Чүй облусунда жашы жете элек кызга кол көтөрүүгө шектелген 31 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Мунун алдында социалдык түйүндөрдө аймактагы Садовое айылында эркек киши 14 жаштагы кызды муунтуп, кол көтөргөнү жөнүндө маалыматтар тараган.
Текшерүү маалында Москва райондук ички иштер бөлүмүнө аталган айылдын тургуну, 35 жаштагы Р.Э. аттуу аял арыз менен кайрылып, анын 2011-жылы туулган К.А. аттуу кызын белгисиз адам жыгып алып, муунтканын айтып, ага чара көрүүнү суранган. Окуя 10-октябрь күнү, кечки саат 18:00дөр чамасында болгон. Эркек киши көчөдө эч кимдин жоктугунан пайдаланып, жашы жете элек кызга кол көтөргөн.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37 жана 122-беренелеринин негизинде (Адам өлтүрүүгө аракеттенүү) кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
Ыкчам-издөө чараларынын негизинде 1994-жылы туулган, мурда соттолгон А.Р. аттуу Кыргызстандын жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
Сентябрдын аягында Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы Айсулуу Мукашева дайынсыз болуп, кийин Боом капчыгайынан сөөгү табылган. Буга байланыштуу 41 жаштагы эркек киши кармалып, камакка алынды. Бул окуяга коомчулукта чоң резонанс жаратты. (ErN)
Шерине