Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Инвестиция жаатындагы саясат: улуттук фонд түзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 25-июлда "Улуттук фонд жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документти өткөн айда парламент кабыл алган жана анда бул фонд четтен инвестиция тартуу, ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенери белгиленген.

Парламентте талкуу маалында аны мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда түзүлгөн Өнүгүү жана инвестициялар боюнча борбордук агенттикке (ЦАРИИ) окшоштургандар дагы болгон.

Учурда мамлекеттин инвестициялык саясатын ишке ашырган атайын агенттик бар жана бул агенттиктин иши сынга алынып, жетекчисине эскертүү берилген.

Расмий маалыматка ылайык, Улуттук инвестициялык фондду Министрлер кабинети түзөт. Ал мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын наркынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу, капиталдын жергиликтүү жана эл аралык рыногуна чыгуу жолу менен инвестицияларды тартуу максатында уюштурулду.

"Фонддун өнүктүрүү стратегиясына ылайык, фонд жана анын туунду компаниялары Кыргызстандын мамлекеттик программаларын ишке ашырууга катыша алат. Фонддун жана анын туунду компанияларынын долбоорлорго катышуусу социалдык жактан маанилүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кайра өндүрүүдө же алардын иш чөйрөлөрүн өнүктүрүүдө жагымдуу рыноктук шарттарды түзүү менен коштолушу мүмкүн", - деп жазылган маалыматта.

Президент Садыр Жапаров алгач инвестициялык фонд түзүү жарлыгына өткөн айда, 19-июнда кол койгон. Бул фонд четтен инвестиция тартып, ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенери көрсөтүлгөн.

Жарлыкта өкмөткө фондго өткөрүлүүчү мамлекеттик үлүшү бар коомдордун тизмесин даярдоо, мындай коомдорду корпоративдик башкаруунун мыкты тажрыйбасын киргизүү, мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүү өңдүү бир катар тапшырмалар берилген.

Министрлер кабинети бул жаатта жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу азырынча комментрий бере элек.

Жогорку Кеңеш Улуттук инвестициялык фонд түзүү тууралуу мыйзам долбоорун өткөн айда кабыл алган. Депутат Аманкан Кенжебаевдин пикиринде, инвестиция жаатында аракетти күчөтүү керек:

Аманкан Кенжебаев.
Аманкан Кенжебаев.

"Биз ал мыйзамды колдоп бергенбиз. Инвестициялык репутациябыздын өзгөрүшүн азыр мен анча жакшы деп айта албайм. Бирок инвестиция, кудайга шүгүр, келип жатат. Мына кечээ эле Москва районунда машина заводду ачтык. Бир топ чакан ГЭСтер ачылып жатат. Инвестиция жаатында сүйлөшүүлөр, чакырылгандар бар. Бирок инвестиция тартуунун дагы жакшы жактарын ойлоп чыгышыбыз керек. Жалаң эле өкмөт эмес, баарыбыз биригишибиз зарыл. Өкмөттүн ою жакшы, бирок ал аткарылбай калган учурлар дагы бар. Ошондуктан алдыга баарыбыз бирге жылышыбыз керек".

Президенттик администрациянын соңку коллегиясында, май айында Инвестициялар боюнча агенттиктин иши начар деп табылган жана жетекчиси Талантбек Имановго эскертүү берилген.

Жыйында мекеме соңку үч жылда чет өлкөлөрдөгү сапарларга көп каражат короткону менен, бир дагы инвестиция тартпаганы белгиленген.

Инвестицияларга байланыштуу атайын агенттик алгач 2017-жылы түзүлгөн. 2021-жылы министрлик болуп өзгөрүп, көп өтпөй ошол эле жылы октябрда кайра агенттик болгон. 2022-жылы мартта Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ага "улуттук" деген макам берилип, президентке карап калган.

Улуттук инвестициялык фонд түзүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев колдогон эмес. Ал буга чейин дагы ушундай фонддор түзүлгөнүн, түзүү аракеттери болгонун белгиледи. Инвестиция жаатындагы саясатка ачык-айкындуулук жок деген оюн айтты:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Фондду түзүүгө мен каршы болгом. Себеби "Кыргызиндустрия" деген мамлекеттик ишкана түзүлбөдү беле. Биздин фракция ошол ишканага барып, иши менен таанышып келген. Анын жетекчилиги бир топ жакшы аракеттерди баштаптыр. Компьютер куроо, мык, курулуш материалдарын чыгаруу боюнча бир топ иштерди баштаптыр. Бирок алар чыгарган компьютерге заказ бергендер чыкпай жатат, атайын аскер кийимдерин чыгарышат экен, ага деле аларман чыкпай жатат. Эгер буюртма болбосо, ал ишкананын келечеги кыйын. Эми ал аз келгенсип дагы бир фонд түзүп жатышат. Эсиңерде болсо керек, буга чейин деле түзүлгөн. Биринчиси Өнүктүрүү фонду болгон, андан кийин Максим Курманбекович Бакиев башкарган Өнүгүү жана инвестициялар боюнча борбордук агенттик (ЦАРИИ) деп да түзүлгөн. Мен дайыма эле айтам, негизи инвестициянын баарын көзөмөл кылалы деген ой жакшы. Бирок инвестиция боюнча так маалыматты сиз "Азаттыктын" журналисти катары, мен депутат катары такыр ала албайбыз. Ким куруп жатканын, кайсы акчага кантип куруп жатканын билбейбиз. Эгер суроо берсең, "сен душмансың, душмандык кылып жатасың" деп чыгышат. Миллиарддаган акчага курулуштар жүрүп жатат, бул жакшы. Бирок аны ким куруп жатат? Ким анын пайдасын көрүп жатат? Ошондуктан Инвестициялык фондду эмнеге түзүшкөнүн так билбейм. Азыр эми президенттин иш башкармалыгы бир топ чарбалык иштерди өзүнө алып, имарат салып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатат. Балким, аларды дагы фондго кошуп коюшабы, белгисиз. Айткан максаттары жакшы, кулакка жакшы угулат. Өкмөт башчысы Акылбек Жапаровдун түн бир оокумунда ойготсоң дагы жакшы программаларды айтып берет. Мен ушул фонд түзүү тууралуу мыйзам талкууланып жатканда бул ЦАРИИге окшоп кетпейби деп сурагам, алар жок дешкен. Эми эмне болорун келечек көрсөтөт да".

Расмий маалыматка ылайык, былтыр өлкөгө 845 миллиондой доллар түз инвестиция келген жана 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 30% кыскарган. Ошол эле маалда былтыр 685,5 миллиондон ашык доллар көлөмүндөгү тикелей инвестиция чыгарылып кеткен жана ал сумма мурдагы жылга салыштырмалуу 40% азайган.

Азыр бийлик башчылары инвесторлорго ар тараптуу колдоону убада кылып келет. Буга чейин Садыр Жапаров айрым инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар бар экенин билдирген. Фейсбуктагы баракчасына андайлар чекесинен камалып жатканын, бирок бул күч органдарына кошумча түйшүк жаратып, өлкөнүн аброюн түшүрүп жатканын жазган. Президент инвесторлорго кайрылып, мамлекеттик мекемелер менен гана иштешүүнү сунуштаган. Ошол эле маалда тиешелүү мекемелердин, аймактардын жетекчилерди бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуну, ар биринин иши келген инвестициянын көлөмүнө жараша бааланарын эскерткен.

Экономист Кубан Чороев кыргыз өкмөтү инвестициялык саясатын жакшыртуу жолдорун караштырып жатат деген пикирде:

Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

"Кыргызстанда буга чейин мүлктү эффективдүү башкаруу боюнча өзүнчө фонддор толук болгон эмес. Мисалы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду болгону менен, ал натыйжалуу башкаруучу боло алган жок. Анткени бизде корпоратавдик башкаруу маданияты түптөлгөн эмес. Ошондуктан мамлекет өзүндөгү мүлктүн кайсы бир бөлүгүн өзү кармап, башка бөлүгүн эффективдүү башкаруучуга бергени туура болорун дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп жатат. Мамлекет өзү жаман башкаруучу. Жеке инвесторлор, компаниялар менен кызматташса, жакшы натыйжалар болот деген пикир калыптанып калган. Ушул жол менен иштегенге Инвестициялык фонд жакшы инструмент десе болот го деген ойдомун".

Кыргыз өкмөтү 2022-жылы "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингин түзүп, ал инвестиция тартуу, ири долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенерин билдирген.

Анын жетекчилигине ошол маалда "Кумтөр Голд Компани” ишканасынын тышкы башкаруучусу болуп турган Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Улуттук холдинг кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган. Кийин Кумтөр ишине байланыштуу Теңгиз Бөлтүрүк кармалып, холдинг 2023-жылы жоюлуп кеткен.

XS
SM
MD
LG