Пакистан менен Ооганстандын чек арасындагы беш райондо эки тараптын күчтөрүнүн ортосунда айыгышкан атышуу болуп, бир нече жоокер өлдү. Бул тууралуу “Азаттыктын” Пакистан кызматы – “Машал” радиосу маалымдады.
Радионун Пакистандын күч кызматтарындагы булактары ырастагандай, 12-октябрдын таңына карата пакистандык үч жоокер жана бир жайкын тургун мерт болуп, беш киши жаракат алды. Пакистан тараптагы айрым тургундар чек арадан оолактап, коопсуз жактарга жер которуп жатканы кабарланды.
Ооганстан тараптагы жоготуулар жөнүндө маалымат жок. Бул өлкөдө “Талибандын” бир нече чек ара бекети жок кылынганы кабарланды.
Dawn News сайты кабарлагандай, Пакистан жапырт аткылоочу артиллерияны, танктарды, жеңил жана оор куралдарды пайдаланууда.
Ооганстанды башкарып жаткан “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Дюранд линиясынын тегерегинде Пакистандын күчтөрүнүн базаларына каршы жооп катары ок чыгарышканын ырастады. Алар Пакистан тарап Ооганстандын аба мейкиндигин мыйзамсыз бир нече ирет бузууга айыптоодо.
"Дюранд линиясы" деген аталыш менен белгилүү болгон ооган-пакистан чек арасынын узундугу 2600 чакырым. Ал Индия менен Пакистанды Англия башкарып турган маалда, 1893-жылы сызылган. Англис-ооган согушунун жыйынтыгында Ооганстандын эмири Абдур-Рахман менен Индиянын колониалдык администрациясынын башчысы Мортимер Дюранд чек араны сызуу жөнүндө келишимге кол коюшкан.
Пакистан чек ара сызыгы легитимдүү бөлүнгөн деп эсептесе, Ооганстан анын мыйзамдуулугун тааный элек. Чек арада жаңжалдар улам-улам катталып, ал куралдуу кагылышка чейин алып келип турат.
Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайрадан өз колуна алган. (ErN)
Шерине