Ютадагы компаниялар Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү карап жатат. Юта штатынын Сенатынын төрагасы Стюарт Адамс «Азаттыкка» эки тараптын ортосундагы технология жана туризм тармагындагы кызматташтык, ошондой эле эки элди жакындаткан көк бөрү тууралуу айтып берди.
Орусия кара тумоону жашырабы? Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан коопсуздук чараларын күчөттү. Айсаракан Абдибаеваны мандаттан ажыратууну талап кылгандардын саны 30 миңге чукулдады. Кыргызстандын спортчулары Азия оюндарында 14 медал алды.
Жапонияда өткөн Азия оюндарында Борбор Азия өлкөлөрүнөн эң ийгиликтүү Өзбекстан болуп, жалпы медалдар көрсөткүчү боюнча алдыңкы бештикке кирди. Өзбек спортчулары 21 алтын, 27 күмүш, 24 коло медал (жалпы 70) утушкан. Ал эми Кыргызстан жалпы эсепте 26-орунда аталды.
Кыргызстандын футбол боюнча 17 жашка чейинки кыздар курама командасы CAFA U-17 Women’s Championship аталышындагы эл аралык мелдешинде алтын байгеге ээ болушту.
Казак улакчылары мыкты экенин кайра далилдеш үчүн Чолпон-Атага келсе, кыргыз көк бөрүчүлөр эки жыл мурунку финалдын адилетсиз болгонун көрсөткүсү келди. Эки команда тең күчтүү делген оюнчуларын да, мыкты аттарын да жер улакка коюшкан. Ошол үчүн күйөрмандар дагы негизги интриганы көкпардан күттү.
Эл аралык медиа Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жаңы масштаб берип, дүйнөдөгү ири спорттук жана маданий иш-чарага айлантууда деп жазды. Кыргыз бийлиги дагы “Көчмөндөр оюндары Олимпиада, футбол чемпионаттары сыяктуу дүйнө элинин кызыгуусун арттырган чоң окуя болуп баратканын” белгилейт.
Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстандын курама командасы көк бөрү боюнча финалдык беттеште казакстандык улакчыларды 12:0 эсебинде жеңип, чемпион болду. Жыйынтыктоочу оюн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү.
Орусияга учуу кооптуу болуп калдыбы? Бишкектен Москва жана Новосибирск шаарына каттаган учактар да кармалып жатканы белгилүу болду. Шаардык сот “75чилердин ишин” карап жатат.
31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө жогорку ылдамдыкта сүзгөн кайыктардын дүйнөлүк чемпионаты өтүүдө. 1-августта "суудагы Формула-1” деп атап коюшкан бул жарыштын расмий ачылышы болду.
Түндүк Американын үч өлкөсүндө өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалчылары аныктала баштады. Чемпионаттын башында эле негизги фаворит катары айтылган Англия менен Франция ишенимдүү алдыга жылууда.
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тарыхында биринчи жолу беттештер үч өлкөдө – АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жатат. Мурда 32 команда ойносо, азыр алардын саны 48 болду.
АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаары. Дүйнө чемпионатында Өзбекстандын улуттук курама командасы Португалия менен беттешип, оюн 0:5 эсебиндеги оор жеңилүү менен аяктады. Бирок бул күндүн тарыхы топ талашкан талаадагы окуялар менен гана чектелбейт.
Дагы жүктөңүз