Бийликти сындап жазган Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев кармалып, “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлду. Жогорку сот ушул эле берене менен кине коюлган Төрөкулованы абакта калтырды. Орусиянын чабуулдарынан Днепрде кеминде төрт киши мерт болду.
АКШнын жана Орусиянын коргоо министрлери телефондон Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулады. Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо жараяны башталды. Президент Садыр Жапаров карындашы Лаззат Нургожоева үчүн коомчулуктан кечирим сурады.
Кыргызстандын футбол курамасы Оман менен тең чыгып, Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын кийинки баскычына өттү. Ошондой эле 2027-жылы боло турган Азия кубогуна жолдомо алды. Мунун менен Кыргызстан Азия чөлкөмүндөгү 18 мыкты команданын катарына кирди.
Кыргызстандын курама командасы 13-июнда Омандан кайтып келди. Кыргыз футболчулары Омандын командасы менен ойноду. Бул акыркы жыйынтык тарыхта биринчи жолу кыргыз футболчуларына дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-айлампасына өтүүгө шарт түздү.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Малайзия менен 1:1 эсебинде тең чыккандан кийин Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынан өтүшү кыйындады. Бирок алдыда дагы Оман курамасына каршы ойнойт.
Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына эки айга жетпеген убакыт калды. Ушу тапта кыргызстандык 14 спортчу Олимпиадага лицензия утса, алардын 10у балбандар. Бул өлкө тарыхындагы күрөш боюнча жолдомолордун рекорддук көрсөткүчү десек болот.
Аймагынын 90% ашуунун тоолор ээлеген Кыргызстандын өзүндө альпинизмдин абалы кандай? Бийик тоолорду, ак чокуларды багынтуу кыялы менен келгендер үчүн Кыргызстан канчалык кызыктуу өлкө? “Азаттыктын” “Данисте” берүүсү бул жолу экстремалдуу спорт саналган альпинизм тууралуу кеп кылат.
Улак тартып, биринчиликтен түшпөгөн, сууда сүзүп, алдыга атаандашын оздурбаган, футбол ойноп, мыкты оюнчу аталган спортчулардын аркасында бир гана машыктыруучу эмес, балдарына дем-күч берип турган апалар дагы бар.
Жалал-Абадда "Курманбек" стадиону реконструкциядан өттү. Стадион толугу менен эл аралык талаптарга жооп берери, ошондой эле VAR системасы орнотулганы маалым болду. Кыргыз бийлиги өлкө боюнча дагы 12 стадион оңдоп-түзөөдөн өтөрүн, инфраструктураны жакшыртуу менен футболду өнүктүрүү дымагын билдирди.
Дагы жүктөңүз