Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:43

Дрон соккусунан Украинада эки киши каза тапты, Орусияда мунай заводунда жарылуу болду


Орусия. Чабуулдан кийин өрт тутанган мунай ишканасы. Архив сүрөт.
Орусия. Чабуулдан кийин өрт тутанган мунай ишканасы. Архив сүрөт.

11-октябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагын 78 согуштук дрон менен аткылаганын, анын 54ү жок кылынганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди.

Днепропетров облусунун Никопол шаарында бир киши каза тапты, бир нече жергиликтүу тургун жараат алды.

Чернигов облусунда жума күнкү соккудан жергиликтүү энергетикалык ишкананын кызматкери каза болгону, андан тышкары бир нече киши жараат алганы кабарланды. Ишемби күнү ушул эле облуста ишканалардын биринин имараты зыян тартты.

Одесса облусунда 11-октябрда Орусиянын чабуулдарынан кийин 44 калктуу пункт электр жарыгысыз калган. Кечке чейин 290 миң үй-бүлө жарык менен камсыз болгону, дагы 300 миңдейи электрсиз отурганы маалымдалды.

Дрон чабуулуна кабылганын Орусия да билдирүүдө. Волгоград облусунун жетекчилигинин маалыматына караганда, 11-октябрга караган түнү Украина учкучсуз учактар менен жапырт чабуул койду, натыйжада көп кабаттуу үйлөрдүн үчөөндө, мектепте жана бала бакчада терезелер талкаланды, бир киши жараат алды.

Уфа шаарында мунай иштетүүчү "Башнефть-УНПЗ" заводу бутага алынганын "РБК-Украина", "Суспильне" жана "Украинская правда" украин атайын кызматындагы булактарына таянып жазышты. Заводдо жарылуу болгону маалымдалып, үстүн кара түтүн каптаган сүрөттөр социалдык түйүндөргө жарыяланды. Ушул эле ишкана бир ай мурда да чабуулга кабылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги 11-октябрда эртең менен жарыялаган маалыматында Украина учурган 42 согуштук дрон Волгоград, Ростов, Ульяновск, Воронеж, Башкырстан, Саратов аймактарында жок кылынганын билдирди. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG