Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

Футбол: Кыргызстан дүйнө чемпионатына чыга алабы?


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Малайзия менен 1:1 эсебинде тең чыккандан кийин Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынан өтүшү кыйындады. Бирок алдыда дагы Оман курамасына каршы ойнойт.

6-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн беттеште Гүлжигит Алыкулов 24-мүнөттө эсепти ачып, көп өтпөй "Ак шумкарлар" өз дарбазасына автогол киргизип алды.

Кыргызстандын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович бир канча оюнчуларды алмаштырып, чабуулду күчтөгөнү менен, эсеп акыр-аягына чейин өзгөргөн жок.

Футболчу Гүлжигит Алыкулов оюндан кийин “Азаттыкка” кыскача комментарий берип, беттеш тууралуу буларды айтты:

“Чындыгында оюн кыйын болду. Бирок гол киргизе албай калдык. Оман менен болор оюнда утканга аракет кылабыз”.

Тең чыгууну күйөрмандар, футбол серепчилери түрдүүчө баалап, айрымдары “Кыргызстан тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготту” десе, башкалары кыргыз футбол курамасынын кийинки баскычка өтүү шансы сакталып турганын айтышууда.

Тенгелбес Мусаев.
Тенгелбес Мусаев.

“Кыргыз курамасынын кийинки баскычка чыгуу мүмкүнчүлүгү жакшы. Себеби, Малайзия курамасына салыштырганда биздин кураманын гол айырмачылыгы жакшы. Биз 8 голго алдыдабыз. Алдыдагы Оман менен болор оюнда Кыргызстан курамасы жеңилсе деле, Малайзия Тайбейди утса деле, упайларыбыз тең болсо да, голдордун саны боюнча алдыдабыз. Албетте, биз көп гол өткөрүп утулсак, Малайзия 5 же 7 эсеп менен кытайлык Тайбеди утса, биз артта калабыз. Бирок Кыргызстан кийинки баскычка чыгат деп ишенем”, - деди спорт журналисти Теңгелбес Мусаев.

Бул беттеш 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын жана 2027-жылы боло турган Азия кубогунун тандоо оюндар алкагында болду. 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Кыргызстан D тайпасына Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен катар жайгашкан.

Ушул тапта 12 упай менен Оман биринчи, 10 упай топтогон Кыргызстан экинчи орунда келатат. Малайзияда жети упай бар. Кытай Тайбэйи бир да упай ала элек.

Кыргызстандын улуттук курамасы жыйынтыктоочу турдун алкагындагы 11-июнда Маскат шаарында Оманга каршы ойнойт. Бул оюндун жыйынтыгынан башкы машыктыруучу Штефан Тарковичтин дарамети, мындан кийин машыктыруучу катары ишин улантар-улантпасы айкын болушу мүмкүн дейт футбол баяндамачысы Бексултан Үсөналиев:

Бексултан Үсөналиев.
Бексултан Үсөналиев.

“Штефан Тарковичтин алдыга коюлган максаттары толук ишке ашкан жок. Негизи Азия Кубогунда жыйынтык көрсөтүшү керек болчу. Дүйнө чемпионатынын тандоо турунда дагы кийинки баскычка өтүш керек деген максат койгон. Ал максатка жеткенден кийин Штефан Таркович калышы керекпи же жокпу деген суроого жооп издейбиз, менимче. Бир жыл жакшы убакыт берилген. Оюн тургузулган жок. Андыктан жаны машыктыруучу издесек деле туура болчудай”.

Словакиялык адис Штефан Тарковичтин улуттук кураманы жетектегенине бир жылдан ашты. Бул аралыкта ал курама менен үч расмий мелдештерге катышты. Анын биринчи СAFA CUP, экинчиси Катарда өткөн Азия Кубогу болду.

Кыргызстандын улуттук курама командасы быйыл Катарда өткөн Азия чемпионатында начар ойноп, тайпадан чыкпай калды. Башкы машыктыруучу Штефан Таркович бул мелдешке жаш оюнчулар менен барган. Курамга тажрыйбалуу оюнчулардын бир тобу кирбей калганы футбол күйөрмандары арасында чоң талкуу жаратты.

Улуттук курама Азия Кубогунда начар ойногондон кийин Кыргыз футбол бирлигинин жетекчилиги кызматтан кеткен. Көп өтпөй президент Жапаровдун сунушу менен атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 19-февралда Кыргызстандын Футбол уюмунун кезексиз конгрессинде анын президенти болуп шайланды.

Кыргыз бийлиги футболду өнүктүрүү ниетин билдирип, бир катар чечимдерди кабыл алган. Учурда жер-жерлерде бир катар стадиондор оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылы сентябрь айында башталган, 2026-жылы март айында жыйынтыкталат.

Азиядан сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курама командасы экинчи этаптан мелдешке катышып жатат. Мында 36 курама тогуз тайпага бөлүнүп ойнойт. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG