Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:01

Зеленский Трамп менен Украинанын абадан коргонуусун бекемдөөнү талкуулаганын билдирди


Владимир Зеленский жана Дональд Трамп. 2025-жылдын август айы.
Владимир Зеленский жана Дональд Трамп. 2025-жылдын август айы.

Украин президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшкөнүн 11-октябрда билдирди.

"Жакшы, мазмундуу сүйлөшүү" болгонун белгилеген украин президенти Трампты Жакынкы Чыгышта атышууну токтотууга жетишкени менен куттуктаганын айтты:

"Бул олуттуу натыйжа. Бир аймакта согушту токтотуу мүмкүн болгон соң, албетте, башка согуштарды да, анын ичинде Орусиянын согушун да токтотсо болот чыгар. Мен президент Трампка Орусиянын биздин энергетикалык системабызга жасап жаткан чабуулдары тууралуу айттым. Анын бизге колдоо көрсөтүү ниетин мен баалайм. Биздин абадан коргонуубузду бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн, аны камсыздоо боюнча конкреттүү келишимдерди талкууладык. Биздин позицияларды бекемдөө жаатында жакшы варианттар жана идеялар бар. Орус тарап чыныгы дипломатияга даяр болушу керек — буга күч менен жетишсе болот".

Ак үй же Трамп өзү бул тууралуу азырынча маалымат берише элек.

Эки лидердин жеке жолугушуусу өткөн айда болгон. Анда тынчтыкты жакындатуу боюнча идеялар талкууланганын Зеленский билдирген.

Трамп согушту токтотуу үчүн Зеленский менен Путин жолугушуусу зарыл деген оюн айткан. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG