын 10 айында бүбү-бакшылык жана төлгөчүлүккө байланыштуу 103 административдик укук бузуу фактысы аныкталган. 2022-жылы мындай 136 учур катталган. Ошондой эле 2023-жылы коңшу өлкөдө "төлгөчүлөрдүн колдонмосу" делген 100дөй китеп конфискацияланган.

"Каада-салт жана ырым-жырымдарды иретке келтирүү жөнүндө" деп аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу тажик парламентинин жогорку палатасында 19-июнда колдоо таап, 21-июнда ага президент Эмомали Рахмон кол койгон.

Эми бийлик "маданиятка жат" деп эсептеген кийимге тыюу салат. Баш ийбегендерди жазалайт. Жаңы мыйзамга баш ийбеген жарандарга 7920 сомони ($733), ал эми кызмат адамдарына 39 600 сомони ($3668) айыппул салынат.

Тажик өкмөтү "маданиятка жат кийимди өлкөгө алып кирүүгө, сатууга, коомдук жайларда кийип жүрүүгө" тыюу салганын улуттук баалуулуктарды коргоо жана экстремизмди алдын алуу аракети деп негиздөөдө. Бирок айрым активисттер муну сатрга жана хижабга гана каршы багытталган демилге деп атап, бийликти жарандардын "жеке жашоосуна кийлигишүүдө" деп сындап жатышат.

Көзү ачыктарга каршы күрөш Борбор Азияда Тажикстандан башка Кыргызстанда да башталган. Өткөн айда кыргыз парламентинде көзү ачык, бүбү-бакшыларды мамлекеттик жана жеке телеканал, радио, көрнөк-жарнак аркылуу жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоору экинчи окуудан өткөн.

Демилгенин авторлору “жарнама тууралуу” мыйзамга мындай өзгөртүү киргизүү менен коомду шылуундардан коргоп калууга өбөлгө түзүлөрүн айтып жатышат.

Жин чыгарган өзбек бакшылар

Ал эми Өзбекстанда соңку кездери "жин кубалаган" табыптар социалдык тармактарда ишин жүргүзүп, аларга болгон суроо-талап өскөнү айтылып келет.

Былтыр Өзбекстандын Ташкент облусунда мындай дарылоо кейиштүү аяктаган. Аккурган районунда эки адам 42 жаштагы аялды "жин чыгаруу" учурунда өлтүрүп алышкан.

Аккурганда эки адам 42 жаштагы аялды "жин чыгарып жатып" өлтүрүп алышкан.
Аккурганда эки адам 42 жаштагы аялды "жин чыгарып жатып" өлтүрүп алышкан.

Аккурган райондук соту эки адамды Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Алдамчылык) жана 102-беренеси (Этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү) боюнча кылмыш жасаган деп тапкан. Сот алардын бирин үч жылга, экинчисин эки жыл алты айга эркинен ажыраткан.

Маалыматка караганда, соттолгон эки адам "жин чыгаруу" ырымын бир жарым саат жасашкан. Алар аялды көкүрөккө, ичке, колу-бутуна балка, темир казык, чынжыр менен урушкан. Натыйжада аял алган жаракатынан улам каза болгон.

Өзбекстанда "жин чыгаруу" өлүм менен аяктаган учурлар буга чейин да катталган. "Куран менен айыктыруу" деген бул ырым мусулманчылыкта колдонулуп келет. Өзбекстанда "жин чыгаруу" ырымы кеңири жайылган.

Бир жолку жин чагырууга болжол менен 200 долларга чейин төлөнөт. Эмчи-домчулар ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларында онкология, диабет, вирустук гепатит жана аялдардын тукумсуздугу сыяктуу ооруларды "тез жана натыйжалуу дарылоону" убада кылышат.

Адистердин айтымында, Өзбекстанда сапаттуу медициналык кызматтын жоктугу адамдарды альтернативдүү, кээде күмөндүү ыкмалар менен дарыланууга түртөт. Натыйжада бейтаптар алдамчылардын жана башка кылмыштардын курмандыгы болуп калышат.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев элдик медицинаны көзөмөлгө алууну буйруган. Президенттин 2018-жылдын 12-октябрдагы "Өзбекстанда элдик медицина чөйрөсүн тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, элдик медицина менен алектенүү үчүн жарандар атайын уруксат кагазын (лицензия) алышы керек.

"Сыйкыр жана оккультизм" боюнча магистратура

Ал тапта Британиядагы Эксетер университетинин Араб жана Ислам таануу институту "Сыйкыр жана оккультизм" боюнча магистратура программасына быйыл жаңы окуу жылынан тарта студенттерди кабыл алат. Алар дүйнө жүзүндөгү сыйкырдуу жана табияттан тышкаркы окуялардын тарыхын, анын коомго тийгизген таасирин изилдешет.

Программанын директору, доцент Эмили Селове ББСге берген маегинде соңку жылдары дүйнөдө эзотерика жана оккультизмге кызыгуу күчөгөнүн айткан.

"Бул магистрдик программа адамдарга Батыш рационализмдин жана илимдин жери, ал эми дүйнөнүн калган бөлүгү сыйкырдын жана ырым-жырымдардын жери деген божомолду кайрадан изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет", - дейт Селове.

Эксетер университетиндеги "Сыйкыр жана оккультизм" боюнча магистр даражасын алуунун бир жылдык баасы 30 миң доллардын тегерегинде экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG