Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:28

Атанын таягын кечирген бала


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

О’Шакирдин алдыда кеп болчу аңгемесинде ата менен баланын мамилеси, айылдын киргилти жок таза турмушу сүрөттөлгөн.

Тентектиги ашынган баланын атасынан көргөн тарбиясы, ортодо чырылдап баласына болушкан эненин мээрими чыгармада ушунчалык ачык, реалисттик чынчылдык менен баяндалган.

"Өпкөңдү үзөм..."

Биздин аңгеменин каарманынын атасы тентек баланы ийге келтирүүнүн бир жолу – токмок деп ойлочу. Ыраматылык ачуусу келгенде эч нерсени байкабай калчу. Болгон ачуусун чычкандай баласынан чыгарчу. Ур-токмокко алууга кээде болбогон эле себеп түрткү болчу.

"Атам туруп-туруп эле бир күнү мени катуу сабады. "Өпкөңдү үзөм!" деп күрс эттире урганда күпчүйүп жыгылдым. Чын эле өпкөм үзүлүп кеткендей өзөрүп куладым. "Ик-ик-ик…" – деп үнүм чыкпай калды. Түпкүчтөй түйүлүп жатканымды көргөн атам:

– Экинчи сени урсам, колум сынсын, – деп эшикке чыгып кетти. Кайта кирет, кайта чыгат. Кайта кирип ордунда тегеренип туруп калды. Айласын таппай кайпалактап турганда, дем ала баштадым. Өңү кумсарып, заманы куурулуп турган атам:

– Балам, аз жерден элге шерменде болуп кала жаздабадымбы… Экинчи сага колум тийсе, башымды жутайын, – деп ант берип жиберди.

Айтканындай эле ошондон кийин мени далайга чейин урганын токтотуп, алдап-соолап айтканга өткөн. Бирок акыры: "Алдап-соолаган сага жарашпайт турбайбы" деп, камчы менен тызылдатчу болду. Атамдын ачуусу каканактап араң турса арачалай калчу апам бир күнү:

– Бул балаңа менин да алым жетпей калды, – деп жыландын башын кылтыйтып, чыгып кетти.

Ошондогу атамдын таягынын ачуусу эстен кетпейт. Кудум мууздаганга жетелеп барчу эчкиден бетер коргондон коргонго секирип, качып жүрөм. Атам мени кубалап жетпей чарчаганда, кара жоргосуна минди. Кара жоргосуна мингенде дегеле камчы албаган атам, чобур атка мингенде алчу камчысын алды. Эми кайда качарымды билбей, сарайдын үстүнө чыгарым менен апама кыйкырды:

– Мылтыкты алып чык! Атып салайын! Атамдын айтканынан кайтпаган мүнөзү бар эле, дароо сарайдын чатырынан секирип түшүп, алдына барып бердим. Камчы менен жонума салып-салып алды да, көксөөсү суугандай атын түркүккө байлап, камчысын сүйрөп, үйгө кирип кетти.



Кечке чейин үйдү сагаалап, киргенге даабай, сырттагы атамдын кара жоргосунун жалын сылап, мойнун тарап, таноосун чукуп атсам, айгыр неменин жука чурайына көгөндөр конуп алып, канын шимип аткан экен, шап этип уучум толо кармап алдым. Үргүлөп турган айгыр чочуп кетти. Кошкурунуп алып, кайра жоошуй калганда эми мурдагыдай эмес, чычкан аңдыган мышыктай жылып барып уучтап кармап аткам.

Айгырдын да жаны жай ала, мага ыраазы болгондой көз кырын салып койду. Жылкы баласы эмеспи, жакшылыгымды билип атканына мен да ыраазы болуп, байлоодо турган неме суусагандыр деп, ооздугун чыгардым да, атамдын уруксатысыз эле жонуна тырмышып минип, сугарып келгени жөнөдүм.

Ошондо мага да, кара жоргого да убал жок экен. Бутумду сербеңдетип теминерим менен кара жорго алып-учуп жөнөсө болобу. Тизгинин тартам, чылбырын тартам, айгыр булакты көздөй эмес, үйүр жылкыларга алып жөнөдү. Жылкылар үркүп, чытырман чычырканакка кире качышты".

Ажалы жеткен эмес экен, ал ирет каарманыбыз аман калды. Алып учкан кара жоргонун тизгини бутакка илинип ээрден кулап түштү. Атасынын кубанычында чек жок болчу. Чычырканакка таланып денеси кызылала болгон баласына атасы миң ирет жалынып, өмүрүн тилеп отурду. Денесинин соо жери жок, ийне сайылган баласын кучактаганда бакырып ийди. Үстүндөгү жалаңкат көйнөк дал-далынан айрылып, денесинин бүтүн жери жок кызыл-жаян кан, калтырап-титиреген атасы кучагынан бошоткондон кийин баланын жаны ачышып бакырганын көр. Байкуш ата баласынын азабына чыдабай, ушул айыптуудан бетер жандай жакшы көргөн кара жоргосун камчы менен башка-көзгө тартып-тартып алды.



Баланын соо жери жок эле. Денесиндеги тикенектерди сууруп атканда байкуш чучуктай чыңырды. Атасы тикенектерди ийне менен оюп чукуп, кан сызылган жерлерди бир колундагы кебез менен сүртүп, артынан апасы үзүп берген аппак кебезди йодго малып, денесине сүргөн сайын ахалап-охолойт. Чычырканактын уусу өтүп кеткен денеси тулуптай шишип, көпкө чейин тарабай жүрдү. Бирок баары унутулат экен. Бир күнү булардын жайлоосуна "аптолап" келиптир. Ал кезде бир куту ширеңке бир тыйын. Какыраган кенен Аксайга автодүкөн чанда бир келчү. Апасы айтып атпайбы "ширеңкеден көп эле алып койчу, түткүдөй эмес" деп. Бир чака толтура ширеңкени ошондо алышкан. Жүз куту ошондой болот экен.

Бир сомго алынган 100 ширеңкени "кагынгыр" боз үйдүн артына алып барып өрттөп койгондон кийин атасы менен апасы тентекти колу талыганча токмоктошту, бирок ширеңкеси жок калышты. Боз үйдөгүлөр күнүгө таң эртең турушуп аңдыганы эле коломтодогу чок. От үзүлүп калбасын деп канча күн азап тартышты. Акыры ал сыноонун деле аягы келди окшойт, жайды-жайлай очоктогу чокту аңдып жүрүшүп күзүндө жакага көчүштү. Жүз сомдук ширеңке эсинде калыптыр.

"Атасын тарткан..."

Баласынын мынчалык шок, тентек чыкканына атасы деле кээде ишенбей: "Биздин тукумда мындай ээнбаш жок эле, бул кайдан чыккан", – дечү. Апасы менен Жумабай абасы макулдашып алгансып атасын ушул баласы тартканын айтышчу. Айылдагылардын баары сүйлөшүп алышкансып тентекти: "сен так эле атаңдын өзүн тартып калыпсың" дешчү. Атасы бир үйдүн жалгыз уулу болгондуктан ээнбаш өскөнүн тегирменге келгендер кобурай беришчү. Айтымы, чоң ата, чоң энеси атасын көп азап менен тарбиялап өстүргөн окшобойбу.

Анысын атасы айтчу эмес, жалгыз баласы үчүн чоң атасы баласын уруп-соккон эмес окшойт. Бир жолу тентеги сыртта чыгырык ойноп жүрсө кара жоргодо ооп-төгүлүп атасы келатат. Мындайда атасынын берешендиги кармап калчу. Чөнтөгүндө болгон акчасын карматып ийчү. Баласы атасын тосуп алып аттан түшүрүп, жоргону байлап үйгө ашыкты, атасынын келгенин сүйүнчүлөш керек болчу. Үйдөгүлөр телевизордун кызыгына батып отурушкан. Бир күн жок болсо малды талаага таштап бейкапар телевизор көрүп отургандарды ачуусу келген атасы туш келди сабап кирбеспи. Баланын башына дагы күн түшүп камчыдан корголоп караңгы түндү пааналап качып чыкты.



"Качканым курусун, көз байланган караңгыда үйдөн узагандан кийин, катуу корккондуктан буттарым тартылбай калды. Ар кайсы жерде дөмпөйгөн чийлер чачы апсайган жез кемпир жер чукуп отургандай үңкүйөт. Үйгө кайта барайын десем, атамдан корком, барбайын дейм, көөдөй караңгы түндө кайда барам? Эгер Султанаалы кошунаныкына корголосомчу? Атам алардыкынан издеп таап алсачы" дейм. Андан башка кошунабыз жок болчу. Себеби саз, токойлуу бул жерде эки эле малчынын үй-бүлөсү жашачу. Муштумдай жүрөгүм дүкүлдөгөн сайын далы ортомдун тушунда бирөө тургансыйт. Бир далай убакыттан кийин апамдын үнү чыккан тарапка темселедим. Ал болсо менин карааным үзүлгөндө эле артыман жөнөптүр.

– Атаң эбак эле уктап калган. Дабышың чыкпаганынан – өпкө-бооруңду үзө муштаган экен деп, жаным калсачы, – деген апам безеленип жиберди.

Бирок ошол күндүн эртеси атамдын эсинде кечөөгүнүн бири да жок болсо керек, эртең менен күндөгү адатындай мойнуман жыттагылап, сакал-муруту бети-башымды сайгылап, мени эркелетип аткан экен. Атам канча төпөштөгөнү менен баары бир көкүрөк күчүгүм деп, башкаларына караганда мени өзүнө көбүрөөк имерчү. Апам дайыма атам мени төпөштөп коюп, кайра тез эле сооротконун көргөндө:

– Экилентип аласың да, кайра бейбаш кылган өзүң, – десе: "Азыр бейбаш болсо, кийин эрте токтолот" – деп, экөө кыжыңдаша беришчү".

Убакыт дегениң билинбей өтө берет экен. Ыраматылык атасы тентегинин кагылып-согулуп, бой жеткенин көрбөй өтүп кетти.

Мектептеги жыйналышка дегенде эле ата-энеси жок шылтоолорду айтышып, жаа-бою качышчу. А бирок бир окуя ата-баланын мамилесин биротоло бузду окшойт. 7-класска көчкөн убагы. Физика мугалими кайсы бир тапшырманы дайындап аны жаттай албай отурган. Жыргал деген тыржыйган классташынын шылдыңына чыдабай чоң кара мешке шишти кызартып ыгы келгенде анын жамбашына басып салды.



"Класс ичи куйкум жыттанып, ботодой боздоп жатат. Аңгыча коңгуроо кагылып, кирип келгендер жерде түпкүчтөй түйүлүп жаткан Жыргалдын эмнеге ыйлаганын, каңырсыган жыт кайдан экенине түшүнбөй, аңырайып калышты.

Көп өтпөй кабагы тырышкан Үсөй агай класска баш багар замат иштин чоо-жайын угуп, анын да оозу ачылып калды. Аңгыча ким бирөө элпектенип мектептин деректирин чакырып келгенге үлгүрүптүр. Деректир ошол замат эле кайдан-жайдан атамды таптырып келди. Атамдын артынан айылдын милийсасы кошо кирди. Деректир дароо эле бүтүндөй мектепке жыйналыш болорун жарыялады.

Бардык класстын окуучулары жыйналгандан кийин заары көзүнөн чыккан деректир бул окуяга элдин баары күнөөлүүдөн бетер, ар кимге сөөмөй такап: "Мына бул акмакты көрүп атасыңарбы!?" деп, мени ортого чыгарды. Иштин аки-чүкүсү эмнеден чыкканын териштирип отурбастан, мен жөндөн-жөн эле тигини баса калып куйкалап салгандай таризде түшүндүрүп кирди.

Жыйналыштагылар дуу деп, ордуларынан козголо түштү. Ары жактагы мугалимдердин арасында мага дайыма ызырынып жүрчү Жумаш эженин: "Бул бала дайым ушул. Бирдеңкенин ичинен чыкмайын жүрбөйт!" дегенин укканда: "Эми бүттү – дедим, – баары арызданып баштайт". – Мунун ата-энесин чакыртыш керек! – деп дагы бир балакеттин башын баштарда, ансыз да ачуусу шакардай кайнап турган деректир ортодон чыга калган Жумаш эженин сөзүн жулуп алды:

– Атасын чакыртып келдим. Ал киши бул жерде… Келсеңиз мында… Бул жакка чыгып, балаңыздын жоруктарын угуңуз…"

Бирок атасы кетип калган экен. Баланын корккону айылдык милийса болчу. Жыйында мектептеги эки тентекти "балдар колониясына" жөнөтүү чечимин көп айтышты. Балага ушунусу жакпады, буулугуп калган окшойт, ошол күнү мектептен келгенден кийин өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлады. Аны деле атасы жайгарды, айылдын милициясын үйүнө ээрчитип келип козу сойдуруп, сыйлап, баласын абактан сактап калды.

Айыкпас дарт

Анан жаз келди, алашалбыртта бала атасынын айыкпас дартка кабылганын укту. Мурда-кийин укпаган оору экен. Апасы баканын эти дары болот экен десе аны алып келди, ал да жакпады, бирөөлөрдөн угуп адамдын сөөгү дары экен десе аны да алып келди. Болгон аракеттен натыйжа чыкпай, үмүт үзүлүп калган күндөрдүн биринде үлдүрөгөн атасы момундай кеп айтты:

"Бир колуңдун ачуусун бир колуң менен басалбаган кызыл кандуулугуңдан корком. Өлүмдөн эмес, сенин кыялыңдан корком. Бул кыялың менен акыры түрмөгө түшөр бекенсиң… Токтоно албай жүрөсүң, мен өлсөм, апаңдын шорун кайната көрбө! Башкаларынан коркпойт элем, атаңдын оозун урайын… сенден корком. Көрүмө тынчыраак жаткыра көр! Апаң өлөр өлгөнчө колуңда калат. Башкалары үйлөнүп-жайланып кетет… Атам андан аркы сөзүн көпкө чейин улай алган жок. Өлүм алдында жаткан адамдын акыркы керээзи кандай экенин балалык жүрөгүм ошондо туйду.



– Ата, антип айтпаңызчы! – Бооруна бекем жабышып, эчкирип жибердим. Бирок атамдын көздөрүнөн жаш чыккан-чыкпаганын көрө алганым жок".

Атасы тентек уулу өлтүрүп койгон Окош абанын уюнун ордуна кулундуу бээни жеткирип берүүнү улам-улам сурады. Агасы аны жеткирип берди. Атасы көкүрөк күчүгүм айылда үйдө калат, элдин малын багат дечү. Балага ушунусу жакчу эмес, атасы бул дүйнөнү таштап кеткенин көргөндөн кийин турмуш жолумду өзүм тандайм, өзүм билем деп, буга чейинки атасына болгон кегин унутуп, жакын адамына деген сүйүү сезими өлүмдөн кийин ойгоно баштаганын туйду. Бул сезим кеч болсо да акыры бир кезде ойгонот экен.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Шерине

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG