Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Дүйнө жана Кыргызстан: Келгиндерибиз – мамлекетибиздин бакыбаттыгынын күзгүсү


Бишкек, чет элдик студенттердин жатаканасынын алдындагы жолугушуу. 19-май, 2024-жыл
Бишкек, чет элдик студенттердин жатаканасынын алдындагы жолугушуу. 19-май, 2024-жыл

Кыргызстандын борборунда чет өлкөлүк келгиндерге каршы тополоң уюштургандардын кылмыштуу жоругу – Кыргызстандын эгемендигинин жана бакыбаттыгынын ички душмандарынын жоругу катары кескин айыпталышы зарыл. Тарыхчынын блогу.

Орток баалуулук

Мурдагы коммунисттик тоталитардык доордун далай кемчиликтерин санасак да, ал доордо бир маанилүү нерсени жок дегенде декларациялык негизде өздөштүргөн элек. Ал – бүткүл дүйнө жүзүндөгү элдердин достугу, эл аралык ынтымак.

Бир партиянын идеологиясынан ажыратып, жалпы тарыхка кылчайып карасак, бул идея жалпы адамзат үчүн бир нече миңдеген жылдардан бери орток асыл нарк катары бааланып келээрин баамдай алабыз.

Эл достугун чыңдоо үчүн дүйнөлүк диндер да өз салымын кошкон: ар бир инсан өзүнүн этностук тегине, жынысына, расасына карабастан, Жараткандын тең укуктуу бир пендеси, делген. Албетте, ар кыл диний китептерде “биздин диндегилер гана бейишке чыгат” деген чектөөлөр да болгонун унутпайлы.

Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын жалпы декларациясы жана адам укуктары жаатындагы башка маанилүү эл аралык документтер ар бир кишинин жалпы дүйнө жүзүндөгү укуктары башка кишилердики менен бирдей экендигин шардана кылышат. Мында дин жагы да укуктук чектөөнүн шылтоосу болбошу керектиги тастыкталат.

Орто кылымдардагы ой мурасынын бир өрнөгүнө келсек, айтылуу сопу акыны, ойчул Жалалуддин Руми (даанышмандыгы үчүн “мавлана” – “биздин кожоюнубуз” деген барктуу атка ээ болгон Жалалуддин Мухаммед Балхи Руми; 1207–1273) бир мисалды ыр саптары аркылуу татынакай баян (притча) түрүндө шөкөттөп берген.

Түрк, перс, арап жана грек келе жатышкан экен. Аларга бир бейтааныш киши тыйын акча берет. Андан кийин перс бул акчага “ангур” (انگور) сатып алалы, десе, арап: “жок, эйнаб (عنب) эле сатып алалычы!” дейт. Түрк болсо жүзүмдөн (üzüm) өтөөрү жок экенин айтат. Грек да өз оюн кыстарып: “Койгулачы, стафили (σταφύλι) турганда, башка эмнеге акча коротуп убара болмок элек!” деп чыгат.

Албетте, ар кими өз оюнан кайтпай, көжөлүп, ортодо бөөдө жерден мушташ чыгат.

Руминин бейити. Конйа, Түркия.
Жалалуддин Руминин бейити. Конйа шаары, Түркия

Акын Руми анан өзүн бушайман кылган ойду жазат: эгерде бул сабатсыздардын арасына көп тилдерди билген бир эле пенде келип калса, анда ал бардыгын жараштырып: “ар бириңдин көксөгөн нерсеңди сатып берем, анан аны төрткө калыс бөлөм!” деп айтмак, – дейт. Көрсө, ангур, эйнаб, жүзүм жана стафили – бир эле жемишти – жүзүмдү ар кыл тилдерде аңдатат тура!

“Түркөйлөрдүн сөздөрү (алааматтуу) согушка кептейт,

Менин сөзүм – ынтымак, тынчтык жана бейпилдикке жетелейт!” – дейт даанышман Руми.

Борбордук Азиядан барып, Түштүк Азияда Улуу Могол сулалесин түптөгөн даңазалуу Бабурдун урпактарынын бири – падыша Акбар (Абулфатх Жалалуддин Мухаммад Акбар; 1542–1605) Индиядагы көп динге жиктелген көп этностуу калайыкты ынтымакка чакыруу үчүн “дин-и илахи” – “кудайдын дини” деген жаңы дин түзүү үчүн да алпурушкандыгы тарыхта катталган.

Атеисттер болсо “эч кандай кудай жок, ар бир пенде орток бир мамлекеттин чатыры астында достукта жана бакыбаттыкта жашоого акылуу” деп чыгышкан.

Осмон жылнаамасынын тексти. 1911-ж.
Селаник (Фессалоник) жергесинде 1911-жыл үчүн жарыяланган Осмон жылнаамасынын (календарынын) тексти түрк, грек, франсуз, болгар, армян, арап жана жөөт тилдеринде жазылган.

Бул ой мурасынын бардыгынын тең жалпы адамзат үчүн орток асыл-наркы бар.

Ал – ар кандай өлкөдөгү жарандар жана келгин тургундар бири-бирин урматтап, тынчтыкта, бакыбаттыкта жашоосу керектиги жана мындай орток бакыбаттык үчүн ар ким жекече салым кошуусу зарыл экендиги тууралуу асыл ой.

Эссиздер жазаланууга жана жарандык коом тарабынан жектелүүгө тийиш

Кыргызстандын борбор шаарында бугу (май) айынын 18ине караган түнү айрым чет өлкөдөн келген кишилерге кол салган жоопкерсиз жарандарыбызды “эссиз кишилер” деп гана айта алам.

Ала-Тообузга чет өлкөдөн ар башка мөөнөткө келген ар бир киши эгемен Кыргызстанды өнүктүрүүгө түз же кыйыр салым кошот.

Биз, адатта, келгиндерден түшкөн каржылык салымдарды гана санап чектелебиз. Мисалы, чет өлкөлүк студенттер университеттерди каржылык жактан чыңдап жатышат, алар коомдук унааларга түшөт, “Тулпар” үчүн төлөшөт, кино, театрларга, дискотекаларга барышат, жер-жерлердеги туристтик жайларды кыдырышат, жатаканасы үчүн төлөшөт, уюкфон үчүн төлөшөт, тигиге төлөшөт, буга төлөшөт, аркыга төлөшөт, жок дегенде суу сатып алып ичишет... деп жалпы капчыгыбызды теше карайбыз.

Ошол учурда бизде байырлап жаткан келгиндер Австралия, АКШ, Жапония, Европа Биримдиги, Түштүк Корея, Улуу Британия сыяктуу өлкөлөргө жана өлкө биримдиктерине деле кетип калышы мүмкүн экендиктерин, ал жактарда келгиндер үчүн Ала-Тоого караганда бир нече эсе мыкты шарттар жаратылгандыгын айрымдарыбыз анчейин аңдай бербейбиз.

Кыргызстанда окуп жана иштеп жаткан келгиндер биздин жумуриятыбыз менен өз өлкөсүнүн ортосундагы данакерлер, элдик дипломатия өкүлдөрү, биздин жетишкендиктер менен саамалыктардын ыктыярдуу жарнамачылары экендигин да анчейин аңдай бербейбиз.

Тасма. Каныбек Исаков - ОшМУнун өнүктүргөн элдик уул

Кыргызстандагы бараандуу жогорку окуу жайлардын бири – Ош мамлекеттик университети заманбап университет катары эгемендик доордо тез көтөрүлүп чыгышы үчүн башкы шарт – анын эл аралык байланыштарынын ар кыл нукта түптөлүшү, андагы чет өлкөлүк студенттер менен окутуучулардын бул окуу жайда гана эмес, ушул шаарда жана ал жайгашкан эгемен мамлекетте өздөрүн коопсуз жана бактылуу сезип жашагандыгы болуп саналаарын Оштогулар гана эмес, жалпы кыргызстандыктар да аңдашы зарыл.

Ал эми университеттин же башка бир жергиликтүү мекеме же ишкананын эл аралык деңгээлде жакшы кабыл алынышы жана дурус упай топтошу үчүн коюлчу башкы талаптар бул мекеменин имаратынын сыртында, көчөлөрдө, курорт жайларда жана элетте да келгин кишилердин жана адистердин бейпил жана бакыбат жашоосу боюнча шарт жаратылган же жаратылбагандыгын таразалоону өзүнө камтыйт.

Эгерде чет мамлекеттеги кайсы бир университет же ишкана сырттан чакырылган кимдир-бирөөнүн башына "керектүү адис экен" деп алтын үйүп жатса да, ал университеттин же ишкананын коңшу көчөсүнөн эле кайсы бир сабатсыз тентек өзүн “мекенчил” санамыш болуп, бул адистин үй-бүлөсүнүн мүчөсүнө бычак такап, аны тоноп же ага акаарат кылып жатса, анда алиги сырт жактан чакырылган адис: “Мынчылык алтындын же акчанын барынан жогу артык!” деп айтаары бышык да.

Албетте, айрым келгиндер мыйзамсыз кала берип жаткандыгын жамандык жана зомбулук үчүн шылтоо кылып айткан пенделер жана аткаминерлер учурашы ыктымал. Мына ушунун өзү өкүнүчтүү.

Кимдир-бирөөнүн виза тартибин бузуп жашап жаткандыгы – мыйзам сыйлаган жалпы келгиндердин кемчилиги эмес, жергиликтүү бийликтердин эле кемчилиги.

Кыргызстандын өзүнөн АКШга эптеп турист катары барып алып, мыйзамсыз түрдө чейрек кылымдай же андан аз убакыт жашап, Ала-Тоодогу жакындарына каржылык көмөк көрсөтүп жаткандарды эч бир америкалык киши көчөдө жулмалабайт.

“Бул окуяны териштирүү – бийликтин иши” деп коюшат, анткени ар бир чет өлкөлүк мыйзамсыз келгин деле мээнет кылып, АКШны (же башка өнүккөн мамлекеттерди) өнүктүрүп жаткандыгын да америкалыктар же башка чет өлкөлүктөр жакшы билишет.

Санарип доорунда визасы жок жүргөндөрдү аныкташ алда канча жеңил болуп калды. Ошол эле учурда бардык келгиндерге бирдей жазалоочу мамиле кылбастан, кайра алардын арасындагы визаны узарта албай кыйналгандарга мыйзам чегинде виза алууга же виза узартууга көмөктөш болуу абзел.

Балким, учурунда визаны узартпай коюу – өзүбүздүн эле эскиден калган бюрократтык ыкшоолугубузга байланыштуу мүчүлүштүгүбүздүн мөмөсү болуп саналбасын?

Жарандарыбыз үчүн калайыкты заманбап тейлөө борборлору уюштурулуп жатат, бул – жакшы. Ал эми чет өлкөлүктөрдү каттоону жана алардын визасын узартууну да ошондой ыкчам тейлей баштадыкпы?

Дегиңкиси, карапайым кишилердин кайсы бир тентек тобунун “мыйзамсыз жүргөн” делген келгиндерди өз бетинче жазалоосуна жол коюу – тийешелүү өлкөнүн тартип сактоо бийликтеринин мажүрөөлүгү гана болуп саналбастан, жалпы эгемен мамлекеттин кадыр-баркын эл аралык деңгээлде көз көрүнөө тепселөө көрүнүшү да болуп саналат.

Мусулмандык Ооганстанда террорчу чала сабаттардын жана бир гана динди жактаган динчил түркөйлөрдүн айынан чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдарда иштегендер жана алардын үй-бүлөлөрү атайын заманбап коргонго айланган конуштарда жашап жана иштеп жатышкандыгы, миллиондогон ооган жарандарынын бул өлкөдөн бозгунга качып чыккандыгы – бул ооган элинин бүгүнкү оор трагедиясы. Байкасак, бул – мүлдө адамзаттын да орток мүшкүлү.

Архив. Кабул, Ооганстан. 01.8.2016.
Архив. Талиптер чет өлкөлүк кызматкерлер турган конок үйүнүн жанында унаа жардырган учур. Кабул, Ооганстан. 01.8.2016.

Ылайым ооган эли өз жарандары дагы, келгиндер дагы ээн-эркин жашаган бакыбат турмушка кайтып келишсин! Ылайым Ооганстандагы келгиндер Кабулдун бир бучкагында “Асман конушунда” гана тынч жашап чектелбеген заманга тезирээк жетишсин!

XXI кылым – дүйнө жүзүндө миллиарддаган мигранттардын эркин жана бакыбат жашоосунун доору болууга тийиш.

Биз бул кылымдан орто кылымдарга мамлекетибиз менен чогуу көчүп кете албайбыз.

Демек, азыркы корообуздагы кылымдагы замана талабына ылайык өзүбүзгө да, келгиндерге да бакыбат жана тынч жашоо үчүн шарт жаратууга жана бул жаатта алдыңкы өлкөлөр менен теңтайлашууга тийишпиз.

Албетте, Бишкектеги жогорудагы чатакты дароо баса албаган тартип сактоо жана коопсуздукту камсыздоо мекемелеринин мажүрөөлүгү да кейитти. Демек, алар да ыкчам аракет кылуу механизми жаатын реформалашы зарыл тура.

Бул коопсуз шартты жаратуу – мамлекеттик бийликтердин гана эмес, ар бир жарандын милдети.

Жарандык коомубуз келгиндерге карата сабырсыз мамиле кылган ар кандай эссиздерди тизгиндөөдө бийликтерге тилектеш болууга тийиш.

“Манас” эпосундагы ички душмандар – Абыке жана Көбөштөр – сабатсыздыктын, түркөйлүктүн өрнөктөрү, мамлекеттин болочогуна балта чапкан эссиздер катары эл тарабынан жектелишкен.

Кыргызстандын эгемендигинин жана бакыбаттыгынын ички душмандарынын азыркы жоругу мамлекетибиздин эгемендигине каршы кылмыш катары адеп-ахлактык жактан терең айыпталууга тийиш жана бул жосунсуз ишке баргандар мыйзам түрүндө жазасын алууга тийиш.

Өзүнчө бир коопсуз асман конушун же Асман шаарын гана түзбөстөн, жалпы өлкөбүздү көп этностуу жарандарыбыз жана келгин замандаштарыбыз коопсуз жашай алчу заманбап мамлекетке (демек, аны “бул дүйнөдөгү бейиш жай” деп атагандай бакыбат журтка) чындап айлантышыбыз зарыл. Бул – колдон келчү эле иш.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG