Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:53

Бишкектеги окуя: Пакистандык студенттердин санаасы, өкмөттүн убадасы


Пакистандык студенттер жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
Пакистандык студенттер жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов

Бишкекте 18-майга караган түнү болгон окуяда жабыркаган айрым пакистандык студенттер өз өлкөсүнө кайтып жатат. Жатаканаларда жашагандар коопсуздугунан чочулап жатканын билдиришти. Бул жайга кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү барып, окуя тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр жазаланарын убада кылышты.

"Буюм-тайым, сом, долларыбызды алып кетишти"

Бишкектин ортосундагы VIP Hostel жатаканасындагы чет элдик студенттер эми гана өздөрүнө келип жатканы менен дагы деле кооптонуп турушат. Негизинен пакистандык студенттер жашап келген бул жай 18-майга караган түнү Бишкектеги башамаландыктын чордонуна айланган. Жаалданган топ жатаканага кирип келип, чет элдик студенттерди ур-токмокко алган.

Окуяга күбө болгон студенттердин арасында Ахмед Умер сыяктуу Кыргызстанга келгенине үч-төрт ай гана болгондору бар.

“Соңку эки күн абдан кооптуу болду. Анын баары 13-майда египеттиктер менен айрым жергиликтүүлөрдүн ортосундагы мушташтан башталды. Андан бери биз коркуп турабыз. Кайсы бир жергиликтүү адамдар биздин хостелге кирип келип, кыз-келиндерге ыдык көрсөтүштү. Алар терезелерди, баарын сындырышты. Буюм-тайым, сом, долларыбызды алып кетишти. Алар мугалимдердин колун сындырышты. Дээрлик көбүнүн мурду сынды окшойт. Биз өтө корктук. Полиция биз менен кызматташкан жок”.

Бишкектеги пакистандык студенттер. 19-май, 2024-жыл
Бишкектеги пакистандык студенттер. 19-май, 2024-жыл

Үч күн мурдагы окуя маалында беш кабаттуу жатакананын көпчүлүк бөлмөлөрүнүн каалгалары сынган экен. Окуядан кийинки абалды көрсөтүп жаткан жатакананын директору Сажжат Ахмад 18-майдагы окуя алар үчүн күтүүсүз болгонун, студенттерге жардам көрсөтүлүп жатканын айтып берди:

“Албетте, болуп өткөн окуялардан кийин студенттер коркуп турушат. Биз аларга абалдан чыгууга жардам берүүгө аракет кылып жатабыз. Университеттин мугалимдер жамааты баары бул жакта жүрөт. Алар кечээтен бери бул жерде укташып, студенттерди тынчтандырып жатышат. Азыр студенттер бир аз тынчтанып калышты. Биз аларга сыртка дүкөнгө чыгып келүүгө уруксат бере баштадык. Мындан тышкары аларга тамак-аш да даярдап жатабыз. Албетте, кырдаал кооптуу. Алар эми мекенине барышат. Биз учак, билеттерди да караштырып жатабыз”.

"Кыргызстанга окуу үчүн гана келгенбиз"

Бул хостелде 500дөй чет элдик студент жашап келген. Соңку окуялардан кийин алардын басымдуу бөлүгү Пакистанга кайтуунун камын көрүүдө.

Журналисттер жатакананын ар кайсы бурчунда кийим-кечесин, буюм-тайымын чогултуп жаткан студенттерди кездештирди. Алар мекенине барган соң кайра кайтып келишеби азырынча билбей турганын Ахмед Фаиз аттуу студент айтып берди:

"Студенттер бул жакка билим алуу үчүн гана келет. Азыр студенттер өтө коркуп турушат. Бир дагы жаман өлкө жок экенин билем. Болгону жаман адамдардан жана жаман жүрүм-турумдардан улам студенттер абдан кооптонуп калышты. Алар да бирөөнүн баласы. Алар бул жакка окуш үчүн гана келген. Алардын Пакистандагы ата-энелери да санааркап турушат. Бирок окуу жайдын эмгек жамааты бизге жардам берип жатат. Жергиликтүү мугалимдер, жетекчилер... Алар Пакистанга каттамдарды уюштурууга көмөктөшүүдө. Бирок эл аралык деңгээлден алып караганда, болуп өткөн окуялар өлкөнүн аброюна шек келтирип койду. Студенттер коркуп турушат. Убакыттын өтүшү менен абал жакшырат деп үмүттөнөбүз".

Пакистанга кайтып барга студенттер.
Пакистанга кайтып барга студенттер.

Кыргызстанда окуган пакистандык студенттерди мекенине алып кетүү үчүн чартердик каттам дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Пакистандын Бишкектеги элчилигинин кызматкери ырастады. Анын айтымында, 19-20-21-майда каттамдар уюштурулган.

“Алардын көбү Кыргызстанга кайтып келет деп ойлойм. Бул алардын коопсуздугу үчүн убактылуу гана чара”, - деди ал.

Буга чейин ишембинин кечинде Бишкектен 180 пакистандыкты салган учак Лахор шаарына барган. Анда 140 студент, калганы Кыргызстанда жашап, иштеп жүргөн пакистандыктар болгон.

Өкмөт өкүлү чет элдик студенттер менен жолугушту

19-майда түштөн кийин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Пакистандын Бишкектеги элчиси Хасан Али Зайгам VIP Hostel жатаканасына барып, студенттерден кабар алышты. Жолугушууда Байсалов 18-майдагы окуя сөзсүз иликтенерин жана күнөөлүүлөр жоопко тартыларын билдирди.

“Кесиптештерибиз бул атайын күчтөр уюштурган чагымчылдык болушу мүмкүн деп айтып жатышат. Милиция кызматкерлери ошол түнү баарын тынчытып, үйүнө таратышты. Бирок мунун баары ушуну менен бүтүп калбайт. Муну уюштурган, “отко май чачкандар” аныкталат. Тергөө жүрүп жатат, тартипсиздикке, бейбаштыкка жол берилбейт. Мунун баары өкмөткө, укук коргоо органдарына жана коомчулукка сабак болушу керек”, - деди Байсалов.

Өкмөт өкүлү өлкөдө билим алып жаткан чет элдик студенттерге жана туристтерге эч кандай чектөөлөр болбой турганын кошумчалады.

“Оазис” фондунун директору Мээрим Осмоналиева 18-майга караган түндөн тарта пакистандык студенттерге жардам көрсөткөндөрдүн бири болгон. Ал учурда пакистандык студенттер туш болгон мыйзам бузууларды каттап, айрым студенттер үчүн башкалка жай уюштурган.

Осмоналиеванын айтымында, соңку окуя учурунда өкмөттүк органдар өз убагында чара көрбөй, маселенин ырбашынын алдын ала алган эмес:

“Өтө кейиштүү окуя болду. Биздин өкмөттү чакырып кетким келет. Азыр көп студенттер сөз кылуудан корккон көп учурлар бар. Алар өздөрүн ур-токмокко алган, зордогон, үйгө кирип келген учурлар тууралуу сүйлөгөндөн коркпошу керек. Мындай болбошу керек. Кыргызстан – меймандос өлкө. Өлкөбүздүн бедели, кадыр-баркына түшүп жатканы уят иш болуп калды. Аны калыбына келтирүү үчүн көп убакыт талап кылынат".

"Чет элдиктер кадимки жашоого кайтса болот"

Бишкек шаардык милициясы борбор калаадагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 2 жарым миңден көп кызматкер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди. Мекеменин 19-майда тараткан билдирүүсүндө шаардын аймагында абал туруктуу экени жана чет элдиктер кадимки жашоого кайтса болору жазылган:

“Учурда интернет мейкиндигинде жалган маалыматтар тарап жатат, бул биздин жарандардын арасында коомдук резонанс жаратат. Ушуга байланыштуу, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы чет өлкөлүк жарандарга карата күч колдонууга чакырган жалган маалыматтар аныкталса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет”, - деп жазылган билдирүүдө.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Мындан кийин Бишкектин көчөлөрүндө ондогон киши топтолуп, башаламандык чыккан. Анын жүрүшүндө айрым адамдар пакистандык студенттер жашаган бир нече жатаканага кирип барып, чет элдик студенттерди ур-токмокко алышкан. Бул окуялар учурунда 29 адам жаракат алып, ооруканага кайрылды. Учурда үч пакистандык жаран ооруканада дарыланууда. Бишкек шаардык милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалган. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган жергиликтүү төрт тургундун экөө аныкталды.

Бул окуяны Пакистан бийлиги жана коомчулугу кескин айыптап, аталган өлкөнүн премьер-министри билдирүү жасады. Ал Исламабад Кыргызстандан дароо кетүүнү каалаган пакистандык жарандарга жардам берерин айтты. Өкмөт башчы окуяга тынчсызданганын Х социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG