Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:56

Жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 17,6% кемиди


«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы компаниялардын жумушчулары. Иллюстрациялык сүрөт.
«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы компаниялардын жумушчулары. Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын тышкы жана ички соодасынын көлөмү 4,2 млрд. долларды түзүп, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,6% азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Анда айтылгандай, тогуз айдагы көрсөткүчтө негизинен импорт кемиди. Сырттан товар алуу 28,1% азайды. Ошол эле убакта экспорт 10,5% арбыды.

2020-жылдын январь-сентябрында Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 1,8 млрд. долларды түздү жана 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 12% азайды. Мунун ичинен экспорт 12%, импорт 11,9% кемиди.

Тышкы соода жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрү эки ай убакытка кечигип чыгат. Он айдын көрсөткүчтөрү кийинчерээк жарыяланат. (ErN)

XS
SM
MD
LG