Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Пакистандык жарандар Кыргызстандан чыгып кетүүдө


Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви Кыргызстандан учуп барган студенттерди Лахор аэропортунда тосуп алууда, 18-май, 2024-жыл (видеодон алынган кадр)
Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви Кыргызстандан учуп барган студенттерди Лахор аэропортунда тосуп алууда, 18-май, 2024-жыл (видеодон алынган кадр)

18-майдын кечинде Пакистандын 180 жаранын салып Бишкектен чыккан учак Лахор шаарына жетти. Алардын арасында башаламандыкта жараат алгандар да бар. Пакистандын Бишкектеги элчилиги тополоңдо 14 жараны жабыркаганын билдирди.

Ооруканадагы чет элдиктердин абалы

Бишкекте 18-майга караган түнкү тополоңдо жараат алган үч чет өлкөлүк жарандын абалы туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Алардын экөө Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында, бирөө Улуттук госпиталдын жаак-бет бөлүмүндө дарыланууда. Жаагынан жаарат алган жаранга 18-майда операция жасалган.

Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги 18-майдын түнү алты пакистандык ооруканада экенин, тополоңдо жалпы 14 жараны жабыркаганын кабарлаган.

"Азаттык" окуя болгон күнү Бишкектеги менчик "АзМи" клиникасына үч чет элдик жаран жеңил жараат менен кайрылганын, алгачкы медициналык жардам алгандан кийин баары чыгып кеткенин 19-майда тактады. Клиниканын кызматкери ал жерде жаткырып дарылай турган стационар жок экенин билдирди.

Чартердик каттам уюштурулду

Кыргызстанда окуган пакистандык студенттерди мекенине алып кетүү үчүн чартердик каттам дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Пакистандын Бишкектеги элчилигинин кызматкери ырастады. Анын айтымында, 19-20-21-майда бирден каттам уюштурулган.

“Алардын көбү Кыргызстанга кайтып келет деп ойлойм. Бул алардын коопсуздугу үчүн убактылуу гана чара”, - деди элчиликтин кызматкери.

Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде окуган пакистандык бир катар студенттер 19-майда Пакистанга кете турганын, бул үчүн чартердик каттам уюштурулганын “Азаттыктын” кабарчысына билдиришкен. Бул маалыматты алардын окутуучулары да ырасташкан.

Royal Metropolitan University окуу жайынын окутуучулары да өлкөсүнө кетип жаткан пакистандыктар бар экенин “Азаттыкка” маалымдашты.

Ишембиде Пакистандын 180 жаранын салып, Бишкектен чыккан учак Лахор шаарына конду. Пакистандын Жарандык авиация агенттиги алардын ичинде 140 студент, калганы Кыргызстанда жашап, иштеп жүргөн пакистандыктар экенин билдирди. Келгендердин арасында 18-майга оогон түнү Бишкектеги башаламандыкта жараат алгандары да бар.

Исламабаддын мамлекеттик PTV телеканалы келген жарандарды Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви тосуп алганын көрсөттү. Ал 19-майдан баштап Кыргызстандагы жарандарды алып келүү боюнча атайын каттамдар жүргүзүлөрүн айтканын жергиликтүү медиа кабарлады.

Тараптар Астанада жолукмай болду

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Пакистандын тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар 21-майда Астанада жолугат. Бул тууралуу Кыргызстандын дипломатиялык мекемеси билдирди.

Маалыматка караганда, министрдин орун басары Авазбек Атаханов менен Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгам 19-майда жолугушкан. Атаханов 18-майга караган түндөгү башаламандык жөнгө салынганын жана кырдаалды укук коргоо органдары толугу менен көзөмөлдөп, окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирген.

Тараптар эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусун 21-майда Астанада өтө турган саммиттин алкагында уюштурууну макулдашты. Бул күнү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт.

Бүгүн, 19-майда Кулубаев менен Дар телефон аркылуу сүйлөшөрү маалым болду.

Буга чейин пакистан тышкы иштер министри Дар жекшембиде Бишкекке келери маалымдалган. Сапар токтотулуп, тараптар Астанада жолукмай болгон.

Бишкек өлкөдөн кетип жаткан пакистандыктар тууралуу кеңири маалымат бере элек.

Пакистандык студенттер "жашыл коридор" сурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:08 0:00

Бишкектеги Ала-Тоо эл аралык университетинин медицина факультетинин 5-курсунун студенти Самиулла Куреши чет элдик студенттер өз мекенине чыгып кетүү үчүн кыргыз бийлигинен "жашыл коридор" сурап жатканын кабарлады:

"Ушул тапта чет элдик студенттердин Пакистанга, Индияга жана башка өз өлкөлөрүнө кетүү ниети бар. Алар Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлигинен, Тышкы иштер министрлигинен "жашыл коридор" ачып берүүнү суранууда. Анткени көпчүлүк студенттердин, иштеген пакистандыктардын виза маселелери бар. Алардын мөөнөтү өтүп кеткен. Андыктан пакистан жамаатынын атынан ар ким өз мекенине аман-эсен жетип алуусу үчүн кыргыз бийлигинен "жашыл коридор" ачып берүүнү суранабыз. Көпчүлүк студенттер Пакистанга үчүнчү өлкө аркылуу кеткендиктен, оболу алардын виза маселесин чечүү керек. Кыргыз өкмөтү мына ушул көйгөйгө көңүл буруп, анын чечүүгө жардамдашат деп ойлойм".

Бишкектеги Royal Metropolitan University чукул кетип жаткан чет элдик студенттер бар экенин ырастады. Бул окуу жайдын ректору Гүлбара Кулушева студенттер дагы деле "дүрбөлөңгө түшүп" жатканын айтты.

"Кечээтен бери баары менен үзгүлтүксүз байланыштабыз. Алтургай студенттердин кайсы бир бөлүгүнүн өлкөдөн чыгып кетүү ниети бар. Аэропортко жеткирип койгула деп суранып жатышат. Бүгүн эле 10дой студент өлкөдөн кетип, үйлөрүнө кайтты. Эртең дагы аэропортко жеткирип, жардам бергиле деп сурангандар бар. Биздин окутуучулар, кызматкерлер аларды аэропортко узатып барып жатат".

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен окуу бир апта онлайн режимге өттү.

Royal Metropolitan University деп аталган окуу жайда негизинен дарылоо жана стоматология багыты боюнча медицина тармагында билим алган 700дөй студент бар. Алардын 90% көбү Пакистандын жарандары. Ошондой эле окуу жайда Индиядан, Египеттен келген студенттер билим алат.

Университеттин окутуучулары чет элдик студенттерге жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди.

"Биринчиден, биз университетте жана студенттер жашаган хостелдерде күндөлүк тапшырмаларды аныктадык. Жаңы эле кесиптештер менен чогуу биздин хостелге барып, тегерек-четин карап, жеринен кырдаалды көзөмөлдөп келдик. Күндүз болсо биздин окутуучулар студенттерибиз жашаган шаардын ар кайсы жерине барып, алардын муктаждыктарын угуп, кем-карчысын толуктап беришти. Окутуучулар тамак-аш жана башка керектүү заттарды сатып алып, жеткирип беришти", - окутуучулардын бири Нурбек Кулданбаев.

Университеттин жетекчилиги "Азаттыктын" журналисттерине коопсуздуктан улам студенттер менен сүйлөшүүгө уруксат берген жок.

Бирок буга чейин Пакистан, Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдөн келген студенттер коопсуздугу үчүн кабатырланып турушканын айтышкан.

Бишкек: Чет элдиктер зордук-зомбулукка кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

Исламбаддагы акция

Пакистандын бир катар маалымат каражаттары 18-майда Кыргызстандын Исламабаддагы элчилигинин алдында нааразылык акциясы өткөнүн кабарлады.

Акциянын катышуучулары Бишкектеги тополоңдо пакистандык студенттерге зордук-зомбулукка кабылганы тууралуу кабарлардан улам тынчсыздануу билдиришти. Дипломатиялык мекеменин алдына “Жамаат-и-Ислами” партиясынын өкүлдөрү да чыкканын Aaj News агенттиги жазды. Маалыматка караганда, митинг маалында элчиликтин алдында полиция кызматкерлери көбөйүп, имаратты тикенек зым менен курчап чыгышты.

Митингге чыккандар полиция аркылуу элчиликке талаптары жазылган кат тапшыргандан кийин таркашты. Алар талаптары аткарылбаса кайра чогуларын эскертишти. Кандай талаптар экени так айтылган жок.

Маалыматты “Жамаат-и-Ислами” партиясынын лидери Хафиз Наимур Рехман да ырастап, Кыргызстандагы пакистандык студенттер кабылган кысымды айыптады.

Расмий Бишкек азырынча бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Бишкектеги чет элдиктер: "Биз чындап коркуп калдык"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф соңку окуяга байланыштуу жасаган билдирүүдө Исламабад Кыргызстандан дароо кетүүнү каалаган пакистандык жарандарга жардам берерин айтты. Өкмөт башчы окуяга тынчсызданганын Х социалдык тармагындагы баракчасына жазды:

“Бишкектеги пакистандык студенттердин абалы терең тынчсыздандырууда. Пакистандын элчисине аларга бардык зарыл жардамды берүүнү тапшырдым. Менин администрациям дагы элчилик менен такай байланышып турат жана кырдаалга байкоо салат”.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Бишкектеги элчиликтин кенешчиси Марван Алекс Айяш Эл аралык медицина университетинин жатаканасында жашаган пакистандык студенттер менен жолукканын билдирди.

Ага чейин Бишкектеги элчи Хасан Али Зайгам Улуттук госпиталга барып, жараат алган пакистандык жарандан кабар алганы маалымдалган.

Ушул эле күнү Кыргызстандын Пакистандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Мелис Молдалиев Тышкы иштер министрлигине чакырылганы расмий кабарланган. Исламабаддын маалыматына ылайык, Молдалиевге Кыргызстанда окуган студенттер кабылган окуя боюнча Пакистан өкмөтүнүн камтамачылыгы айтылды.

Чет өлкөлөрдүн элчиликтери өз жарандарын сак болууга чакырды

Бир катар чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтери өз жарандарын сак болууга чакырды.

Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги жарандарына жергиликтүү жаңылыктарга көз салып, киши көп чогулган жерлерге барбай, документтерин жанында алып жүрүүнү эскертти.

Ушундай эле маанидеги билдирүүнү Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги таратты. Дипломатиялык мекеменин Фейсбуктагы баракчасында “Кыргызстанда билим алып аткан студенттерибизге жана жарандарыбызга өз коопсуздуктары үчүн айрыкча кечинде оюн-зоок жайларына барбоону сунуштайбыз”, - деген пост жайгаштырылды.

Буга чейин Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар Бишкектеги кырдаалга көз салып жатканын Твиттерге жазып, студенттерин элчилик менен байланышта болууга чакырган.

“Бишкектеги индиялык студенттерге байланыштуу кырдаалга көз салып жатам. Абал тынч эмес экени кабарланууда”, - деп жазды министр.

Ал арада Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстандан коңшу Казакстан тарапка пакистандык студенттер тобу жапырт өтүп жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын маалымдады.

Бул тууралуу мекеме 18-майда билдирүү таратып, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын “Бишкектеги түнкү тополоңдон кийин чет элдик студенттер качып жатканы" тууралуу жазганын төгүндөдү.

“Казак-кыргыз мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Казакстандын жана Кыргызстандын чек арачылары Бишкек шаарындагы соңку кырдаал боюнча үзгүлтүксүз түрдө маалымат алмашып жатышат”, – деп айтылат коңшу өлкөнүн атайын кызматынын маалыматында.

Бишкектеги башаламандык эмнеден башталды?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:24 0:00

18-майга караган түнү Бишкекте болгон башаламандыкта жалпысынан 29 киши жабыркаганын кыргыз өкмөтү билдирди. Маалыматка караганда, кайрылгандардын көбү ооруканага жаткан эмес.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам мушташкан видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Мындан кийин Бишкек шаарынын көчөлөрүндө ондогон жарандар топтолуп, башаламандыктар менен коштолгон.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майга караган түнү Бишкекте катталган тополоңдун жана анын чыгышына себеп болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, иштин деталдары тууралуу расмий маалымат тараткан. Мекеме түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук тарап кетишкенин билдирген.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган жергиликтүү төрт адамдын экөө аныкталды. Милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иштерди алып барууда.

Баш калаанын милициясы атайын буйрук чыкканга чейин күн сайын саат 19.00дөн тартып күчөтүлгөн режимде иштей турган болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG