Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:02

Марипов ЕАЭБде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуш кылды


Казакстан, Алматы шаары. 5-февраль, 2021-жыл.
Казакстан, Алматы шаары. 5-февраль, 2021-жыл.

Премьер-министр Улукбек Марипов 5-февралда Алматыдагы эл аралык форумда сүйлөп жатып ЕАЭБ аймагында бирдиктүү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну сунуш кылды.

"Биримдиктин ар бир өлкөсү санариптик трансформацияда белгилүү натыйжаларга жетишти. Ага карабастан товарлардын эркин жүрүшүн, транзиттик потенциалды өнүктүрүүнү, экспортту, жарандардын эркин жүрүүсүн камсыздоо милдеттерин чечүү үчүн интеграцияны өнүктүрүүгө багытталган санариптик демилгелерди колдоо зарыл".

Улукбек Марипов Кыргызстан бизнести өнүктүрүү, санариптик технологияларды ишке киргизүү үчүн аракет көрүп жатканын белгиледи.

Премьер-министр Казакстанда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынан тышкары санариптик технологиялар тармагын өнүктүрүүнү камтыган "Almaty Digital Forum 2021" эл аралык форумуна да катышты. Бир катар мамлекеттердин премьерлери менен жолугушту.

Бул - 4-февралда кызматка бекитилген Улукбек Мариповдун премьер-министр катары чет мамлекеттеги биринчи иш сапары.

Евразия өкмөт аралык комиссиясынын отурумуна ЕАЭБге мүчө жана байкоочу мамлекеттердин премьер-министрлери катышты. Анын жыйынтыгы боюнча уюмга мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылары өз ара кызматташтык боюнча бир катар документтерге кол коюшту.

Евразия экономикалык биримдигине Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия кирет.

XS
SM
MD
LG