Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

АКШ адам аткезчилиги боюнча жылдык отчетун жарыялады


Кыргызстандын адам соодасынын курмандыгы Абитжан , 2009-жылдагы сүрөт
Кыргызстандын адам соодасынын курмандыгы Абитжан , 2009-жылдагы сүрөт

Кошмо Штаттары адам менен соода кылууга же адам аткезчилигине каршы күрөштө айрым жылыштар бар экендигин билдирүүдө. Бирок 2010-жыл боюнча отчетто бүгүнкү замандын кулчулук маселесинде айрым кыйынчылыктар сакталып кала берип жаткандыгы айтылат.

Жаңы жарыяланган отчетто 177 өлкөдөгү мажбурлап иштетүү, сексуалдык кулчулук жана адам аткезчилигинин кесепетинен пайда болгон башка проблемалар териштирилет. АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон отчет менен Вашингтондо тааныштырды:

Отчеттогу бул эсептин артында тирүү адамдын азабы, балдарынан балким биротоло кол жууган бүлөлөрдүн көз жашы, эксплуатациянын эң кара мүртөз формаларынан жапа тарткандардын үмүтсүздүгү, кордугу турат. Бул отчет аркылуу алардын башына түшкөн мүшкүлгө көзүбүз ачылат, бул үрөй учурган кылмышты токтотуу нийетибиз бекемделет.

Отчетто өлкөлөр АКШнын Саламаттык жана Гуманитардык Кызматтар департаменти, АКШ өкмөтүнүн дагы башка кеңселери, эл аралык уюмдар жана чет элдик өкмөттөр берген маалыматтын негизинде иргелген.

Биринчи, мыктылардын тобуна адам аткезчилерин катаң жазалаган, курмандыктарды ар тараптуу коргогон, кулчулукту болтурбоо багытында активдүү иш жүргүзгөн Полша, Хорватия өңдөнгөн мамлекеттер кирет.

Тизменин этегинде тескерисинче, бул жаатта жөндүү чара көрбөгөн, аткезчилик менен күрөш боюнча америкалык минималдык стандарттарга жооп бербеген Саударабия менен Иран сыяктуу өлкөлөр бар.

Кыргызстанда көп жылыш жок, бирок «аракет» бар

Кыргызстан экинчи топко кирген. Өлкө көбүнесе адам аткезчилигинин булагы же транзиттик аймак катары кызмат өтөйт. Кыргызстандын жарандары Кытайда, Орусия менен Казакстанда бекер иштөөгө мажбурланат, кыз-келиндер Бириккен Араб Эмиратында, Казакстан, Кытай, Түштүк Корея, Греция, Кипр, Таиланд, Германия, Сирияда сексуалдык күңчүлүккө кабылганы катталган. Отчетто кыргыз өкмөтүнө «адам соодасы менен күрөштүн минималдык талаптарын аткарбайт, бирок ал талаптарды аткарууга олуттуу аракет көрүп жатат» деген баа берилген.

Ондогон өлкөдө абал начарлады

Быйыл 19 өлкөнүн рейтинги төмөндөгөн. Алардын арасында эркектерди, аялдарды жана жаш балдарды аткезчилик жолдор менен сатуунун булагы да, алар ташылган мейкиндик да, аларды кабыл алган тарап да болуп саналган Ооганстан бар.

Тажикстан менен Иранда мафиялык топтор адамды мажбурлап кайыр сураткан, аялдар сексуалдык күңчүлүккө сатылган учурлар көбөйгөн. Отчетко ылайык, кылмышкерлер тийиштүү жазасын алган эмес жана сексуалдык аткезчиликтин курмандыктарын никесиз сексуалдык байланыш, сойкулук үчүн жазалоо уланууда. Жыл сайын пахта терүүнүн мезгилинде адам аткезчилиги туу чокусуна жеткен Македония, Пакистан, Өзбекстандын да рейтинги төмөндөдү.

Адам соодасы менен күрөштүн каармандары

Бирок 22 мамлекет жылыш бар деген тизмеге кирди. Алардын арасында Босния-Герцеговина биринчи топко кирди.
Вашингтон администрациясынын адам аткезчилигин көзөмөлдөп, аны менен күрөш аракетин башкарган атайын элчи Луис Сдебаканын айтымында, бир кезде сексуалдык күңчүлүк кеңири жайылган өлкө үчүн бул чоң жылыш болуп саналат:

Босния өкмөтү тараптан биз айрыкча былтыр ачык-айрым жылышка күбө болдук. Аткезчилерди жана башка кылмышкерлерди шарттуу кесүү азайды, мурда соттолгон аткезчилерге жаза күчөтүлдү. Курмандыктарды коргоодо бейөкмөт уюмдар менен кызматташттык бекемделүүдө. Курмандыктарды аныктап, аларга жардам берүүдө алдын-ала аракеттенүү чаралары колдонулуп жатат. Акыркы он жылдагы адам аткезгилиги маселесинен караганда, асман менен жердей айырма бар. Ушундан улам Босния мыктылардын тобуна кириши керек.

Америкалык өкүл бүгүн адам аткезчилигине каршы күрөшкөн адамдардын саны көбөйгөндүгүн канааттануу менен кошумчалады. Алардын бири Өзбекстандык Наталя Абдуллаева. Бул өлкөдөн сексуалдык кулчулукка адамдар көбүнесе Казакстанга ташылат. Абдуллаева 2003-жылдан бери коңшу өлкөгө бараткан автобустардын жүргүнчүлөрүнө адам аткезчилигинин коркунучтары тууралуу баракчаларды таркатууну жолго койгон.

XS
SM
MD
LG