Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:51

Мигранттардын үнү, полис түйшүгү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын балдары медициналык камсыздандырууга муктаж.

Перизат Ыдырысова Москвада милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (ОМС) жок болгондуктан, чукул операцияга муктаж 1,5 жаштагы баласын дарылата ала албай жүргөн энелердин бири. Эгиз уулдарын үйгө таштап коюп, жолдошу экөөлөп иштеп, акча топтоого аракет кылганы менен, тапкандары дары-дармектен, анализдерден ашпайт.

"Балдарымдын бирине тез арада үч операция керек. Полиси жок ар бир операция 400 миң рублдин тегерегинде болоорун айтып жатышат. ДМС (ыктыярдуу медициналык камсыздоо күбөлүгү) алганбыз. Аны менен эч кандай жеңилдик болбойт экен, кабыл алышпайт да экен. Балам төрөлгөндө эле туубаса мандеми бар болчу. Өзү даарат кыла албайт. Алыбыздын жетишинче ооруканаларга барып, педиатр, невролог, хирургдарга көрсөттүк. Операция керек".

Айласы куруган эне «акчага полис жасатып беребиз» деген ортомчуларга ишенип, акчасын кармата коюп, ошол боюнча алар да дайынсыз кеткен.

"Баламдын видеосун көргөндөн кийин «эже, сизге сөзсүз жардам беребиз» деп айтышкан. 5 миң рубль карматкам. Ошол боюнча январда сөздөрүнөн танып кетишти. Элге кайрылып, акча сурабайбыз. Мүмкүн болсо, ошол полисти алсак эле өзүбүз эптеп кетмекпиз".

Полистин жоктугунан балдарын өз маалында дарылата албай, же бир ооруканага катталып, баланы керектүү медициналык текшерүүлөрдөн өткөрүп, анын саламаттыгын кароого чамасы жетпеген мигранттар четтен чыгат.

Айканыш Давлетбекова
Айканыш Давлетбекова

Москвада үй-бүлөсү менен жашаган Айканыш Давлетбекова ушундан улам мирганттар жеке клиникаларга кайрылууга мажбур болуп, чыгымдарды көтөрө албай жатканын айтты.

"Биз бул жакта эки балабыз менен турабыз. Жолдошум расмий иштейт, полис бар. Бирок ошону балдарыбызга колдоно албай жатабыз. Миңдеген мекендештерде да ушундай көйгөй бар. Балдар 2-3 жашка чыкканга чейин эч кандай эмдөөдөн өтпөй калууда. Ооруканага көрүнүү өзүнчө бир маселе. Ортодо ортомчулар пайда болуп, 10-15 миң рубль сурап, алданып калгандар андан көп. Евразия Экономикалык Биримдигине киргенде үй-бүлөдө бир адам расмий иштесе, башка мүчөлөрү миграциялык каттоого тура алат, медициналык жардам алса болот деп айтылган. Эмне үчүн биздин балдардын эч кандай укуктары каралган эмес? Азыр пандемия маалында өзгөчө ооруканага кайрылуу өтө оор болуп калды. Мектепте болсо эс алуу же чейрек бүтүп, балдар мектепке кайтканда улам бир медициналык маалымдама талап кылып жатышат. Москвада бир баланы ооруканага көрсөтүүгө бери дегенде 40-50 миң рубль кетет. Полис балдарга берилгенде мунун баары акысыз болмок, же жеңилдиктер берилмек".

Перизат менен Айканыш сыяктуу энелер социалдык тармактардан табышып алып, мындай көйгөйгө туш болгон Москвадагы 500дөн ашуун мигрант үй-бүлөнүн атынан каттарды топтоп, бул маселеге кыргыз бийлигинин көңүлүн бурдурууга аракет кылышууда.

"Азыр Москвадан эле социалдык тармактар аркылуу 500дөн ашуун үй-бүлө топтолдук. Ар биринде 2-3төн бала бар. Жалгыздап кайрылсак эч ким карабайт деп, биз жалпы кайрылуу жасаганы жатабыз. Бул чоң көйгөй экенин көрсөтүшүбүз керек. Башка аймактар менен байланыш жок, бирок бул маселе Орусияда жүргөн бардык үй-бүлөлөргө тиешелүү", - дейт Айканыш.

Орусияда эмгек келишиминин негизинде расмий иштеген кыргызстандыктарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси 2017-жылдан тартып бериле баштаган. Бул полис кыргызстандыкка орус ооруканаларында бир катар жеңилдиктер менен медициналык жардам алууга, дарыланууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле жарандар жеке компаниялардан ыктыярдуу медициналык камсыздоо күбөлүгүн алса болот. Бирок мындай документ туруктуу бир ооруканага катталып, узак мөөнөткө дарыланууда же операция сыяктуу атайын медициналык жардам алууда өкмөттүк жеңилдиктерди камтыбайт.

ЕАЭБдин келишиминде «мигрант жана анын үй-бүлөсү милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси менен камсыз болот» деп көрсөтүлсө да, мигранттын балдары үчүн шарттар каралган эмес. Тагыраак айтканда, чет жерде расмий иштеп, тиешелүү салыктарды төлөгөн мигрант ата-эненин медициналык полиси балдарына колдонулбайт.

Гулиза Акматсияева
Гулиза Акматсияева

Мигранттарга укуктук жардам көрсөткөн Гулиза Акматсияева бул маселе бир нече жылдан бери айтылып, бирок аны чечүүдө эч жыйынтык болбой жатканын белгилейт. Себеби ЕАЭБдин келишиминде «мигрант жана анын үй-бүлөсү медициналык камкордукка алынат» деп жумушка жарамдуу адамдар тууралуу көрсөтүлүп, балдардын саламаттыгы каралбай калган:

"ЕАЭБ келишимдеринде «эмгекке жарамдуу адамдар» деп жазылып калган. Балдар тууралуу айтылбай калган. Миграцияга адамдар балдары менен келип жатышат. Бул балалуу аялдардын эле көйгөйү болуп калды. Москванын бийлигине караштуу «Женский диалог» деген бар, балдардын укугун коргогон уюмдар бар. Биз аларга кат даярдап жатабыз. Негизи бул маселе Евразия экономикалык комиссиясында каралып, чечиле турган нерсе. Мектепке киргизгенде мигранттардын балдарынан полис сурашат, дарыланууга барышса да полис сурашат. Биз өз деңгээлибизде да тегерек үстөлдөрдү өткөрүп, мигрант аялдар менен байланышып жатабыз. Кыргыз өкмөтүнө да бир нече жылдан бери кайрылуулар жөнөтүлүп келет. Атамбаевдин учурунда, кийин Жээнбековдун маалында жөнөткөнбүз. Натыйжа жок".

Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык учурда 750 миңден ашуун кыргызстандык миграциялык каттоодо турат.

Акыркы жылдары эмгек миграциясына үй-бүлөсү менен чыккандардын агымы күчөп, мигранттар Орусияда балдарын миграциялык каттоого тургузууда, медициналык жардам алууда, бала бакчага жана мектепке берүүдө бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп келишет. Мындан улам ЕАЭБдин алкагында эмгек мигранттарын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жана медициналык жактан камсыздоо боюнча келишимдердин кайрадан каралып, алардын жүзөгө ашырылышына үмүт артышат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG