Кыргыздын генинде – талбас күрөштүн же кайсы бир илдеттин изи көппү? Биз ата-энебиден эмне алабыз? Эмне үчүн дарыгер-генетиктин кеңеши маанилүү? Эгер ата-энеси рак оорусунан жабыркаса балдарына да өтүшү мүмкүнбү? Генетик адис Жанар Анарбаева менен орус тилиндеги маекти сунуш кылабыз.
Кыргызстанда 12 жылдык окутууну киргизүү кайрадан күн тартибине чыкты. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев бул системаны сындап чыккан соң талаш-талкуу күчөдү.
Соңку кездери өспүрүмдөр арасындагы зомбулук, суицид, балдардын психологиялык абалы кызуу талкуу жаратты. Билим берүүнү кандай реформалоо керек, ата-энелер менен мектептин байланышы кандай? Ушул маселелерди АКШда жашап жаткан журналист, Акыйкатчынын кеңешчиси Ибраим Нуракун уулу менен талкууладык.
Жасалма интеллект жаңы глобалдык жарышты жаратты. Интеллект жагынан адамдан ашса ашып, бирок кем калышпаган америкалык чат-ботторду улай Кытай да өз программасын жарыялады.
Бишкектеги №72 орто мектептин 8-классынын окуучусунун өлүмүнө шек саналып ушул эле мектептин 9-классынын окуучусу кармалды. Өткөн аптада Оштун Кара-Суу районундагы мектепте да мушташта окуучунун өмүрү кыйылды.
Бишкектеги №72 мектептеги токмоктон каза болгону айтылган окуучунун өлүмүн шаардык милиция тергей баштады. Баланын ата-энеси кылмышты жаап-жашырууга аракеттенген деп мектептин жетекчилигин, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторду да жоопко тартууну талап кылып жатышат.
Кыргыз улуттук драма театрында үч күн катары менен режиссер Уланмырза Карыпбаевдин “Эне” спектакли коюлду. Чыгармада оорулуу эненин тагдыры менен катар үй-бүлөлүк баалуулуктардын урашы, балачакта жүрөгүнө так болуп калган психологиялык травманын салдары жана кыргыз аялдарынын оор тагдыры көтөрүлгөн.
Туура бир жыл мурун белгилүү жазуучу Мирзохалим Каримов менен коштоштук эле. Өмүрүнүн соӊку мезгилинде оор кеселге чалдыкканын укканда, “Азаттыктын” балдары жашаган жерине барып, темир кепедеги турмушун чагылдырган эле, жазуучунун акыркы сөздөрүн элге жеткирген болчу.
Дагы жүктөңүз