Өлкөдө өндүрүлгөн алтынды негизинен Улуттук банк сатып алып, чет жакка экспорттоп келген. Башкы каржы мекемеси ошол эле маалда алтындын көбүн резервинде сактоого аракет кылууда.
Алтындын кымбатташы менен саясат өзгөрбөйбү? Аны кампада сактаган жакшыбы же сатып, пайдасын көрүш керекпи? “Азаттык” ушул суроого жооп издеди.
Дүйнөлүк рыноктогу секирик
5-6-март күндөрү алтындын баасы 2150 доллардан ашып, рекорд жаратса, 21-22-март күндөрү 2200 доллардан ашып кетти. АКШдагы Нью-Йорк биржасында алтындын 1 унцийинин наркы азыр ушунун тегерегинде кармалып турат.
Блумберг басылмасы “бул олку-солкулук рыноктун катышуучуларын дүрбөлөңгө салганын жазып, баанын көтөрүлүшү соңку беш-алты аптадан бери уланып жатканын билдирди.
Pepperstone Group Ltd. брокердик компаниясынын изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси Крис Уэстон аталган басылмага берген интервьюсунда жагдайды мындайча комментарийледи:
“Кечээ биз күбө болгон жагдайлар алтын алып-саткандарга кайрадан кенен жол ачты. Алар биз байкап келаткан инфляцияга туруштук берерин, эмгек рыногундагы кырдаал аларга кедергисин тийгизбей турганын көрсөттү”, – деди эксперт.
Блумберг муну менен кошо “алтындын баасы кескин өскөндөн улам дүйнөдөгү көп өлкөлөрдүн банктары, анын ичинен Кытайдын Борбордук банкы рынокто алтынды көбүрөөк сатып ала баштаганын” белгиледи.
Басылма ошондой эле өзгөчө кытайлык керектөөчүлөр да алтын куймалардын, алтын тыйындардын жана зер буюмдардын запасын топтой баштаганын маалымдады.
"Баалуу металл соңку бир нече айдан бери 2000 долларлык чектен жогору соодаланып жатат. Рынок мындай чекке биринчи ирет пандемия курчуп турган 2020-жылы гана жеткен болчу. Кадимки акцияларга берилчү үстөк пайыз сыяктуу төлөмдөрдүн жоктугуна карабай, алтынга суроо-талап өтө жогору болуп жатканы таң калычтуу”, – деп жазат Блумберг.
The New York Times, Reuters сыяктуу америкалык басылмалар, Интерфакс, Коммерсантъ, ТАСС сыяктуу орусиялык басылмалар алтындын баасына байланыштуу окуяга көңүл буруп, баа бир сыйра көтөрүлүп, кайра турукташканын кабарлашты. Ошол эле маалда күмүш менен палладий аттуу баалуу металлдар арзандаганы белгиленди.
Кыргызстандын алтын баяны
Кыргызстандын бийлиги канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы иштеткен өлкөдөгү эң ири Кумтөр кенине 2021-жылы тышкы башкаруу киргизип, 2022-жылы аны толук өзүнө өткөрүп алган. Ошондон бери анын алтынын дүйнөлүк биржалык баанын чегинде Улуттук банк сатып алып, өз муктаждыктарына жараша чет элдик рынокко чыгарууда.
2024-жылдын башынан бери Кыргызстан чет жакка канча алтын сатканы белгисиз. Улуттук статистика комитети 2023-жылдын жыйынтыгын жарыялаган баяндамасында Бишкек былтыркы жылы чет өлкөлөргө 20 тонна 213,2 килограмм алтын сатканын билдирген.
Мунун наркы 1 млрд 284 млн 332,8 миң доллар болду. Алтындын көбү Швейцарияга кеткен. Мындан сырткары Бириккен Араб Эмираттарына, Кытайга жана Түркияга да сатылган.
Кыргызстанда алтын өндүргөн компаниялар да өз продуктусун “Кыргызалтын” компаниясы аркылуу байытып, андан ары өзү сатып турат. Бирок былтыркы экспорттун көбүн Улуттук банк чыгарганы мурдараак белгилүү болгон.
Мекеменин төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев бир аз убакыт алдын “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда буларды билдирген:
"Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, Министрлер кабинети менен Улуттук банк өлкөдө өндүрүлгөн алтынды биринчи сатып алуу укугуна ээ. Ошол эле маалда Улуттук банк алтынды кайра эл аралык базарда дүйнөлүк баа менен сатыкка да чыгара алат. 2023-жылы биз тышкы рынокто 17 тонна 65 кг алтынды 1 млрд 88 млн АКШ долларына сатканбыз. Андан түшкөн каражат Улуттук банктын эсебине жана биздин эл аралык резервдерибизге түшкөн”, – деди Кубанычбек Бөкөнтаев.
2024-жылдын январь айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык резервдери 3 млрд 313,49 млн долларды түзгөн. Резерв негизинен алтын түрүндө сакталат. Калганы кубаттуу өлкөлөрдүн валютасына айлантылып, кармалат.
Эл аралык валюталар резерви - бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык рыноктогу курсту кармоого, баалардын туруктуулугун колдоого, мамлекеттин чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин тейлөөгө жана башка максаттарга колдонулуучу мамлекеттик актив. Улуттук банк Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу кескин өзгөрүп кетсе, резервдеги каражатын рынокко сатып турат.
Февралдагы эсепте мекеменин активиндеги алтындын көлөмү 49,98 тоннаны түзгөн. Бирок мунун канчасы жөн гана запаста, канчасы резервдин курамында турганы так эмес. Кантсе да соңку бир-эки жылдан бери Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтын көбөйүп, Улуттук банктын кампасында алтын чогула баштагандан бери аны сатып, мамлекеттик муктаждык үчүн иштетүүнү чакыргандар чыккан.
Айталы, депутат Балбак Түлөбаев мунун акысына тышкы карызды төлөөнү сунуштаган. Ага жооп берген финансы министри Алмаз Бакетаев эл аралык резервдеги алтын боюнча Улуттук банк иш алып барарын, өкмөт менен башкы банктын бюджети эки башка экенин айткан.
Экономист Мейманбек Абдылдаев алтындын бир бөлүгүн сактап, бир бөлүгүн экономикага салууну жактайт:
“Негизи алтынды сактап туруу өлкөлөрдүн улуттук валютанын туруктуулугун кармап турууга өбөлгө болот. Бирок ошол эле маалда көп мамлекеттер “бизде момунча алтын бар” деп айтып коюп, иш жүзүндө анча алтынды кармабай турганы айтылып жүрөт. Белгилүү экономисттер ал тургай АКШнын да алтын запасы ошондой жасалма экенин айтып келишет. Кыргызстан да ошондой болбосо, айтылган алтын чындап сакталып турса, анда анын пайдасы бар. Бирок ошол эле маалда биздин экономика жана биздин валюта үчүн 20 тоннадай деле алтынды сактап турса жетет. Калганын экономикага киргизип, пайдалуу жана чоң-чоң иштерге жумшаса, артыкбаш болбойт. Өздөрү деле “тышкы карызды каалаган убакта төлөп коё алабыз” деп жүрүшпөйбү, ошо орчунду бөлүгүн төлөп коюшсун. Мен деле, айталы, мамлекеттик карыздын жок дегенде жарымын төлөп коюну кубаттайт элем. Болбосо экономикалык маселелерди чечип, экономикалык аракеттерге стимул берип, инфляцияны азайтып, айтор, ушуга окшогон нерселерге жумшаса болот. Улуттук ири долбоорлорго салып, жумуш орундарын түзсө да жакшы. Анүчүн так максат болуш керек. Мисалы, бийлик Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун пландап, ага Кытайдан же дагы башка жактан кайрадан карызга акча алабыз деп атышпайбы. Менимче, чогулган алтынды сатып, мына ушул долбоорго да салса болот. Бул долбоордон кийин жылына 200 млн доллар түшөт деп атышпады беле, демек, ошону менен кайра ордун толуктап коюшат. Автоунаа чыгаруучу заводдорду куруу сыяктуу олуттуу ишкердик же стратегиялык инфраструктуралык долбоорлого да жумшаса болот”.
Мурдараак Улуттук банктын жетекчилиги эл аралык алтын жана валюталык резерв өлкөнүн улуттук коопсуздугунун жана макроэкономикалык туруктуулугунун маанилүү элементи экендигин белгилеген. Мекеме резервдин көптүгү экономиканы дестабилдештирүүгө жол бербей турганын жана чет элдик түрдүү таасирлерди алдын алууга мүмкүнчүлүк берерин билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты, мурдараак Кумтөрдүн алтыны боюнча парламенттик комиссияны жетектеген Арсланбек Малиев бул жөнүндө мындай пикирин билдирди:
“Алтындын баасы эч качан түшпөйт, ал дайыма кымбаттай берет. Аны “азыр кымбаттап кетти, сата калалы же пайдасын көрө калалы” деп шашпай эле коюш керек. Баа кыска убакытка түшүшү мүмкүн, бирок кайра көтөрүлөт. Себеби дүйнөдө алтынды өндүрүү жыл сайын азайып баратат. Ошондуктан керек болгон маалда же чукул учурда сатып пайдаланса болот. Ошону менен бирге алтынды жөн эле өзүбүздө сактап жата бербей, чет элде күрөөгө коюп, насыя алып иштетсе болот. Мезгили менен насыяны төлөп беребиз, алтын да өзүбүздө калат. Тапкан акчаны кайсы иштерге саларын өкмөт өзү чечиши керек”.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы былтыр ноябрда Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна үч күндүк жумушчу сапары менен барып, Лондон металл биржасынын өкүлдөрү менен жолуккан. Жапаров жумушчу сапардын алкагында бир катар келишимдер кабыл алынганын, анын ичинен Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) биржасында кыргыз алтынын мындан ары дүйнөлүк баада сатуу жөнүндө макулдашууга жетишилгенин маалымдады. Ал ошол эле маалда Бишкектин алтыны буга чейин кандай баада сатылып келгенин тактаган жок.
LBMA биржасында ошол маалда алтындын 1 унциясынын наркы 1900-2000 АКШ долларынын тегерегинде болуп турган. Ушул күндөрү анда бул металл 2150 доллардын айланасында бааланууда.
Алтындын көлөмү
Кыргызстандын өкмөтү Кумтөрдөн алынган алтын алгач сыртка сатылбай, Кыргызстанда калып жатканын билдирип келген. 2022-жылдын ортолорунда Улуттук банк 19 тонна алтынды сыртка сатканы ачыкка чыккан. Бул коомчулукта сын-пикирлерди жаратып, президент да комментарий берген.
Кийин Улуттук банк 19 тонна алтынды 2021-жылы 1 миллиард доллардан ашык акчага сатканын, анын 700 миллиондой доллары сомдун курсун кармап туруу үчүн интервенцияга жумшаганын маалымдаган.
Улуттук банктын маалыматында айтылгандай, эки жылдан бери алтындын жалпы көлөмү 43-45 тоннанын тегерегинде кармалып келатып, акыркы эсепте 49,98 тоннага жетип отурат. Бирок ага карабай, айрымдар азырга чейин Улуттук банктын кампасындагы алтындын көлөмүнөн күмөн санап келатышат.
Экономист Сапар Орозбаков Фейсбуктагы баракчасында жазган постунда мурдараак мындай талдоосу менен бөлүшкөн:
"Эгер аларда ушунча алтын болсо, анда аны кармап отуруп, кайра башкалардан карыз сурагандын эмне кереги бар? Алар алтындын бир бөлүгүн сатып, айлыктарды жана пенсияларды көтөрсө болмок. Ошондо бийликти да сындагандар азаймак”, – деп жазган эксперт.
Улуттук банктын резервиндеги алтындын көлөмүнө байланыштуу талкуу жаралган маалда буга байланыштуу Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиясы түзүлүп, иликтөө жүргүзгөн. Алар башкы каржы көзөмөл мекемесинин кампасына кирип, алтынды көрүп, кармап, сүрөткө түшүп чыгышкан эле.
Комиссияны жетектеген депутат Арсланбек Малиевдин пикирин кайрадан сунуштайбыз:
“Биз алтынды өз көзүбүз менен көрүп чыктык. Жашыктардын баарында алтын бар дешти, биз каалаганын ачып, текшердик. Бийликчил депутаттар да, оппозициялык депутаттар да, баары көрүштү. Бардыгы кеп болуп жаткан алтын өз ордунда экенине ынанышты. Биз кирген маалда Улуттук банкта 46 тонна алтын бар экени айтылган болчу. Анын бир бөлүгү Швейцарияда болчу, калганы Кыргызстанда сакталып турган экен. Айтор, алтындын баары ордунда, коркпогула”.
Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, Кыргызстан чет жакка 2018-жылы 16,4 тонна, 2019-жылы 18,7 тонна, 2020-жылы 17,6 тонна, 2021-жылы 24,8 тонна алтын экспорттогон. 2022-жылы Бишкек сыртка болгону 290 кг алтын сатылганы баяндалат. 2023-жылкы 20 тоннадан ашкан экспорттук көрсөткүч мындан 69-70 эсеге көптүк кылып жатат.
Башка маселе - Кыргызстандын бийлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун статистикасында айырма бар. БУУнун атайын сайтында 2023-жылдын январь-декабрь айларында Швейцария, Түркия, Гонконг жана Италия Кыргызстандан жалпы көлөмү 20 тонна 616 кг алтын сатып алышканы көрсөтүлгөн. Алардын импорттук суммасы 1 млрд 321 млн доллардан ашкан.