Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

Орток түрк алфавити: Маданий биримдикпи же геосаясий кадамбы?


Түрк тилдүү мамлекеттердин уюмуна мүчө айрым өлкөлөрдүн президенттери.
Түрк тилдүү мамлекеттердин уюмуна мүчө айрым өлкөлөрдүн президенттери.

Бирдиктүү түрк алфавитин түзүү демилгеси тил, маданият жана геосаясат кесилишкен чекитте турат. Эгер ал ишке ашса, айрым мамлекеттер үчүн Кремлдин таасиринен чыгуудагы символдук кадам катары бааланууда.

34 тамгадан турган, латын тамгаларына негизделген алфавиттин концепциясы бир жыл мурун кабыл алынган. Бирок аны Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр расмий тастыктай элек. Ал тапта Анкара жаңы ариптер менен китеп басып чыгарууда.

Бирдиктүү алфавит идеясы канчалык маанилүү жана ал кандай тоскоолдуктарга дуушар болушу мүмкүн?

"Бул биринчи аракет эмес"

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жалпы түрк ариби маселесин Азербайжанда өткөн саммитте кайрадан күн тартибине алып чыкты. 7-октябрда Габала шаарындагы жыйында ал Анкара бул демилгеде лидер экенин белгиледи.

Түркиялык басылмалар Эрдоган саммитке катышкан башка өлкөлөрдүн лидерлерине кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун орток түрк арибинде басылган китебин белек кылганын жазышты.

“Жасалма интеллект тармагындагы дүйнөлүк жетишкендиктерден артта калбоо жана биздин маданий байлыгыбызды сактап калуу үчүн түрк тилдерине арналган ири тил моделин иштеп чыгуу боюнча иштерди ыкчамдатуу зарыл” - деген ал.

Сентябрдын аягында Анкара шаарында Айтматовдун “Жамила” повести орток түрк арибинде басылып чыгып, тааныштырылган.

Эрдоган 2024-жылы да Бишкекте өткөн саммитте бул маселеге көңүл буруп, процессти тездетүүгө чакырган.

Ташкенттик талдоочу, билим берүү боюнча эксперт Камил Жалилов мында саясий кызыкчылыктар роль ойноп жатканын айтат:

"Бул аракет Түркиянын жетекчилигинде ишке ашып жатканы көрүнүп турат. Түркия башка түрк элдерин өз бийлиги астында бириктирип, өзүнүн таасирин көрсөтүүгө умтулуп жаткансыйт. Мен бул жерде илимий максатты гана эмес, саясий кызыкчылыкты көбүрөөк көрүп жатам".

Ал эми бишкектик тарыхчы Чоробек Сааданбек бул идеяны ишке ашыруу зарыл деп эсептейт:

“Бул биринчи аракет эмес. 100 жыл мурда Түркияда башталган латын алфавитине өтүү процессинде Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу түрк элдери да латынга өткөн, кийин СССР учурунда алардын алфавити кириллге алмашкан. Жакын тилдер катары бирдиктүү алиппеге өтүү - максатка ылайыктуу. Мындан тышкары, дүйнөдө ири блоктор биригип жаткан учурда түрк тилдүү элдер экономикалык кызматташтыкты күчөтүү үчүн жалпы алфавитке өтүшү туура багыт болот”.

Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Самарканддагы саммитинде тартылган сүрөт. 2022-жыл.
Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Самарканддагы саммитинде тартылган сүрөт. 2022-жыл.

Алфавиттеги саясат. Өзбекстандын "катасы"

Түрк тилдүү өлкөлөр тарыхта ар кандай жазууларды колдонгон: араб, кирилл жана латын. Түркия 1928-жылы латынга өтүп, бул улуттук модернизациянын символу болгон. СССРден бөлүнүп, эгемендик алган Азербайжан жана Түркмөнстан да 1990-жылдардын башында ушул жолду тандаган.

Өзбекстанда 1993-жылы латынга өтүү чечими кабыл алынган, бирок азыркыга чейин ал кирилл менен параллел колдонулат. Эксперт Жалилов бул жагдай билим берүү жана медиа тармагында татаалдыктарды жаратып жатканын айтат:

Камил Жалилов
Камил Жалилов

“Акыркы жылдары азыркы латын алиппесин өзгөртүү жана реформалоо тууралуу ар кандай пикирлер айтылып келет. Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин алдында атайын комиссия иштеп, сунуштарын берген. Бирок бул демилгелер сөз боюнча калып кетти. Эгер жалпы түрк ариби кабыл алынса, Өзбекстанда үч түрдүү алфавит - кирилл, азыркы латын жана түрк алиппеси параллел колдонулушу мүмкүн. Андай болсо чоң башаламандык жаралышы ыктымал”.

Казакстанда 2017-жылы латынга өтүү чечими кабыл алынган, бирок иш жүзүндө кириллден толук баш тартуу али боло элек. Байкоочулар Астанада саясий эрк бар экенин, бирок коомчулук ага толук даяр эместигин белгилешет.

Кыргызстан болсо Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө республикалар арасында кирилл алфавитин колдонуп жаткан жалгыз өлкө.

2023-жылдын жазында Мамлекеттик тил комиссиясынын ошол кездеги төрагасы Каныбек Осмоналиев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып латын арибине өтүүгө даярдык бар экенин айткан. Андан кийин президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерди тил саясаты, тагыраак айтканда, кыргыз тилин латын арибине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырган.

Ошол жылы Кыргызстанда Мамлекеттик тил тууралуу мыйзам кабыл алынып, анда кыргыз тилинин макамы жана мааниси өзгөчө белгиленген. Бирок бул мыйзамды Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сындап, "Бишкекте орус тили басмырланып жатат" деген пикир айтылган.

Ал эми Орусиянын курамындагы республикаларда жашаган түрк тилдүү элдер - татар, башкыр, карачай, хакас жана башкалар мамлекеттик саясаттан улам кириллден баш тарта албайт.

Чоробек Сааданбек
Чоробек Сааданбек

“Эгер маселе келечек көз карашынан каралса, жалпы түрк арибине өтүү туура багыт болот. Жаштар кирилл тамгаларын үйрөнбөй чоңоюшат. Латын алфавитин колдонгон өлкөлөр көп жана дүйнөдөгү дээрлик бардык терминдер дал ушул жазуу менен берилет. Бул жагынан Орусиянын тынчсыздануусу негиздүү. Бирок азыркы учурда орус өкмөтү Украинадагы согуштун айынан оңой чечиле бербеген татаал маселеге туш болуп жатканы айкын. Эми абал мурдагыдай болбойт. Түрк тилдүү мамлекеттер арасында Түркиянын таасири өсүп жатат, Азербайжандын Кавказдагы таасири да күчөп барат. Ошондуктан, менин оюмча, Орусиянын таасири азайып, кирилл тамгаларын колдонгондордун саны кыскарат” - дейт Чоробек Сааданбек.

Ал эми Камил Жалилов алфавитти саясий маселеге айлантпоого чакырып, Өзбекстан бир кезде ката кетиргенин белгиледи:

"Алфавитти өзгөртүү маселесин саясий эмес, илимий негизде чечүү керек. Өзбекстанда муну 1991-1992-жылдары саясий маселеге айлантып, чоң ката кетиргенбиз, ушул убакка чейин аны толук өзгөртө алган жокпуз. Өзбекстан алгач кабыл алган латын алфавити азыр сунушталып жаткан жалпы түрк алфавитине окшош болчу, бирок Каримовдун тушунда Түркия менен мамиле солгундап, тонубузду тетири кийип алдык жана азыркы вариантта кабыл алдык. "Бул алфавит компьютерде иштебейт экен" экен деген шылтоону бетке кармаганбыз".

Орток түрк алфавитинин 2024-жылы кабыл алынган долбоору.
Орток түрк алфавитинин 2024-жылы кабыл алынган долбоору.

Тыбыштарга байланыштуу татаалдыктар

2024-жылдын 9-11-сентябрында Азербайжандын борбору Баку шаарында Түрк мамлекеттер уюму түзгөн комиссиянын 3-жыйыны өтүп, окумуштуулар 34 тамгадан турган жалпы түрк алфавитинин долбоорун кабыл алышкан.

Окумуштуулар бул ариптер түрк тилдүү элдердин тилдик өзгөчөлүктөрүн чагылдырат дешсе да, айрым эксперттер фонетикалык көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин айтышат. Ошондуктан жалпы алфавит толук бирдиктүү эмес, жакындатуучу стандарт болуп калышы мүмкүн деген пикирлер бар.

“Бул маселе боюнча бир нече татаал жагдайлар бар. Эң башкысы, көйгөй тилдин табиятына байланыштуу. Түрк тилдери жалпы тамырга ээ болсо да, бири-биринен айырмаланган өз алдынча тилдер. Мисалы, өзбек тили өнүгүү процессинде адабий нормаларда сингармонизмди жоготкон, ал эми айрым диалекттерде ал сакталып калган. Бул ар бир түрк тилинин өзүнө таандык фонетикалык өзгөчөлүктөрү жана үндөр системасы бар экенин билдирет. Ошондуктан, менин оюмча, бардык түрк тилдерди камтыган бирдиктүү алиппени түзүү - татаал милдет. Ар бир тилде ошол тилге гана таандык үндөр бар, аларды толук чагылдырууга аракет кылынса, алфавит өтө татаал болуп кетиши мүмкүн”- дейт өзбекстандык эксперт Камил Жалилов.

Шерине

XS
SM
MD
LG