Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Памирде тумоо күчөдү, кыргыздар жардам күтөт


Ооганстандык кыргыздар. 2017-жылы тартылган сүрөт.
Ооганстандык кыргыздар. 2017-жылы тартылган сүрөт.

Ооганстандагы эки миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алды. Тумоодон жарым айдын ичинде 20дан ашуун киши каза болгонун бул аймактан Кыргызстанга келип отурукташып калган Абдулвакил Турдакун уулу "Азаттык" менен болгон маегинде айтып берди. Азырынча Памирде тумоодон көз жумгандар тууралуу маалыматты башка көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн боло элек.

- Абдулвакил, Ооганстандын Памир аймагында сасык тумоо жүрүп жатканын, кыргыздар арасында ооругандар көп экенин, каза болгондор бар экенин айтып, бизге кайрылдыңыз. Бул маалыматты качан, кантип алдыңыз? Азыр Памирдеги соңку кырдаал кандай?

- Памирлик кыргыздар боюнча маалыматты так айтып кетейин. Азыркы учурда Памирде абал абдан оор болуп жатат. Мен азыр эле Памирдеги кыргыздардын өкүлү менен телефондон сүйлөшүп, ушул маалыматтарды алдым.

Билесиз, Ооганстанда бийлик алмашкандан бери Памирдеги эл экономикалык-финансылык жактан кыйналып жаткан. Эми ал аз келгенсип оору жүрүп жатыптыр. Кыргызстанда жүрүп жаткан "чочко тумоосу" сыяктуу оору ошол жакта да болуп жатат. Соңку 15 күн аралыгында жыйырмадан ашуун киши кайтыш болуп кетиптир. Абал өтө оор.

Памирдеги кыргыздардын аксакалы, өкүлдөрү менен сүйлөшүп, алардын өтүнүчүн, суранычын жеткирейин деп “Азаттыкка” кайрылдым.

Маектин аудиосун бул жерден угуңуз:
Турдакун уулу: Памир кыргыздары кыйналды
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:52 0:00

- Тумоо качан башталган экен? Эки Памирде тең жүрүп жатабы, же белгилүү бир бөлүгүндө элеби?

- Тумоонун башталганына бир ай болду. Негизи жалпы Ооганстанда башталган. Бадахшан облусуна каттаган памирлик кыргыздар болгон. Алар ооруп калып кайра Памирге кетишкен. Эми билесиздер да, бул вирус. Ошолор аркылуу Памирге жеткен чыгаар.

Ошентип тумоо жайылган. Кичи Памир боюнча каза болгондордун так санын билбейм. Анткени ал жак менен байланыш болгон жок. 15-16 күндүн аралыгында Чоң Памирде 20дан ашуун киши набыт болуп кетиптир.

- Алардын арасында балдар бар турбайбы?

- Алардын арасында жаш балдар да болуп жатат. Айрыкча жалаң эле жаш курактагылар, жаштар кайтыш болуп кетип жатат.

- Памир Бадахшандын борборунан алыс, дароо медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк жок. Мындай шартта памирликтер азыр кантип тумоодон дарыланып жатат? Ал жактагы боордоштор эмне дешет?

- Чоң Памирде бир бейтапкана бар. Ал жерде иштеген дарыгерлер бар. Алар Ооганстандагы “Талибан” бийлигине атайын кат жөнөтүшүптүр. “Кырдаал оор, оору күчөдү, дары-дармек калбай калды, биз да жетишпей жатабыз, дарыгер жөнөтөсүңөрбү же дары жагынан жардам бересиңерби” деп Вахан районуна кайрылышыптыр. Памир ушул районго карайт.

Тилекке каршы азыр Памирде эмес, Ооганстандын Бадахшан облусунда деле саламаттыкты сактоо тармагынын абалы жакшы эмес. Андыктан эч кандай жардам болбоптур. Дары-дармек да жок. Дарыгерлер бар. Бирок дары-дармек жок. Азыр ошол боюнча маселе болуп жатат.

- Соңку жумаларда Памирден тышкары Кыргызстанда жана бир топ өлкөлөрдө сасык тумоонун оор формасы жайылды деп кабар тарабады беле. Деги эле Памирдеги бейтаптар оорунун кандай белгилерин айтып жатышат? Бул кадимки эле вирустук тумообу же башкача бир оору жөнүндө да сөз болуп жатабы?

- Белгилери азыр Кыргызстанда болуп жаткан тумоого эле окшош. Адамдын дене табы көтөрүлүп, түшпөй, ооруп жатышыптыр. Коронавирус да болушу мүмкүн. "Чочко тумоосу" да болушу мүмкүн.

Эми диагноз чыгарган дарыгер болбогондон кийин кайсы оору экенин айтыш кыйын. Болжолдоп, акыл калчап айтсак, балким Кыргызстандагыдай тумоо да ошол жакта жүрүп жатса керек деп ойлойм.

- Ушул тапта Памирдеги боордоштор эң биринчи кандай жардамга муктаж болуп турат? Алар дары-дармектен жардам бергиле деп жатабы?

- Памирликтердин кыргыз мамлекетинен, кыргыз бийлигинен биринчи өтүнүчү – аларды Кыргызстанга көчүрүп алуу. Экинчиден, жакын арада медициналык жактан жардам берсе деген сураныч бар. Жакынкы бир ай же 15 күн аралыгында болуп калабы, аны өкмөт өзү билет. Дары-дармектен жардам болсо деп өтүнүп жатышат. Азыр ушундай эки өтүнүч бар.

Бул жакка [Кыргызстанга] келүү боюнча бир маселени айта кетейин. Жакында бул жакка келүүнү көздөгөн 20-30дан ашуун киши Чоң Памирден жана Кичи Памирден Бадахшан облусунун борбору Файзабадга барышкан экен. Бирок аларга Ооганстандын бийлиги паспорт бербей жатат.

“Талибан” бийлигинин өкүлдөрүнүн арасында “кыргыздарга өлкөдөн чыкканга уруксат бербейбиз, кыргыз улутундагыларга паспорт бербейбиз” деп айткандар бар. Алар паспорту жок, бул жакка келе албай, Бадахшан облусунда жатышат. Кыргыз бийлиги бул маселелерди өз көзөмөлүнө алса, абдан жакшы болот эле.

- Бул өтүнүчтөрдү жеткирип, өзгөчө Памирдеги тумоого байланыштуу кыргыз бийлигине кайрыла алдыңызбы? Жооп болдубу?

- Бул маселе боюнча расмий кайрылып көргөн жокмун. Буга чейин жеке өзүм памирлик кыргыздардын атынан жолугуп сүйлөшүү маселелери боюнча президенттин атына кат жибергем. Жооп болгон жок. Башкача жолдор менен кайрылып айткан жокпуз. Бирок Памирдеги кыргыздар Кыргызстандын Ооганстандагы атайын ыйгарым укуктуу элчисине кайрылган. Алар менен байланышы бар. Ошону билем.

- Жалпы эле "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган кыймыл)бийликке келгенден кийин Ооганстандагы ансыз да оор кырдаал начарлаганы белгилүү. Бул да Памирдеги кыргыздардын жашоо-турмушуна бир топ эле таасирин тийгизсе керек. Туурабы?

- Албетте, чынында таасирин тийгизди. Мурдагы бийлик кулап, “Талибан” бийликке келгенден кийин жалпы Ооганстан мамлекетинде экономикалык кыйынчылыктар болду. Эл, атайын көзөмөлдөнбөгөн алыскы райондор, айрыкча тоодо калган Памир кыргыздары кыйналды. Кыйынчылык дегенде азык-түлүк кымбаттаганын, дары-дармектин жетишсиздигин айтсак болот.

Мурда расмий бийлик болгондуктан кандайдыр бир уюмдар аркылуу дары-дармек берилип турган. Дүйнө “Талибандын” бийлигин расмий тааныбагандыктан чындыгында айрыкча памирлик кыргыздарга кыйын эле болду.

- Демек, ушул тушта Ооганстандагы талиб бийлигинен жардам болбосо, Памирдеги кыргыздар өз алдынча эле дарыланып жаткан турбайбы...

- Ооба, азыр Кабулдагы бийликтен эч кандай колдоо же көзөмөл жок. Азырынча кыргыз мамлекетинен да жардам боло элек. Памирлик кыргыздардын бир өтүнүчүн айтып кетейин. Бизге жардам катары тамак-аштын кереги жок. Азыркы учурда дары-дармек бизге эң зарыл. Ошондой эле дарыгерлер да керек.

Ушул боюнча жеке ойлорумду да айта кетейин. Жакын арада кыргыз өкмөтү “Талибан” бийлиги менен, Ооганстан менен сүйлөшүп, памирлик кыргыздарды көчүрүп келүү боюнча бир план түзсө, ошол пландын негизинде аларды көчүрүп келсе...

Ооганстанда окуган киши катары, кош жаран катары, эгер кандайдыр бир делегациялар болуп калса, памирлик кыргыздардын атынан барып сүйлөшкөнгө мен да даярмын. Маселени кабыргасынан коюп, талиб өкмөтү менен сүйлөшүш керек болуп жатат. Памирлик кыргыздарды көчүрүп келүү абдан зарыл болуп турат. Байкуштар кыйналып жатат.

- Рахмат!

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG