Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жаңы дайындалган башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 23-майда Бишкекте маалымат жыйын куруп, оюнчуларды издеп жатканын билдирди. Анын штабы 33 футболчуну машыгууга чакырган. Ал азыр команданы июнда өтө турган мелдешке машыктырып жатат.
ФИФА президенти Жанни Инфонтино эки күндүк иш сапар менен 4—майда Кыргызстанга келди. Дүйнөлүк футболдун жетекчиси сапар алкагында президент Садыр Жапаров менен жолугуп, Кыргыз футбол бирлигинин жаңы административдик имаратын ачты.
Эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Тайырбек Жумашбек уулу жана Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси Калмира Билимбек кызы жана а Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Бекбоев «Азаттыкка» маек куруп, жеңиши жана алдыдагы пландары менен бөлүштү.
Балбан Айсулуу Тыныбекова Астанада өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын байге утуп, беш жолу Азия чемпиону аталган алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды.
Футбол уюмунун президенти Медер Сыдыков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын Азия Кубогуна даярдыгы, башкы машыктыруучу Александр Крестининдин кызматтан кетиши, кыргыз футболу тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Эшек минип, кадимки көк бөрүгө түшкөн жумгалдык чыт курсак балдар быйыл кышында интернетте кызуу талкууланды. Алар чоң оюндун эрежеси менен ойноп, ич ара мелдеш уюштуруп жибергенге да жетишти. Алардын ар биринин келечекте өлкөгө таанылган атактуу көкбөрүчү болсом деген кыялы бар.
Акыркы бир жылда Орусиядан Кыргызстанга келген футболчулар көбөйдү. Учурда футзал боюнча Кыргыстандын чемпионаты “Супер Лигада” орусиядан келген тогуз футболчу ойноп жатат.
Дагы жүктөңүз